Саясат
С.Жапаров Кыргызстанда шайлоо таза жана атаандаштыкта өтөрүн айтты
Президенттин м. а Садыр Жапаров Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышып отурган лидерлерге Кыргызстанда шайлоо таза жана атаандаштыкта өтөрүн айтты.
«Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Аны таза жана атаандаштыкта өткөрүү — өлкөдөгү мындан аркы туруктуулуктун кепилдиги. Бул үчүн бизде саясий эрк жетиштүү», — деген
Эске салсак, Кыргызстанда президенттиктен кийин эле Жогорку Кеңешке шайлоо болот.