Коом

Республикалык штаб: ата-энелерге психологдун кеңештери

Республикалык штаб коронавирус менен күрөшүү боюнча ата-энелерге өспүрүм балдары менен иштешүүдө психологдун кеңештерин жарыялады.

Белгилей кетсек, коронавирустан улам өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген.

Карантинге байланыштуу мектеп окуучулары үйдөн окууга аргасыз болууда. Алар убактысынын көбүн ата-эне, жакындары менен өткөрө турганы маалым.

Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине психологдон кеӊеш:

  • Балдарыӊыздын ачык-айрымдыгын баалай билиӊиз, көйгөйлөрүнө көӊүл буруӊуз;
  • Теӊ укуктуулук таризинде баарлашыӊыз, буйрук мүнөзү сизге каршы ойнойт. Сиз аларды түшүнүп жатканыӊызды көрсөтүӊүз;
  • Шылдыӊдабаӊыз, сезимдерин тамашалабаӊыз. Балдарыӊызга сый-урмат менен мамиле кылыӊыз, алар аярлуу жана ызакор экенин унутпаӊыз;
  • Кыжырданбаӊыз жана жиниӊизди келтирбеӊиз, сабырдуу болуӊуз. Сиздин орой мамилеӊиз алардын жооп кайтарышына алып келиши ыктымал;
  • Балаӊыздын кызыгуусу жөнүндө тоотпогон, таарынткан маанайдагы сөздөрдү айтпаӊыз, ал мазактаганга жатат;
  • Өспүрүмдөрдүн мамилелерин орой жана кырс түрдө эч качан үзбөш керек. Анткени алар бири-бири менен баарлашканды жаӊыдан үйрөнүп жатат, оюнда жаман нерсе жок;
  • Анын досун (курбусун) үйгө чакырып, таанышыӊыз. Бул сиздин балаӊыз ким менен сүйлөшүп жатканы жөнүндө объективдүү, ачык-айкын билинет;
  • Сиз аларга үйдөн жолугууга уруксат берсеӊиз дагы да жакшы болот. Мында алар көрүшүү үчүн ар кандай күмөн санаткан жайларды издебейт;
  • Аларга өзүӊүз биринчи сүйүүӊүз тууралуу айтып бериӊиз. Бул сизге балаӊыз менен өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшөт; 
  • Эгерде сиз өспүрүм курактагы балаңыз менен жакшы мамиле түзө алсаӊыз, анда анын жүрүм-турумун гана көзөмөлдөбөстөн жоруктарына да таасир бере аласыз;

Эсиӊизде болсун, өспүрүм көптөгөн көйгөйлөргө дуушар болгондо ата-эненин жардамына абдан муктаж болот. Ошол эле убакта өзүнүн ички дүйнөсүнө бирөөнүн «баш багуусун» каалабайт жана ал буга толук укуктуу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button