Коом

23 жаштагы жигиттин мээсинен узундугу 13 сантиметр курт алынды

Кытайлык жигиттин мээсинен узундугу дээрлик 13 сантиметр болгон тирүү курт алынды. Мите жигиттин башында дээрлик 17 жыл жашаган деп жазат Daily Mail.

23 жаштагы жигит алты жашынан баштап буту-колу катып калганын айтат. Ал акыры денесинин оң жагынын жогорку бөлүгүндө сезгичтикти жоготкондо гана медициналык жардамга кайрылган.
Дарыгерлер митенин организмге кириши экзотикалык чийки эт жегенден келип чыккан деп божомолдошкон — мисалы, бака же жылан. Кытайлык адам ошондой эле, бала кезинде ата-энеси анын ден-соолугуна байланыштуу нааразычылыктарын ар дайым көңүл сыртында калтыргандыгын айтты. Ошондуктан, ал өзүнүн ыңгайсыздыгын генетикалык оорунун көрүнүшү деп эсептеп, эч качан дарыгерлерге кайрылган эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button