Коом

Жалал-Абадда ишкерлер медиктерге коргоочу кийимдерди беришти

Жалал-Абад облустук ооруканасына коргоочу костюмдар тапшырылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад бизнес ассоциациясы “Элим барсыңбы” коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте тапшырган жардамда 95 даана көп жолку колдонууга ылайыкташкан медициналык коргоочу костюм жана респираторлор бар.

Короновирус илдети менен күрөшүүдө медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстандагы жалпы ишкерлер ассоциациясы демилге көтөргөн. Өлкө аймагы боюнча илдет менен күрөшүп жаткан оорукана кызматкерлерине 1000 даана атайын коргоочу кийимдер алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button