Коом

Финполдун төрагасы болуп Сыймык Жапыкеев дайындалды

«Чоң Казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты  Финполдун басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысынын 2020-жыл, 16-октябрындагы буйругуна ылайык, Жапыкеев Сыймык Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болду», — деп билдиришти мекемеден.

Өмүр баяны:

Жапыкеев Сыймык Асылбекович 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.

Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, подполковник.

Билими:

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган

Эмгек жолу:

2001-2002 – Түп райондук прокуратурасында стажёр тергөөчү;

2002-2004 — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун прокуратурасында улук тергөөчү;

2004-2006 – Балыкчы шаардык прокуратурасынын улук тергөөчүсү;

2006-2007 – Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасында улук тергөөчү;

2007-2009- Кемин районунун прокурорунун орун басары;

2009-2014- коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын прокурору;

2015-2018- “Кумтор Голд Компани” ААКсынын келишимдик негизде иштеген юрист-жактоочусу;

2017-2020- “КР шахмат” федерациясынын вице-президенти;

Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button