Коом
COVID-19 вирусун дүйнө жүзү боюнча 4,7 миллион адам жуктурду
Федералдык жана жергиликтүү бийликтерден, ММК жана башка булактардан алынган маалыматтарды топтоочу америкалык Жон Хопкинс университетинин 2020-жылдын 17-майына карата берген маалыматы боюнча дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрү менен жабыркагандардын саны 4,7 миллиондон ашты.
Алынган маалыматка ылайык дүйнө жүзү боюнча COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 4 702 603 адамды түздү, анын ичинен 1,7 млн. адам бул оорудан сакайып кеткен болсо, 314 476 адам бул дүйнө менен кош айтышкан.
Эске сала кетсек, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму 11-март күнү COVID-19 коронавирустук инфекциясынын күч алуусуна байланыштуу дүйнө жүзү боюнча пандемия жарыялаган.