Коом
Бишкекте №1 тергөө абагынан вирус аныкталды
Бүгүн, 8-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу брифинг өттү.
Маалыматка ылайык, СИЗО-1де бир адам коронавирус жуктурганы аныкталган.
Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун айтат Үсөнбаев.
Эске салсак СИЗО-1 де кармалып тургандар менен чогуу мурунку мамлекеттик кызматкерлер кармалаары белгилүү.