Өлкөдө 538 адамдан коронавирус аныкталып, 2 жаран каза болсо, 5 медик илдет жуктурду
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 538 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында — 139
— Ош шаарында — 23
— Чүй облусунда – 40
— Ош облусунда — 52
— Талас облусунда — 25
— Нарын облусунда — 17
— Ысык-Көл облусунда – 31
— Жалал-Абад облусунда – 86
— Баткен облусунда — 125
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 57276 адам коронавируска кабылган.
Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болду.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1 адам каза болгон.
Учурда стационарлард 3479 бейтап, ал эми 3488 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1138 адам каза болду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында – 1
— Ош облусунда – 3
— Баткен облусунда – 1
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3602 учур катталды, алардын ичинен 3302 медкызматкер сакайды.