Коом
Нарын: ооруну аныктоочу көчмө лаборатория иштей баштады
Нарын шаарында коронавирус илдетин аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады
Республикалык ыкчам штабдан билдиргендей, облус аймагында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйө баштагандан улам, аталган лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылып, иштей баштады.
Учурда ал жерде 4 адис иштеп жатат, үчөө Бишкек шаарынан барган.
Бул лабораторияда күнүнө 100 ПЧР-анализ чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.