Коом

150 миң сом «пара алды» деп шек саналган прокурор эки айга камакка алынды

150 миң сом пара алып жатканда кармалганы айтылган Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 22-июлга чейин камакка алынды. Бул туурасында райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 24-майда чыккан. Ага ылайык, сотко чейинки өндүрүш аяктаганча шек саналып жаткан прокурор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button