Коом
Адам тууралуу кызыктуу 30 факт
- Төрөлгөндөн тартып 7 айга чейинки курактагы ымыркай балдардын тамак жутуу учурунда дем алуу процесси токтобойт.
- Адамдын баш сөөгү ар кандай өлчөмдөгү 29 сөөктөн турат.
- Мээдеги нервдик импульс саатына 274 км ылдамдыкта жылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
- Адамдын мээси бир күндө дүйнө жүзүндөгү бардык телефондор бөлүп чыгаргандан көп электр импульстарын бөлүп чыгарат.
- Орточо адамдын денесиндеги күкүрт орточо көлөмдөгү иттин денесиндеги бүргөлөрдү өлтүрүүгө жетсе, денедеги көмүртектен 900 карандаш, майдан 7 бөлүк самын жасоого болот. Ал эми денедеги суу 50 литр челекти толтурууга жетет.
- Адамдын көзү өткүчө жүрөк өзү аркылуу 182 млн. литр канды өткөрөт.
- Аялдардын жүрөгү эркектердикине караганда алда канча тез согот.
- Оң колу менен иш кылгандар сологойлорго караганда 9 жылга көбүрөөк жашашат.
- Адамдардын 2/3 бөлүгү өбүшүп жатканда баштарын оң тарабына ийишет.
- Адам көргөн түшүнүн 90%ын унутуп коёт.
- Адам организминдеги кан тамырлардын жалпы узундугу болжол менен 100 миң. км.
- Өмүрүнүн аягында адам орточо эсеп менен алганда 1500 трлн.бит маалыматты эстеп кала алат.
- Денедеги жылуулуктун 80%ы баш аркылуу чыгат.
- Бир нерседен уялып же толкундап кызарган учурларда, адам ашказаны дагы кызарат.
- Дене салмагынын 1%на тең суу корогон учурда адам чаңкай баштайт. 5% корогон учурда адам эс учун жоготсо, 10%дан ашык өлчөм адамдын өлүмү менен аяктайт.
- Жандыктардын ичинен бир гана адам баласы чалкасынан жатып уктай алат.
- 4 жашар бала орточо эсеп менен күнүнө 450 суроо берет.
- Адамдардан сырткары коала деген жаныбар гана манжа издерине ээ.
- Адам организмининин өзүн-өзү калыбына келтире албаган жападан жалгыз бөлүгү бул – тиш.
- Дүйнө жүзүндөгү адамдардын 7%ы гана сологойлор.
- Орточо жаш куракка чейин өскөн чачтын узундугу 725 километрди түзөт.
- Адам организминде жашаган бактериялардын жалпы салмагы 2кг түзөт.
- Адам баласы гана түз сызык тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
- Өмүрү өткүчө адам териси 1 000 ирет алмашылат.
- Буттун манжаларындагы тырмактарга караганда кол манжаларындагы тырмактар 4 эсе тез өсүшөт.
- Көзү көк адамдар башкаларга караганда оору сезимин катуураак кабыл алышат.
- Адам денесиндеги эң күчтүү булчуң болуп тил саналат.
- Адамдын көзү 10 млн. түрдүү түстөрдү ажыратууга жөндөмдүү.
- Ачаарчылыкка адам бир нече жума чыдаса, уйкусуз болгону 10 күн гана чыдайт.
- Орточо жаш курак — 2 475 576 000 секунд, өз өмүрү өткүчө адам орточо эсеп менен алганда 123 205 750 сөз сүйлөйт жана 4 239 жолу жыныстык катнаш жасайт.