Саясат

Депутат А.Арапбаев:»Жаңы окуу жылы дагы онлайн форматта болот деп жатышат, силер ачык айтсаңар»

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын 16-июндагы жыйынында премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги жана өкмөттүн жаңы курамы каралып, суроолорго жооп берилди.

Анда эл өкүлү Азамат Арапбаев билим берүү тармагына көңүл бурууну суранып, төмөнкүдөй пикирин айтты:

«Балдар онлайн-окутууга өтүшкөн. Каникулда алардын эс алуусу боюнча маселени караш керек. Ысык-Көлдө сезон ачылып жатат, жайкы лагерлер бар, аларга иштөөгө уруксат берилеби? Короосу бар үйлөрдө балдар ойношот, ал эми көп кабаттуу үйлөрдөгү балдарга кыйын болуп жатат», — деди Арапбаев.

Ошондой эле ал кийинки окуу жылындагы онлайн-окутуу боюнча так маалымат берүүнү суранды.

«Жаңы окуу жылы дагы онлайн форматта болот деп жатышат, силер ачык айтсаңар», — деди Арапбаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button