Коом

Орусияда акыркы бир сутка ичинде 8 миң 726 жарандан вирус аныкталып, 144 киши көз жумган

Орусияда  акыркы бир сутканын ичинде 85 аймактан, коронавирус инфекциясы 8 миң 726 адамдан аныкталды. 144 адам каза болсо, 8 миң 57 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында — 1855;

Москва облусунда — 762;

Санкт-Петербург шаарында — 378;

Нижегород облусунда — 330 адам жана калгандары башка аймактардан.

Ага ылйык, Орусиянын 85 аймагынан жалпы 449 миң 834 адамдан коронавирус аныкталып, 5 миң 528 жаран көз жумса, 212 миң 680 бейтап сакайып чыккан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button