Коом
Бир сутка ичинде 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды
Бир
сутка ичинде өлкө боюнча 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы
аныкталды. Бул тууралуу, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот
Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Бишкек шаарыда –
1;
Ысык-Көл облусунда – 8.
Ал эми бир суткада 9 медицина кызматкери айыгып,
ооруканалардан чыгарылды. Үй карантининен 18 медкызматкер айыгып чыгышты.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу жалпы: 3 миң 145 ак халатчандарга
коюлса, алардын ичинен 2 миң 533ү айыкты.