Кеңеш

Уй жылын кантип туура тосуп алуу керек? Астролог кеңеш берет

Астролог Лилия Любимова келе жаткан Уй жылын кантип туура тосуп, майрамдык дасторконду кантип даярдоо керектигин Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.

Анын пикиринде, Уй жылы кенен дасторконду жактырат. Бирок уй эти эмес, тоок, балык жана жер-жемиштер көп болгону жакшы.

«Уй жылы марттыкты, дүйүм тамакка толгон дасторконду жактырат. Элдин баарынын курсагы ток болсун деп самайт. Бизге көнүмүш, эттен жасалган тамактарды быйыл жашылча салаттары, таттуу токочтор менен алмаштыргыла», — деди астролог.

Ошондой эле адис уй үй жаныбары болгондуктан жылды үй-бүлө, жакындардын курчоосунда тосууну талап кыларын кошумчалады.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button