Коом
Трамп журналисттер менен болгон кайым айтышуулардан соң пресс-конференцияны токтоткон
Ак үйдүн башчысы дүйшөмбү күнү басма сөз менен баарлашып жатып АКШ башка өлкөлөргө караганда коронавируска алда канча көбүрөөк тест өткөрүп жаткандыгын тууралуу айткан. Бирок, буга ынанбаган журналисттердин биринин: «Адамдар массалык түрдө өлүп жатышса, тест өткөрүп жатканыңызды бул жерде айтып отуруунун канчалык кажети бар?»-деген суроосу Трампка жакпай калган.
Белгилей кетчү нерсе, бул кайым айтышуудан кийинки суроолорго жооп берүүдө Трамп эмоцияга алдыра баштаган жана башка дагы бир журналист менен болгон кайым айтышуудан кийин пресс-конференцияны таштап чыгып кеткен.