Коом

Борбор калаада үч сейил бак курулуп жатат

“Шаардыктардын бош убакытта жагымдуу эс алуусу үчүн жашыл аянттарды көбөйтүү максатында, ошондой эле экологиялык абалды жакшыртуу үчүн шаарда быйылкы жылы аяктоого пландалган сейилбактардын курулуштары жүргүзүлүп жатат», — деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев.

Сейилбактардын тизмеси:

«Балалык” аталышын коюу пландалган Б.Баатыр-Токомбаев көчөлөрүндөгү жалпы аянты 10 гектарды түзгөн сейилбак. Сейилбакта 3 оргума (фонтан), беседка жана сейилдеп басуучу жалгыз аяк жолдор болот. 900дөн ашык бак-дарак жана бадалдар тигилет.

Манас-Боталиев көчөлөрүндөгү жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн сейилбак. Сейилбактын аймагында кичи-футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, скейт-сейилбак, велосипеддер үчүн рампа, көрүүчүлөр жана сүрөөчүлөр үчүн минбар, воркаут-аянтчалары болот. Балдар аймагында ойноочу аянтчалар жана чакан аттракциондор жайгаштырылат.

Борбордун түштүк бөлүгүндөгү Гейдар Алиев атындагы жалпы аянты 5,5 гектарды түзгөн сейилбак. Сейилбактын аймагында оргума, амфитеатр жана балдар аянтчалары курулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button