Шоу-бизнес

Ырчы Аскат Мусабеков үйлөндү

Бүгүн, 25-июнь күнү  белгилүү ырчы, аткаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабековдун үйлөнүү тою өтүп жатат. Тойдо күйөө жолдоштук кызматын кылып жүргөн жакын досу элибиздин таланттуу ырчы мырзасы, маданияттын мыкты кызматкери Алтынбек Кыдыралиевге байланышканыбызда той тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

-Азыркы учурда кызды алып кетүүгө баратабыз, Аскаттын өмүрлүк жары, буюрса, кыргыз элине жакшы ырлары менен таанылып  келе жаткан, таланттуу ырчы кыз — Миргүл Асаналиева. Аскаттын  келинчеги Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынан, ал эми Аскат өзү  Ак-Моюн айылынан болот,- деп билдирди. 

Эске салсак, буга чейин  Аскат Мусабеков белгилүү кыл кыякчы Залина Касымовага үйлөнүп, турмуш  жолу болбой эки ажырым жолго түшүшкөн. Ортолорунда бир кыз, бир уулу бар.

Булак: Марал радиосу

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button