Ырчы, актриса, КРнын Ардак грамотасынын ээси Айгерим Расул кызы “Дүйнө айымы” конкурсуна катышаары lady_of_world_ инстаграм баракчасында жарыяланды. 

Эске салсак, конкурс бул жылы Орусиянын Сочи шаарында өтөт.

Кароо сынакка дүйнөнүн 12 мамлекетинен 40 айым катышып, өз мекенинин намысын коргойт.

Биз маалыматты тактоо үчүн ырчы айымга байланышка чыкканда, сынакка катышаарын тастыктап, учурда даярдыктарды көрүп жатканын билдирди