Саясат

Э.Чодуев: «Бүгүнкү күнү республика өзүн сүт, картошка жана жашылча азыктары менен толук камсыздайт»

Бүгүнкү күндө айыл чарбасынын негизги тогуз азыктарынын ичинен республика өзүн сүт, картөшкө жана жашылча азыктары менен толук камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, калган алты азыктын түрлөрү боюнча импорт аркылуу камсыздайт.«Республиканын ички рыногунун негизги азык-түлүк продукциялары менен камсыздоо импорттун эсебинен нан азыктары – 101,5 пайызды, картөшкө – 105,8 пайызды, сүт – 133,2 пайызды, эт – 61,6 пайызды, жашылча жана бахча өсүмдүктөрү – 92,9 пайызды, мөмө-жемиш – 27,1 пайызды, үй канаттуулар жумурткасы – 78,8 пайызды, кумшекер – 86,8 пайызды түзөт», деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button