Коом

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылган атайын эсепке 17 млн сом каражат чогулду

Коронавирус илдетине байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылган атайын эсепке 17 млн сомдон ашык каражат чогулду. Бул маалыматты министрдин орун басары Ализа Солтонбекова бүгүн, 12-июнда өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде  билдирди.

Чогулган сумманын ичинен 16 млн сомдон ашык каражат муктаж жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн облустарга бөлүштүрүлгөн.
Министрдин орун басарынын айтымында, 524 645 үй-бүлөгө азык-түлүк берилген. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 64 646, демөөрчүлөрдөн 285111, ЭСӨМ депозиттик эсебинен 26616, өкмөттөн бөлүнгөн 200 млн сомдон 148 454 үй-бүлө  жардам алган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button