Коом

Жакшы кабар! Оренбургдан 164 кыргызстандык учуп келди

Бүгүн Россиянын Оренбург шаарынан Бишкекке 164 кыргызстандык учуп келгенин Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, мекендештер “Манас” эл аралык аба майданына Tez Jet авиакомпаниясынын Оренбург — Бишкек чартердик каттамы менен келди. 

Бардык жарандардын обсервацияга жайгаштырылары айтылды.

Бүгүн ТИМ азыркы чартердик каттамдын артынан эле жарандарыбызды мекенине кайтаруу үчүн автобустардан колонна дагы уюштуруларын кабарлаган

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 17-апрелден тарта, тагыраагы, акыркы бир айдын ичинде жалпы 17 авиарейс менен 3 500 жаран өлкөгө алып келингенин билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button