Коом

Бишкектен ыктыярчы медиктердин тобу аймактарга вирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн жөнөп кетти

Бишкек шаарынан 16-17-май күндөрү медициналык адистерден турган кошумча 2 бригада Нарын облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Нарын облусуна эсеп боюнча төртүнчү жана бешинчи бригада коронавирус менен күрөшүүгө жөнөтүлгөн. Ыктыярчы медициналык адистерден турган 2 бригаданын курамына эки анестезиолог-реаниматолог, акушер-гинеколог, эпидемиолог жана инфекционист кирет.

Ошондой эле бүгүн,18-майда Чаткал райондук жалпы медициналык практика борборуна акушер-гинеколог, инфекционист жана реаниматологдон турган топ жөнөтүлдү.

«Ар бир медкызматкер керектүү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалган. Ал эми аймакка баруу чыгымы, кошумча төлөмдөрү КРнын мыйзамына жана Эпидемиологиялык фонддун жардамына ылайык жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, коронавирус менен күрөшүүгө аймактарга жалпы 12 бригада жөнөтүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button