Коом

Ош шаарында коомдук транспорт качан иштей турганы айтылды

Ошто шаарында коомдук транспорт качан ишке кире турганы туурасында Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев бүгүн, 16-майда маалымат жыйынында буларга токтолду.

Анын айтымында, коомдук транспорт кызматы өзүн-өзү каржылаган мекемеге кирет.

«Учурда 10 айдоочу гана милиция кызматкерлерине бөлүнүп берилген 5 автобусту тейлеп иштеп жатышат. Калган айдоочулар акысы төлөнүп берилбеген эмгек өргүүсүнө чыгышкан. Ал эми коомдук транспорттун ишке кириши же кирбеши 20-майдан кийин штабдын ишинде каралат», — деп билдирди Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button