Коом

Алты айда Карылар үйүндөгү 19 ата-эне балдарынан алимент өндүрүп берүүнү өтүнүп кайрылды

Бул туурасында Сот депаратаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев билдирди.

Бүгүн парламентте ата-энесин карабай койгон балдарды жазалоо мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.

Ага ылайык, улгайган адамдар карылар үйүнө келгенде мекеменин директору дароо алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылат. Айыптын суммасы 100 миң сомго чейин. Мындай балдар мамлекеттик жумушка да алынбайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КеңешКылмыш-кырсык

Кыргызстанда бир жумада дээрлик 19 миң жол эрежесин бузуу катталды

25-сентябрдан 1-октябрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 18 миң 998 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 222;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 271;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 42;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 844;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2717;
— авто ээнбаштык — 5;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 5167;
— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 9727;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1270 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-сентябрга карата аба ырайы

19-сентябрда, шейшембиде, өрөөндөрдө күн күркүрөп, мезгил-мезгил менен жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым учурларда 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +18…+23, Нарын аймагында +21…+26 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн экинчи бөлүгүндө өткүн өтүшү мүмкүн. Күндүн табы +24…+26 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында күн ачык болуп, +25…+27 градус жылуу болору болжолдонду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-сентябрда Бишкектин чыгыш бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөт

19-сентябрда саат 9.00дөн 22:00гө Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Мэриянын маалыматына караганда, Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү — темир жол, ошондой эле «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» конуштарында убактылуу суу жок болот.

Ичүүчү суу «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-августка карата аба ырайы

Ишембиде күндүз бийик тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29…+34, Таласта +26…+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +25…+30 жана Нарында +27…+32 градус болот.

Термометр бул күнү Бишкекте +32…+34, Чолпон-Атада +26…+28 жана Ош шаарында +34…+36 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ошто 19 жеке медициналык борбор жабылды

Ошто медициналык кызмат көрсөткөн 19 жеке менчик мекеме жабылып, 8 ишкананын иши укук коргоо органдарына кароого жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга алардын санитардык-гигиеналык ченемдерин сактабагандыгы себеп болгон.

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров шаардык ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө жеке менчик ишканалар, анын ичинде сулуулук салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана ушул сыяктуу кан менен байланышуу аркылуу кызмат көрсөткөн ишканалар тарабынан калкка кызмат көрсөтүүдөгү мыйзам бузууларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин аткаруу маселеси каралды.

Анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга кан аркылуу жугуучу инфекциялардын АИВ, гепатиттин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-апрелге карата аба ырайы

Бүгүн күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Талас жергесинде +8…+13, ал эми Ысык-Көл чөлкөмүндө +6…+11, Нарын жергесинде +7…+12 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12…+14, Ош калаасында +17…+19 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-январга карата аба ырайы

Бейшембиде өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -3…-8, Талас облусунда -2…-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Ысык-Көл жеринде -3…+2, Нарында -11…-16 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында +2…+4 градусту көрсөтөрү айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-декабрга карата аба ырайы

Дүйшөмбүдө айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +2…+7, Таласта +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Ысык-Көл жеринде +1…+6, Нарын чөлкөмүндө -4…-9 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +8…+10 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ак-Талаанын Кызыл-Белес айылында 1,9 млн сомго ФАП курулуп, пайдаланууга берилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылында фельдшердик-акушердик пункт курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган ФАПтын башчысы Чүрөк Касымованын айтымында, ФАП эл аралык кайрымдуулук фонддордун бири жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен 1 млн 950 миң сомго курулган. ФАПтын ачылыш аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.
«Буга чейин иштеп келген имаратыбыз 1967-жылы курулган. Эскилиги жетип, иштөөгө ыңгайсыз абалда эле. Кайрымдуулук фонддордун бири тарабынан 1 млн 700 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 250 миң сом бөлүнүп, жаңы ФАП курулду. ФАП 4 бөлмөдөн турат. Ичине таза суу киргизилип, керектүү жабдыктары менен камсыздалган», — деди Ч.Касымова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Улуттук банк 19 тонна кыргыз алтынынын Швейцарияда сатылышы тууралуу айтып берди

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев «Альянс» парламенттик фракциясынын жыйынында 19 тонна кыргыз алтынынын чет өлкөдө сатылышы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2021-жылы Улуттук банк «Кыргызалтындан» 20,5 тонна алтын сатып алган.

«Бул алтын Улуттук банктын балансында болгон жана кийин анын 19 тоннасы Швейцарияга сатылган», — деди Чокоев.

Ал баалуу металлды сатуудан түшкөн 1 млрд доллар курсту кармап турууга (760 млн долларга жакын) жана тышкы карызды жабууга (250 млн доллар) жумшалганын кошумчалады. Калганы банкта сакталып турат жана КР Улуттук банкына тиешелүү.

«Алтындын сакталышын изилдей турган комиссия жакында келет жана биз аларга бул документтерди көрсөтүүгө даярбыз. Алар «Кызматтык колдонуу үчүн» макамына ээ. Барын көрсөтүп, түшүндүрүп беребиз», — деди ал.

Чокоев ошондой эле валюта курсун турукташтыруу максатында коммерциялык банктарга жана акча алмаштыруу жайларына чет өлкө валютасын сатуудан түшкөн каражаттар жөнгө салуучу органдын балансында турганын жана толук эсепке алынганын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-октябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 19-октябрда өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде жамгыр жааса, тоолуу аймактардагы жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл чөлкөмүндө +9…+14,
Талас аймагында +8…+13,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10…+15,
Нарын жергесинде +5…+10 градус болору айтылды.
Ал эми  Бишкекте +11…+13 градус болору күтүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Абанын күндүзгү температурасы

Кыргызгидромет билдиргендей, күндүз тоолуу райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +27…+32

Талас облусунда +25…+30

Баткен облусунда +27…+32

Ош, Жалал-Абад облустарында +27…+32

Ысык-Көл облусунда +21…+26

Нарын облусунда +21…+26.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз +30…+32° болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргыз Республикасынын жарандары курман болду.

Каза болгондорго терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын;

Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн;

маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 445 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 14-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 445 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 356 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 176 куб метрге жетүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

“Альянс Алтын” компаниясы ИММге 18 жаңы кызматтык унаа тапшырды

“Альянс Алтын”  компаниясы Ички иштер министрлигине  “Chevrolet Nexia” үлгүсүндөгү  унааларды тапшырды. Бул унааларды тапшыруу аземине “Альянс Алтын”  компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Ахмед Бажаевдин айтуусунда, компаниянын башкы максаттарынын  бири катары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекеттик органдарга жардам берүү эсептелет. Бул билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тутумун, андан сырткары укук коргоо органдарын колдоону түшүндүрөт.

“Бардыгыбыз-мамлекет дагы, калк дагы жана бизнес тармагы дагы Кыргызстанда ар дайым тынчтык жана тартип болуусуна кызыктар. Бул укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык камсыздалуусунан дагы көз каранды”,-деди Ахмед Бажаев.

Улан Ниязбеков  жыл ичинде өлкөбүздүн аймагында элдин коопсуздугун камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткаруусу үчүн жылдын башынан бери 90 ашык авто-техникалык каражаттарды алынып,  жер-жердеги  ички иштер органдарына берилгенин билдирди.

“Бүгүн биз “Альянс Алтын” компаниясына колдоолору үчүн ыраазычылык билдиребиз. Анткени, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, коомчулукка  жат көрүнгөн ар түрдүү укук бузууларга бөгөт коюп, жардам сурап кайрылган жарандарга ыкчам көмөк көрсөтүү үчүн биринчи кезекте материалдык-техникалык жабдуулар болуусу зарыл экенин жакшы билесиздер.

Бүгүн өзүңүздөр күбө болгондой, бул унааларды  Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын ички иштер бөлүмдөрүнүн ишмердиктерин жакшыртууга, элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүгө карата тапшырып жатабыз.

Элдин коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга салым кошуп келе жаткан “Альянс Алтын”  компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаевге ички иштер министрлигинин жана жеке өзүмдүн атыман ыраазычылыгымды билдирем”,-деди министр Улан Ниязбеков.

Жаңы унаалар ИИМдин кызматкерлеринин ыкчамдуулугун жогорулатып, кесиптик милдеттерин аткарууга жардам берет. Жаңы унаалардын көбү аймактардагы ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилди. Алсак, Жалал-Абад ОИИБге-4, Чүй ОИИББге-4, Ысык-Көл ОИИБге-9, ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө-1.

Андан сырткары, бүгүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси рейондун аймагындагы калкты тейлөө үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына милициянын көчмө кабылдамасы катары иштей турган  “Газель” үлгүсүндөгү унааны тапшырды.

“Альянс Алтын”  компаниясы Талас облусундагы Жерүй  кенинде алтын өндүрүп иштетет. 2016-жылдан бери бул аймакты өнүктүрүү үчүн 900 миллион сом бөлүп берген.  Долбоорлордун көбү “Альянс Алтын”  ААК компаниясынын өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Таласта 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 43 жаштагы айылдашы кармалды

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 43 жаштагы айылдашы кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-августта Бакай-Ата районунун ​ Кыргызстан айылынын 2003-жылы туулган У.А.​ аттуу тургуну милицияга ушул жылдын 5-февралында ​Майрамбек аттуу киши түн ичинде үйүнөн колу-бутун кайрып унаага салып, белгисиз тарапка алып барып, унааны бекитип алып зордуктап койгондугун айтып арыз менен кайрылган.

Аталган арыздын негизинде тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Текшерүү учурунда ​арызда көрсөтүлгөн жаран ​ошол эле айылдын​ 1979-жылы туулган С.М. ​аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин ​1-бөлүмүндө (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-июлга карата аба ырайы

Бүгүн, 19-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө +32…+37,

Таласта +29…+34,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38,

Ысык-Көл аймагында +24…+29,

Нарын жергесинде +26…+31 градус ысык болот.

Борбор калаада күндүн табы +35…+37,

Ош шаарында +36…+38,

Чолпон-Атада +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 866 куб метрди түздү

Бүгүн, 27-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 866 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1023 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 403 куб метрге жетүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-майга карата аба ырайы

19-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

күндүз +21…+26

Талас облусунда

күндүз +20…+25

Баткен облусунда

күндүз +22…+27

Ош жана Жалал-Абад облустарында

күндүз +22…+27

Ысык-Көл облусунда

күндүз +15…+20

Нарын облусунда

күндүз +16…+21.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы   +24…+26 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Бишкекте унааны айдай качкан 19 жаштагы кыз кармалды

 Бишкекте унааны айдап качкан жаран аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4-майда болжол менен саат түнкү 01:30 чамасында Бишкек ШИИББине Чүй көчөсүндө жайгашкан «Глобус» соода борборунун жанында токтоп турган Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап качып кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, аны табуу иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган К.С. аттуу жаранды кармашып, Свердлов РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 19-апрелде, күндүз Баткен, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 21…26, Таласта 20…25, Ысык-Көл, Нарында күндүз 20…25 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 23…28 градуска жетет.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 22…24 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Сузакта №19 үй-бүлөлүк дарыгерлерге жаңы имарат курула баштады

Сузакта №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жаңы имарат курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, Комсомол айылындагы мекеме эки кабаттуу болуп, бардык заманбап шарттар менен камсыздалат. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, демөөрчүлөр жана айыл тургундары катышты.

Бул мекеме Кувейт мамлекетинин «Абдулла Нури» коомдук бирикмеси жана «Ассанабил» кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда.

Белгилей кетсек, Комсомол айылындагы №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жергиликтүү 11 миң 500гө жакын калкты медициналык жактан тейлеп келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Садыр Жапаров: Республика боюнча 19 спорттук объект курулду

Президент Садыр Жапаров массалык маалымат каражаттары менен болгон жыйында дене тарбия жана спорт боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

«Өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын маанилүү багыттарынын бири дене тарбия жана спортту өнүктүрүү болуп саналат. Республика боюнча 19 спорттук объект курулду.

Үстүбүздөгү жылда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дзюдо күрөшү боюнча эркектер жана аялдар арасында Азия чемпионатын, ошондой эле биринчи жолу триатлон боюнча да Азия чемпионатын өткөрдүк.

Бул иш-чара кыргыз спорту үчүн маанилүү окуя экендиги талашсыз.

Токио шаарында өткөн жайкы отуз экинчи Олимпиада оюндарында, ошондой эле Норвегияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын желегин дүйнөгө тааныткан азаматтарыбыздын ийгиликтери өлкөбүз эгемендик алгандан берки спорт тармагындагы болуп көрбөгөндөй чоң жетишкендик болду».

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Москвада 19 жаштагы кыргызстандык кыз бычакталды

Россиянын Тергөө комитети Москванын жанындагы Мытищиде Кыргызстандын жаранын өлтүрүүгө шектүүнү кармады. Бул тууралуу «Вечерний Москва» гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кылмыш 6 -августка караган түнү болгон. Айыпталуучу кызга кол салып, сумкасын тартып алууга аракет кылган.

Кыз каршылык көрсөткөндө  кол салган адам бычак алып чыгып, анын далысына тогуз жолу сайган. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Кылмышкер 46 жаштагы киши болгон, ал күнөөсүн мойнуна алган.

Кармалган адамга карата «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Басылманын маалыматы боюнча, 19 жаштагы кыргыз жараны Россияга 2020-жылы келген. Каргашалуу күнү ал англис тили курсунан чыгып үйүнө кайтып келе жаткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

АдабиятЭлектрондук китеп

Эрнис Кыязов Кытайлык 19 жаштагы кыргыз жигитинин аңгемесин аудиолоштурду

Белгилүү журналист Эрнис Кыязов  Кытайлык 19 жаштагы кыргыз жигитинин  «Тарткылык» аттуу чыгармасын аудиолоштурду. Бул тууралуу Кыязов социалдык тармактагы баракчасына жазыды. Анын айтымында, кытайлык кыргыздыр  аудио-китептерди, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын угуп жатышканын айткан.

«Багжан иничек өзү Кытайдын Текесинен болот экен. Бул 19 жаштагы жигиттин айтымында, мен аудиолоштурган  аудио-китептерди кытай кыргыздары «көптөп»  угуп жатышыптыр.. Алкышын угуп сүйүнүп калдым. Жазуучулукка шыгы бар балакай мобу мага жиберген аңгемесин 17 жашында жазыптыр. Алгачкы «Тарткылык» аттуу чыгармасы — максатына жетпей калган махабат тууралуу… Өз башынан өткөргөн окуябы, же башка досторунан уккан-көргөн тагдырбы, айтор ушу жашында сөз менен иштөө чеберчилиги мыкты экени байкалып турат. Ийгилик Багжан иним, бар бол!

Кытайлык кыргыз жигитинин «Тарткылык» аттуу аңгемесинин аудио-вариантын угуу үчүн ылдыйдагы шилтемени басып, уксаңыз болот, рахмат»,-деп жазды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Путин менен Си Цзиньпин 19-майда атомдук объектинин курулушун баштоого катышат

Россиянын Президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 19-майда биргелешкен атомдук долбоордун курулушун баштоо аземине видео байланыш аркылуу катышышат, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин.

Кремль Тяньвань атомдук электр станциясында жана Сйюдапу атомдук станциясында орусиялык долбоордогу жаңы энергоблокторду куруу жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тактады.

Москва менен Пекин атомдук өнөр жайында көптөн бери кызматташып келишет. Россиянын катышуусу менен Кытайда Тяньвань АЭСинин төрт энергоблогу жана CEFR демонстрациялык атомдук реактору курулган. Ошондой эле Тянвань АЭСинде дагы эки, Сйюдапуда дагы эки блокту куруу күтүлүүдө.

Тянвань АЭСи орус-кытай экономикалык кызматташтыгынын ири объектиси болуп саналат. Биринчи жана экинчи блоктор 2007-жылы, үчүнчү блок 2017-жылы, төртүнчү блок 2020-жылы ишке киргизилген. Азыр тараптар дагы экөөнүн курулушун баштоого даярданып жатышат. Россия аталган станциянын ядролук аралын долбоорлоо менен алектенет, ошондой эле негизги жабдууларды жеткирет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

«Кумтөр» ишке киргенден бери 19 киши каза болгон

1996-жылдан бери Кумтөр кенинде техникалык себептерден улам 19 киши каза болгон, 47 жумушчу майып болуп калган. Бул тууралуу 17-майда «Кумтөрдүн» ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын  төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, ишкананын ишмердүүлүгү учурунда 1998-жылы эң трагедиялуу болгон. Анда “Кумтөр Оперейтинг Компани” жүк ташуучу унаа кырсыкка учураган.

Натыйжада Барскоон дарыясына 1740 кг цианид төгүлгөн. Бирок андан кийин суу хлор менен дезинфекцияланган деп айтылган. Жергиликтүү тургундар хлор менен ууланган. Алардын айтымында, 2000ге жакын адам жаракат алды, 2 адам каза болду. Соттук териштирүү ушул күнгө чейин уланууда.

Жогорку Кеңеш ушул тапта «Кумтөрдүн» айланасындагы маселелерди талкуулап жатат. Анда кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия маалымат берүүдө. Бул жыйынга президент Садыр Жапаров да катышары айтылган, кийин келбей калганы белгилүү болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

№ 19 «Ак Бата» саясий партиясынын Бишкектин эмен бактарын дарылап айыктырууга мүмкүнчүлүгү жетет

Замирбек Асанбаев — «Ак Бата» саясий партиясынан Бишкек шаардык кенешине депутаттыкка талапкер, кесиби боюнча агроном. Коммуналдык чарба боюнча тажрыйбалуу адис.

— Өткөн кылымдын 1950-жылдары теректер борбор шаардын жалпы көчөлөрүнө отургузулган. Бүгүнкү күнгө чейин ошол теректер өсүп турат. Шаарда, калк көп жашаган аймактарда теректер 15 жылдан кийин башка бактарга алмаштырылууга тийиш. Бирок Бишкек шаарында отургузулган теректер азыркы кезге чейин шаардыктарга коркунуч жараткан абалга келип калды. Биринчиден, шаардагы бардык теректерди шаардыктардын коопсуздугун сактоо үчүн кыркып салып, алардын ордуна эл баса турган, транспорт жүрө турган жолдорду кеңейтип, архитектуралык ченем менен коммуникацияларга тоскоолдук кылбай турган, кислородду көп бөлүп чыгара турган бак-дарактарды отургузуу зарыл.

— Бишкектеги эмен (дуб) бактарынын ооруганына бир топ убакыт болду. Бул боюнча эмне айтасыз?

— Бишкек шаарындагы эмендерге зыяндуу чымындар (минирующий пилийщик) зыян келтирип жатат. Бишкек мэриясы аны дарылап жатат, бирок натыйжасы жок. Эмен бактары майнаптуу дарыланбагандыктын оору күчөп, Бишкектеги бардык эмендер дартка чалдыкты. Алардын дарты Чүй өрөөнүнө да тарай баштады. Ал гана эмес, алардын дарты башка кара жыгачтарга да өтүп жатат.

Дартты өз убагында эффективдүү дары менен дарылабагандыктан оору жайылып кетти. Себеби зыяндуу чымын жалбырактын ичине кирип жеп, жалбырактын бир бети агарып, ал өспөй калууда.

Эмен өзү миң жылдап өскөн бак, аларды сактап калбасак болбойт. Мурда Алматы шаарынын эмендери да ушинтип ооруган. Алматылыктар убагында туура дарылашып, аны жок кылышкан.

Бизде жылыга эмендерди дарылаш үчүн 21, 22 млн. сом бөлүнөт. Бирок ушул сумма эффективдүү пайдаланылган жок.  Азыркы учурда ооруган эмендерди дарылоо мындан да көп каражатты талап кылат.

“Ак Бата” партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайланып келсек, эмендерди дарылап айыктырууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

 

Буюртмачы: «Ак Бата» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Абдымажимова (каттоодон өткөндүгүнө күбөлүк, No22, 22.02.2021-ж.). «Ак Бата» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөнөт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Тоң районунда зордуктоого шектелген 19 жаштагы жаран асынып алды

Тоң районунда зордуктоого шектелген 19 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайда асынып алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 29-март күнү болжол менен саат 10:00 чамасында асынган. Кызматкерлер асынган жигиттин моюнундагы жибин кесип, “Тез жардам” кызматын чакырышкан. Дарыгерлер келип, анын каза болгонун аныкташкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү башталганы айтылат.

2002-жылы туулган жаран зордуктоо фактысы менен шектүү катары кармалган. Ал январь айында Бөкөнбаев айылында 1989-жылы туулган келинди зордуктоого шектелип, 2 айга камакка алынган. Иш сотко өтүп, 25-мартта сот башталган. Анда шектүү сотко барган. Кийинки отурум 15-апрелге жылдырылгандан улам шектүү Тоң РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

УКМК: Баткен облусунда 19 тонна помидор аткезчилигине бөгөт коюлду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аткезчилик ишмердүүлүктү аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунда помидор аткезчилигине бөгөт койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылы 27-мартта “Жаңы-Жер” чек ара өткөрмөсүнүн жана УКМКнын Чек ара кызматынын Отдела оперативдик иш башкармалыгынын чек арачыларынын жардамы менен Баткен райондук сотунун санкциясына ылайык, “Шоро” май куючу жайынын кампасына тинтүү жүргүзгөн.

Тинтүүнүн жыйынтыгында, кампанын аймагынан памидор жүктөлгөн КРнын жарандары Р.С.Х. жана К.А.Р.га тиешелүү чиркегичи менен «Volvo» жана коңшу өлкөнүн жарандары А.А. жана С.М.га тиешелүү болгон «Mercedes-Atego» маркасындагы автоунаа табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, аткезчилик жүктүн жалпы салмагы 19 тоннаны түзөт.

Коңшу өлкөнүн кармалган жарандары Баткен райондук Ички иштер органынын убактылуу камак жайына киргизилди.

Кыргыз автоунаасынын айдоочуларына карата тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгында алардын иш-аракеттерине карата юридикалык баа берилет.

Иштин материалдары КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда иш боюнча фактылык жагдайларды жана ага катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

Исхак Раззаковду туугандары, маданият кызматкерлери эскеришип, эстелигине гүл чамбар коюшту

Бүгүн, 19- мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Улуттук маданий борбордун башкы директору Жумкадыр Курмангалиев жана И. Раззаковдун туугандары эскерип, бейитине гул чамбар коюуп, куран окушту.

Исхак Раззаковдун басып өткөн жолу, жетекчилик кызматта аркалап жүргөн учуру азыркы кездеги мамлекеттик жетекчилер үчүн үлгү боло тургандыгы жана анын элеси, мамлекет үчүн жасап кеткен жумушу эч качан унутулбай тургандыгын министр айтып өттү.

Исхак Раззаков – мамлекеттик ишмер, совет доорунда Кыргызстандын саясат тарыхында өчпөс из калтырган.

Советтик жана партиялык ишмер Раззаков Исхак Раззакович 1910-жылы 25-октябрда Түркестандын Хожент уездинин Бокса-Исфана волосунун Көрөсөн айылында (азыркы Лейлек району, Ош областы) шахтердун үй-бүлөөсүндө туулган.

Бала чагы аябай оор турмушта өттүү. Үч жашында энесинен, беш жашында атасынан айрылып, чоочун адамдардын арасында жалгыз калган.

1925-жылга чейин Хоженттеги балдар үйүндө тарбияланган.

Исхак Раззаков кичинесинен эле аябай акыл-эстүү болгон. 1923-жылы Ташкенттеги Намун атындагы 2-чи баскычтагы интернат-мектебине которулган.

1925-жылдан 1929-жылга чейин Ташкент шаарындагы Өзбек агартуу институтунда (педтехникум) билим алып, 1929-1931-жж. Коом таануу боюнча мугалим болгон.

1931-жылы Кржижанов атындагы Москвадагы Мампландоо институтуна окууга жиберилген. Институтту экономист-пландоо адистиги боюнча аяктагап, отун ресурстарын рационалдуу пайдалануу темасы боюнча дипломун жактаган. Бүтүрүүчү ишинин теориялык тереңдиги менен практикалык маанилүүлүгүн мамлекеттик комиссия өзгөчө баалаган.

1936-1941-жж. — Өзбек ССРинин Мампланынын отун бөлүмүнүн башчысы, Ферган областынын облпланын төрагасы, Өзбек ССРинин Мампланынын төрагасы. Өзбекстандагы он жылдык эмгеги И. Раззаковдун сейрек учурай турган уюштуручулук жөндөмдүүлүгүн көрсөттүү. Улуу Ата Мекендик согушта жамааттын башын кошуп, элди башкаруу жөндөмүн көрсөтө алды. Жоро-жолдоштору менен тил табып, алардын көйгөйлөрүн чече билчү. Элдин кызыкчылыгы менен жашоо, алардын кызыкчылыктары менен өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан жогору коюу сапаты жогорку мамлекеттик жана партиялык ишмердүүлүгүндө үлгү болгон.

1945-жылы, жаш курагына карабай, ЦК КПСС Политбюросунун чечими негизинде Исхак Раззаков Кыргызстандын Министрлер Кеңешинин төрагасы кызматына дайындалган.

Ал жетектеген жылдары (1950-1961-жж.) жаңы заводдор, фабрикалар, шахталар, электростанциялар, ирригациялык системалар, мектептер, турак үйлөр курулуп, ишке берилди. И. Раззаковдун жетекчилиги алдындагы элдин чымыркануу менен иштеген иши өзүнүн натыйжасын берди. Фрунзе атындагы айыл чарба машинелерин куруу заводу, жогорку тоолу Фрунзе-Ош автожолу курулду. 1946-1950-жж. эл чарбасынын 20 чоң өнөр-жай объектилери курулуп, ишке берилди. Алардын ичинен Лебединовка, Аламүдүн, Пржевал ГЭСтери, “Кыргызавтомаш” заводу, Оштогу электромеханикалык завод, бут кийимдер фабрикасы жана башкалар. ЧЧК курулуп бүттү, Орто-Токой суу сактагычы аркылуу үч миң гектар жаңы өздөштүрүлгөн жерлер сугарылып, миңдеген адамдар көчүрүлүп, жайгашышты.

И. Раззаковдун Ата-Мекенге кызмат кылуусу менен көпчүлүккө таанылып, улуттун сыймыгына арзыган. Ал илим жана жогорку билим берүүгө чоң маани берген. Эл чарбасынын бардык чөйрөсү үчүн квалификациялуу илимий кадрларды, ЖОЖдордун профессордук-окутуучулар курамын, квалификациялуу инженер жана жумушчу кадрларды дярдоого көнүл бүрган. Жаш мекендештер Москва, Ленинград жана СССРдин башка шаарларындагы илимий жана билим берүү борборлорго жиберилишкен.

Исхак Раззакович Кыргыз ССРинин илимдер Академиясын, мамлекеттик университетин, азыркы кезде анан атын алып жүргөн Фрунзедеги политехникалык институтун, областтык педагогикалык институттарын уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккан.

Исхак Раззаков — Кыргызстандын улуу инсаны. Анын аты – мамлекеттик жана саясат ишмер, жалпыга таанылган улуттун лидери катары биздин мамлекетибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткен облусунун 19 айыл аймагы социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн каржылык колдоого ээ болот

Баткен облусунун 19 айыл аймагы социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн каржылык колдоого ээ болот. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Баткен облусунда АРИС тарабынан ишке ашып жаткан “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” жана “ Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорлорунун максаттары, милдеттери жана ишке ашыруу механизмдери менен тааныштыруу үчүн тегерек стол өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк Банктын ортосунда “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” долбоору үчүн 21,0 млн. АКШ доллар өлчөмүндө кошумча каржылоо жөнүндө макулдашылган.

Анын алкагында алдыда баткен облусунда 19 айылдын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн кошумча каржылоо болот.

Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууга жана айылдарда алгачкы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталат.

Ошондой эле, калктын аярлуу катмарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

COVID-19 пандемиясынын кесепетинен пайда болгон тобокелдикти азайтууда, айылдын инфратүзүмдөрүнүн жакшыртууга жардам берет. Мисалга алсак, биринчи медициналык жардам көрсөтүү пункттарына, же суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена менен байланышкан муктаждыктарга.

Ага кошумча айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, элдик чеберчилик жана тигүү буюмдарын өндүрүү, санариптештирүү жаатына жаштар жана аялдарга колдоолор болот.

Каржылоонун натыйжасында тандалган ар бир айыл аймакка берилүүчү ар бир субгрант орточо 100миң акш долларын түзөт.

Ал эми “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун максаты, тандалып алынган билим берүү, саламаттык сактоо ж б коомдук имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Учурда Баткен облусунда 12 айыл аймакта, тандалган имараттарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө.

Тегерек столго катышкан Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, аталган долбоорлордун, облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүдө жана элдин жашоо шартын жакшыртууда мааниси зор экенин белгилеп, жергиликтүү бийлик органдарына жана тийиштүү мамлекеттик мекеме жетекчилерине, АРИС менен биргеликте тыгыз иш алып баруу менен, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууну тапшырды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

БШК шайлоого байкоочулук кылуу үчүн 19 өлкөдөн 78 өкүлгө уруксат берди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык дагы 23 байкоочуну каттады. Акыркы маалымат боюнча, БШК 19 өлкөдөн 78 өкүлдүн жана чет жактагы тогуз уюмдун байкоочулук кылышына уруксат берди. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти.

10-январда болуучу мөөнөтүнөн эрте боло турган президенттик шайлоого ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросунан 21 адам байкоочулук кылат. Дагы бирөө Россиянын БШКсынын өкүлү, дагы бири Конрад Адэнауэр фондунун кызматкери.

12-декабрга карата өлкөдө эл аралык 78 байкоочу катталган. Алар 19 өлкөдөн жана эл аралык тогуз уюмдан келген адамдар.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Митингде каза болгон 19 жаштагы Үмүтбектин үй-бүлөсүнө И.Ташов үй берди

5-октябрда   Ала-Тоо аянтындагы өткөн нааразычылык митингинде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө  жеке ишкер   Имамидин Ташов көңүл  айтып,  куран окутуп ,аза кайгысын тең бөлүшүп батир белек кылды. Бул тууралуу журналист Эльнура Кулуева Фейсбук баракчасына жазды.

“Жалгыз уулун жоготкон ата-энеге «Сиздер  Үмүтбектен  айрылсаңыздар … эл  сиздердин  үмүттү жандырса дейм….Чырактай өмүрү өчкөн  кыргыздын уулуна менин да жүрөгүм сыздады. Сиздердин кайгыңыздарды сырттан карап тура алган жокмун. Ушундай дилгир, алдыга умутулган уулду өстүргөн экенсиздер. Ошол үмүтүңүздөр өчүп турганда … жердеши катары жаныңыздарда болгум келди»-деп  ак дилин билдирди. Жеке ишкер  бул үй бүлөгө   жардам болсун деп батир  берди. Дөө-шаа саясатчылар мамлекеттин тагдырын тартышып жаткан маалда … кыргыздын бир уулу….  бир үй бүлөнүн көз жашын сүртүп , аларга кайрат тиледи. Мунун өзү  кыргыздагы  жакшы касиеттин бир белгиси. Ушул жасалган нерсени сасык, пенделик саясатка сүйрөбөгүлө.. Элибизде  кайрымдуу, үмүт арта турган ,адамдарга жакшылык тартуу кылган азаматтар бар. Кудайга шүгүр. Эл үнү айтылган  митингинин акыркы курмандыгы сен бол, Үмүтбек!…..  Имамидин  мырзага Алла ыраазы болсун!!!  Сиздей жакшылык жасаган уулдар көп  болсун… Башка сөз айта албайсың”,- деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КоомКылмыш-кырсык

Митингде каза болгон 19 жаштагы жигиттин сөөгү айылына жөнөтүлдү

5-октябрь түнү  митингде каза  болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин   сөөгү кичи мекени Лейлек районуна жөнөтүлдү.  Бул тууралуу  «Кадам медиа» маалымат порталына маркумдун жакындары билдирди.

Бишкектеги Улуттук госпиталдын дарыгерлеринин айтымында  маркумдун эки бутун жардыргыч зат жулуп кеткен.

Маркум Лейлек районунун Кара-Булак айылында  2001-жылы 15-июнда туулган. Бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон.

 Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда башынан оор жаракат алган бир адам каза болгон.

Жалпы 590 киши ар түрдүү жараат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилди. 150 киши ар түрдүү жараат менен ооруканага жатып, 13 киши оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Блогер блокКеңеш

Жашооңду жеңилдет жана көрктөндүр. 19 эреже


*Изилдөөчү бол. Айланаңда эмне болуп жатат, байкоо жүргүз. Айлана-чөйрө – жаңы тажрыйбалар жана жаңы идеялардын булагы.
*Акылыңа кылт эткен ар бир идеяны өткөрүп жибербе. Жакын арада иш жүзүнө ашырууга мүмкүн болбосо дагы ар бир идеяны жазып калууга шашыл.
*Чөйрөңдөгү адамдардан болушунча пайдалан. Эгерде дыккаттык менен маани берип карасаң, сени идеяга бай, тажрыйбасы мол, үлгү боло турчу адамдар курчап турат.
*Ар дайым жаныңда китеп болсун. Мындай кылуу менен сен бош убактыңды туура пайдаланган болосуң. Аялдамада автобус күтүп жатканда, балким жол тыгыны учурунда, узакка созулган күтүү учурунда китеп оку. Деги эле китеп окууну адатка айлант.
*Күн сайын жок дегенде 30 мүнөт китеп оку. Бош убакытта китеп окугандардан эмес, китеп окуу үчүн бош убакыт тапкандардан бол.
*Ой жүгүрт жана муну адатка айландыр. Бул – мээ үчүн дагы көнүгүү болот, ошондой эле ойлоруңдун тунук болушуна себепкер.
*Ар бир кечте бүгүнкү өткөн күнүңдү анализ кыл. Кандай ийгиликке жете алдың? Эмне таптың да, эмне жоготтуң?
*Табигый таза сууну көп ич.
Цитаталар түркүмүн окуп турууну унутпа. Алар максатыңа жетүүгө дем берет.
*Ар бир күн үчүн “күндүн цитатасын” таап, аны окуп жүр.
*Жеке чыгашаларыңды жана кирешелериңди эсептеп туруу үчүн Жеке бухгалтерияң болсун. Бул аркылуу пайдасыз сатып алуулардан кутулууга жана акчаңды орунсуз коротууну алдын алууга болот. Жеке бухгалтерия — жеке эсепти башкарууну үйрөнүүгө алгачкы кадам.
*Буга чейин кылып көрбөгөн бир ишти кылып көр. Балким жумушка же окууга мурда барып көрбөгөн жол менен барып көр. Айтор, буга чейин такыр ойго да келбеген, жасап да көрбөгөн бирок, абийирге туура келген, ак иштерди кылып көр.
Кайсы бир ишти кылып жатканда таймер колдон.
*Маанилүү жана негизги максаттарыңдын тизмесин белгиле. Аларды белгилүү убакыттарга бөл.
Күндөн мурда туруп, күндү тосуп ал.
Эгерде толук концентрацияны талап кылбаган иш менен алектенип жаткан болсоң, ошол учурда маалымат берүүчү же шыктандыруучу программаларды ук.
*Бир күн бою оптимист бол.
Күн сайын буга чейин билбеген, жаңы, акылыңа келген бир тема жөнүндө ишенимдүү булактардан маалымат алып тур.
*Жашоодо кубаныч жана күлкү тартуулаган нерселерди изде.

Инсан.кг

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Ивановка айылында 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Ысык-Ата районунун Ивановка айылында 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлады.


«Кыздын жансыз денеси кумдан табылды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Өздүгү аныкталды. Көрсө, кыз көп жылдардан бери эпилепсия менен ооруп, медициналык картада жүргөн экен. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет », — деп айтылат мекеме берген маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Бишкекте 19 жаштагы кызды автоунаа сүзүп кетти

Бүгүн Бишкекте автоунаа 19 жаштагы кызды сүзүп кеткендигин Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Горький көчөсүндө болжол менен саат 9:55 чамасында Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаа кызды сүзүп кеткен.

Маалыматта айтылгандай, жабыркаган кыз ооруканага жеткирилип, ал эми автоунаа айып короого токтотулган. Окуянын себебин аныктоо үчүн тиешелүү бардык экспертизалар дайындалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

«Биримдик» саясий партиясы бүгүн, 19-августта өзүнүн 4-съездин өткөрүп жатат

Съезддин делегаттары саясий программаларын, шайлоо учурундагы иш-аракеттерин, Жогорку Кеңешке депутаттардын талапкерлеринин тизмесин талкуулашат. 

Съездге келген делегаттардын арасынан Марат Аманкулов, Төрөбай Зулпукаров, Аида Касымалиева, Улукбек Кочкоров, Евгения Строкова, Бакирдин Субанбеков, Акылбек Жамангулов, Канат Жумагазиевди жана башкаларды көрүүгө болот. 

Белгилүү болгондой, шайлоого катышууну каалаган  партиялар тизмесин БШКга 20-августтан калбай көрсөтүшү керек.  

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында болот. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19-августка күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу аймактарда кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +23…+28

Талас облусунда +21…+26

Баткен облусунда +25…+30

Ош, Жалал-Абад облустарында +25…+30

Ысык-Көл облусунда +15…+20

Нарын облусунда +15…+20

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +26…+28 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

19 жаштагы жаран “Хизбут-Тахрир” уюмунан баш тартып видео кайрылуу жасады

2020-жылдын 30-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан облус аймагында “Нелегал” операциясы өткөрүлдү. Бул операциянын алкагында экстремизм багытында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иштер жүргүзүлүп, буга чейин ачылган сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.

2020-жылдын июнь айынын башында Базар-Коргон районунун “И” аттуу тургуну социалдык тармакта элдерге “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Аталган факты Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2001-ж.т. тургуну Д.И. элдерге “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жаткандыгы аныкталып, анын “Инстаграм” социалдык баракчасынан алынган буюм далилдерге диний-теологиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган буюмдар КРнын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.

Шектүү Д.И. жасаган кылмыш ишине өкүнүп жаткандыгын ачыктап видео кайрылуу жасаган. Ал “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик агымынын идеологиясы туура эместигин, мындан ары мындай материалдарды таратпай тургандыгын билдирген.

Бул факты милиция тарабынан толук тергелип бүтүп, “Нелегал” операциясынын алкагында Базар-Коргон райондук сотунун кароосуна бүгүн жөнөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

19 дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 13
• Ош ш. – 3
• Ош облусунда – 1
• Баткен облусунда – 1
• Талас облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 648 учур катталды, алардын ичинен 396 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Нурмагомедов-Гэйтжи беттеши 19-сентябрда өтүшү мүмкүн

UFC уюмунун чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин ортосундагы беттеш UFC 253 турниринин алкагында 19-сентябрда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык мушкердин менеджери Ризван Магомедовдун билдирүүсүнө таянуу менен  жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

«Бизде бул беттешти өткөрүүнүн болжолдуу гана айы бар. Бул сентябрь айы. Беттештин кайсы жерде болору жана так күнү азырынча билине элек. Дагы бир жолу кайталайм, беттештин болжолдуу гана айы бар», — деген Магомедов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Түштүк Кореяда 19 жарандан вирус аныкталды

Түштүк Кореяда бир сутка ичинде 19 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу медиа булактары жазып чыгышты.

Өлкөдө жалпы ооругандардын саны 11 миң 206 болсо, каза болгондор 267. Вирус аныкталгандардын 16сы жергиликтүү жарандар, үчөө чет өлкөдөн келгендер. Дагы 13 адам ооруканадан чыгып, айыккандардын саны 10 миңден ашты.

Аталган өлкөдө вирустун очогу болуп Тэгу жана Кёнсан-Пукто провинциялары эсептелүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Түштүк Кореянын авиакомпаниясы 19-июнда эл аралык каттамдарды калыбына келтирет

Түштүк Кореянын эң ири авиакомпаниясы Korean Air июнь айында коронавирустун жайыраак жайылышы шартында эл аралык каттамдарды кайрадан жандандырат деп билдирди РИА Новости.

1-июндан баштап авиакомпания Инчхон эл аралык аэропортунан Вашингтонго, Сиэттл, Ванкувер, Торонто, Амстердам, Франкфурт, Сингапур, Пекин, Куала-Лумпур жана башка шаарларга 19 эл аралык каттамдар боюнча каттамдарды жандандырууну пландаштырууда. Маалым болгондой, айрым рейстер күн сайын жүргүзүлөт, калгандары жумасына 3-4 жолу же андан көп.

Бул кадам өлкөлөрдүн коронавирус тарабынан киргизилген чектөөлөрүн бошоткондон кийин, рейстерге талапты жогорулатууга даярданууну көздөйт. Учурда Korean Air 13 эл аралык каттам боюнча жумасына 55 каттам сунуштайт, ал эми коронавирус пандемиясынан мурун компания узак аралыкта 110 каттамда 900дөн ашуун каттамды аткарган. Июнь айынан баштап 32 эл аралык каттамдарда 146 каттамдар иштей баштайт.

Белгилүү болгондой, пандемияга байланыштуу, көпчүлүк мамлекеттер чек араларын жаап салган же кирүүгө чектөө киргизилгендиктен, март айынын аягынан баштап, Korean Air эл аралык каттамдардагы учуулардын 90% көбүн токтоткон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Жакшы кабар! 19 жаштагы келин үч эм төрөдү

Ош шаарында 19 жаштагы келин үч эм төрөгөнүн Турмуш басылмасы Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраиловага шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Кара-Суу районунун Нариман айылынын 19 жаштагы тургуну кечээ, 27-апрель күнү үч эм кыздарын жарыкка алып келди. Үч эм операция жолу менен төрөлгөн.

Дарыгердин айтымында, эненин жана кыздардын абалы жакшы. Биринчи төрөлгөн кызы 2 кг 400 гр, экинчиси 2 кг 100 гр, үчүнчүсү 2 кг салмак менен төрөлүшкөн. Бул жаш келиндин алгачкы төрөтү.

Зейнеп Исраилова белгилегендей, ымыркайлар 2020-жылдагы Ош шаарындагы алгачкы үч эм. Өткөн жылы 7 жолу үч эм төрөлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Вирусту оор кабыл алдым. 19 күн кыйналдым. Эмне болуп кетет деп коркушуптур»

 

Медицина кызматкери Марс Тыналиев жакында эле коронавирусту жеңип чыкты. Ооруканада вирус менен 24 күн алышса, анын 19 күнү жандандыруу бөлүмүндө өтүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

56 жаштагы Марс Тыналиев жыйырма беш жылдан бери Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунда эмгектенет. Иш менен жүрүп вирус жуктурган медик Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду. Ал оорунун канчалык коркунучтуу экендигин баяндап, элди вирусту алдын алууга олуттуу мамиле жасоого чакырды.

Эске сала кетсек, 25-апрелге карата вирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 175ке жетти. Алардын ичинен 65и сакайып, кайрадан жумушуна киришти.

— Коронавирус сизге кандайча жабышты?

— Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда санитардык дарыгердин жардамчысымын. Кыргызстанда коронавирус катталганга чейин чек арадагы өткөрмө посттордо чет мамлекеттен келгендерди тепловизор менен текшерип иштегенбиз. Андан кийин эпидемиологдордун тобу түзүлүп, лаборанттар сырттан келгендердин мурдунан мазок алып, мен алардын аты-жөнүн, кайдан келгенин жана башка маалыматтарын кагазга жазып иштеп жаттык.

Мага негизи азыркы күнгө чейин вирусту кимден жана кандайча жуктурганым табышмак. Бирок бардыгы эмнеден башталганын билем. Бир күнү жамгыр жаап, суукта калып калдым. Кийинки күндөрү чыйрыгып, калчылдап, дене табым көтөрүлүп, жумушка чыга албадым. Поликлиникадан өпкөмдү ренгтенге тартып, пневмония дешти. 20 жыл мурда дагы пневмония болгондуктан, айыгып кетем деген ойдо өзүм билемдик кылып укол алып, андан жакшы болуп калгандай сезилдим. Бирок кайра абалым оорлоп, Тез жардам менен №6 клиникалык ооруканага алып барышты. Ал жерден эпидемиологдорду чакырып мурдуман мазок алышты. Эртеси, 31-мартта, инфекциялык ооруканага алып барып, ошол жактан коронавирус жуктурганымды билдим. Дем алганым кыйындап, абалыма карап жандандыруу бөлүмүнө которушту. Бул оору өпкөдөн аябай кармайт экен, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырганга аргасыз болушту. Дарыгерлер өпкөмдү рентгенге тартып, жакшы эмес экенин айтып турушту. 

— Анүстүнө жашы өткөн адамдардын да ооруга туруштук берүүсү кыйын экендиги айтылат эмеспи.

— 56 жашка келип олуттуу өнөкөт ооруга чалдыккан жокмун, дене-кардым соо, бой-салмагым бири-бирине туура келет. Бассейнге барып, көнүгүүлөрдү жасап, жашоо ыргагым активдүү. Коронавирус негизи эле өпкөнү жабыркатарын билдим. Анүстүнө суукта, жумуш менен ачка жүрүп, иммунитет төмөндөп кеткенде жуктурдум окшойт.

Вирусту оор кабыл алдым. Жандандыруу бөлүмүндө катуу болуп жатканда дарыгерден «жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк барбы» деп сурагам. Алар бир гана дарылап койбостон, жылуу сөздөрүн да айтып мага дем берип жатышты. Мынчалык катуу ооруган эмесмин! Көзүмдү ачсам эле медик турган болот, алар бир нерсе болуп кетпесин деп тыкыр көз салып турушту да. 19 күн кыйналдым. Дарыгерлердин айтуусунда, өтө эле катуу болуптурмун, эмне болуп кетет деп коркушуптур.

— Адатта вирус менен өзүңүз күрөшүп жүрүп ага чалдыгып калганыңызды укканда кандай абалда болдуңуз?

— Анда өзүм оор абалда жаткам. Дарыгерлер деле шак бетке айта салышпайт да, жооткотуп анан билдиришти. Укканда эмоция деген жоголду. Же ыйлабай, же коркпой бир башкача эле болуп калдым. Андан кийин ооруну жеңе аламбы же жеңе албай каламбы деген ойлор келет экен. Үйдөгүлөрдү, бала-чакамды, неберелеримди көрөмбү дейт экенсиң. Жасалма дем алдыруучу аппаратты алганда көрөр күнүм, ичер суум бар экен дедим. Жатып алып балдарыма жугуп калган жокпу деп кыжалаттандым. Себеби үй-бүлөм чоң, 8-9 киши жашайбыз. Ата-эне деген өзүм оорусам да балдарым оорубасын дейт да. Алар карантинге алынышты, эч кимиси ооруган жок. 
— Үйгө чыгып келгенде аябай сүйүнсөңүз керек?

— Ооба, жакындарымды коюңуз, жада калса үйдүн дубалдарын сагыныптырмын. Азырынча өзүнчө бөлмөдөмүн. Небелерим менен эркелеше элекмин. Дагы эки жума обочолоном. Мени ажалдын оозунан сууруп чыккан дарыгерлерге алкыш айтам. Инфекциялык ооруканада абдан сылык, иш билги дарыгерлер иштейт экен. Алар медик катары мага эле эмес башка дагы оорулууларга жакшы мамиле кылып жатышты. Палатадагы дарыгерим Койсун Ишеналиевнага, реанимациядагы дарыгерим Надыр Өскөновичке жана башка ак халатчандардын бардыгына таазим этем. Ооруканада жатканда саламаттык сактоо министри Сабыржан Токтосунович (Абдикаримов — ред.) чалып, ден соолугумду сураганда абдан көңүлүм көтөрүлдү. Өзүмдүн бөлүм башчым жана кесиптештерим тынбай ал-абалымды сурап турушту. Кыйын учурда колдогон жакындарыма, досторума жана башка адамдарга ыраазычылык айтам.

— Азыр ден соолугуңуз кандай?

— Ооруканадан чыгаарда үч жолу тест тапшырып, бардыгы тең вирус жок экендигин көрсөттү. Учурда оорудан кийинки реабилитациядан өтүп жатам. Абалым жакшы, өзүмдү жакшы сезип калдым. Буюрса эки жумадан кийин жумушума кайтам деп турам. 

— Элге эмне айткыңыз келет?

— Республикалык штабдын, Саламаттык сактоо министрлигинин айткандарын аткаргыла. Карантиндик эрежени сактагыла. Кечээ көчөдөн бирөөнү үч метр алыс туруңуз десем, мээң жайындабы дегендей карады. Ооруп жатканда белгилүү эле адамдардын коронавирус жок дегенин угуп, ушул ооруканага келип өз көздөрү менен көрүшсө болмок дедим. Бул вирус кооптуу, ага олуттуу мамиле жасаңыздар.

Булак: Спутник сайты, маектешкен Гүлдана Талантбекова

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда дагы 19 кишиден коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 19 кишиден коронавирус табылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен жалпы саны 631ге жетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Дагы 19 медицина кызматкеринен коронавирус чыкты

Бүгүн, 13-апрелге карата коронавирус оорусун жуктурган 19 медицина кызматкери катталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев брифингде билдирди.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган, алардын ичинен 9 медкызматкер Бишкек шаарында, 4 – Ош облусунда, 2 – Ош шаарында, 1 – Баткен облусунда.
COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button