Коом

Тажикстанда Кытайлык жумушчулар митинг өткөрүштү

Тажикстандын түндүгүндө тажик-кытай тоо-кен компаниясында кытайлык жумушчулар иш таштоого чыгышты, деп жазат Азия-Плюс. Компаниянын маалыматы боюнча, митинг Кытайдан гуманитардык жардам жеткирген учактын келиши жөнүндө билгенден кийин, 20-майда башталган.

«Душанбеге гуманитардык жардам жеткирген учак менен алар мекенине кетүүнү көздөшкөн. Бирок, бул мүмкүн эмес, анткени аларды жөнөтүү үчүн Кытайдан уруксат алышыбыз керек. Бирок уруксат болгон жок. Учурда баары тартипте, жумушчулардын бардыгы иштешүүдө, жана эч кандай кыйынчылыктар жок», — деп билдирет компания. Ал эми Кытайдын Тажикстандагы элчилиги митинг тууралуу маалыматы жок экенин кабарлаган. Башка бир маалымат булактарынын билдиришинче жумушчулар 8 айдан бери берилбей келген айлык акыларын талап кылып, башкы офистин астында митинг өткөрүшкөн. Митинг болгон жерге ОМОН келип, асманга эскертүү иретинде ок атылган соң , жумушчулар тарап кетишкен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button