«Чоң Казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Финполдун басма сөз кызматынан тастыкташты.
«Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысынын 2020-жыл, 16-октябрындагы буйругуна ылайык, Жапыкеев Сыймык Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болду», — деп билдиришти мекемеден.
Өмүр баяны:
Жапыкеев Сыймык Асылбекович 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.
Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, подполковник.
Билими:
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган
Эмгек жолу:
2001-2002 – Түп райондук прокуратурасында стажёр тергөөчү;
2002-2004 — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун прокуратурасында улук тергөөчү;
2004-2006 – Балыкчы шаардык прокуратурасынын улук тергөөчүсү;
2006-2007 – Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасында улук тергөөчү;
2007-2009- Кемин районунун прокурорунун орун басары;
2009-2014- коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын прокурору;
2015-2018- “Кумтор Голд Компани” ААКсынын келишимдик негизде иштеген юрист-жактоочусу;
2017-2020- “КР шахмат” федерациясынын вице-президенти;
Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы