Коом

Ак-Буурага барсаң сууга түшөм деп ашыкпа! ӨКМдин эскертүүсү

2-май күнү КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги эс алуу борборлорунун ээлерине жана эс алуучу жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Суу жээгинде Ош шаарынын тургундарына сууга түшүү коопсуздук эрежелерин сактоонун жана сууга уруксат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек экендиги эскертилди.

Куткаруучулардын түшүндүрүү иштерин эске албастан айрым жарандар кооптуу делген объектилерде спирт ичимдигин ичип, мас абалында сууга түшүүсүн көрүүгө болот”- деди КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын башчысы Белек Тагаев.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аталган иш-чара ӨКМ тарабынан республиканын бардык  аймактарында башталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button