Коом
«Орто-Сай» базары 2 күнгө карантинге жабылат
Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базары 2 күнгө карантинге жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Вице-мэр Татьяна Кузнецованын токтомуна ылайык, «Орто-Сай» базары 10-июндан 13-июнга чейин убактылуу жабылды. Анда дезинфекция иштери толук жүргүзүлөт.
Эске сала кетсек, кечээ, 9-июнда «Орто-Сай» базары дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, базар убактылуу жабылары маалымдалган.