Кеңеш

Ар убак алдыда болуу үчүн жөнөкөй 14 эреже 

1. Инстаграм, тик-ток көрбө. Эч качан.
2. «Эч нерсеге карабастан алдыга багыт ал» деген сөз бар. Сен да байкап көр. Жардамы тиет.
 3. Кокусунан мээге идея жаралдыбы? Эч нерсени күтпөй, жеке күндөлүккө жаз.
 4. Кечигип жатасыңбы? Бара турган жериңе жеткенде шылтоо издегендин ордуна, ал жакка баргыча сени күтүп жаткандарга эскертип кой: «кечигип барам», деп.
 5. Чоочун кыялдарга кийлигишпе.
 6. Көңүлдү калтырган адамдар менен мамилени улантпа, алар өзгөрбөйт.
 7. Ата-эне менен болушунча көп убакыт өткөр. Кудай аларды алып кетчү момент ар дайым күтүүсүздөн болот.
 8. Сулуулук дүйнөнү сактайт. Албетте мен ички сулуулук жөнүндө сөз кылып жатам.
 9. Каталарды моюнга алганды үйрөн
 10. Кечке даттана берүү адатыңдан баш тарт. Элдер бөлөк маселелерге кызыгышпайт.
 11. Түшүнүксүз кырдаалдарга башыңды оорутпа, бул күндөр дагы өтүп кетээрин түшүн.
 12. Жада калса эң олуттуу талаш-тартыштарда дагы тилиңди тыйып жүр. Силер жарашасыңар, а айтылган сөздөр адамдардын эсинде түбөлүккө калат.
 13. Чындыкты сүйлө, ошондо гана тынч жашоо башталат.
 14. Күндүн башталышында эң оор жана жагымсыз иштерди бүтүр. Аны аткаргандан кийин  ал жөнүндө ойлонуп, санааркоонун зарылдыгы жок болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button