Кеңеш
Идеалдуу чон апа жана кайнене тукурбайт, шыкакчы болбойт, — Алтын Иниятовна
Шүмшүңдөбөй карысам экен деп толгоно берип жаралып калган какач ойлор…
Идеалдуу чон апанын жана кайнененин модели:
— Басса турса дайыма неберелерин алкап, бата берип турат;
— Неберелерине, балдарына өтө мээримдүү жана камкор;
— Салабаттуу, наабаттуу, ушак айың кептен алыс;
— Балдарына (керек учурда!) багыт берип кеп кеңешин айтып турат;
— Айланасы мээримге толуп, бардыгы чон апасынын/апасынын жанында болууга умтулушат;
— Неберелерине карата баланын жана анын ата-энесинин кадыр баркын төмөндөтүүчү сөздөрдү айтпайт («Сен кара жерге кир», «Ооба сен кыйынсың», «Эненди тартасың го жүдөп оозуңду ачып» ж.б.);
— Эс тартып келе жаткан неберелеринин көзүнчө же аларга карата туура эмес кептерди сүйлөбөйт, бирөөнү сындабайт, ушактабайт;
— Неберелерди тарбиялоо ишине туура багытта катышат. Аларга обу жок болушпайт, ашыкча кийлигишпейт;
— Үй-бүлөнүн ынтымагына себепчи данакер. Уулуна келини тууралуу сын сөздөрдү сүйлөбөйт. Тукурбайт. Шыкакчы болбойт;
— Орун-очок алып калган келинин кайра баштан тарбиялоого аракет кылбайт;
— Уулуна, кошунага, өз төркүндөрүнө жана башка уул кыздарына келининин төркундөрү тууралуу сын пикир айтпайт;
— Кошуналары менен сый мамиледе. Үй-бүлөнүн чарбасына кийлигишпейт. Үй ээси үчүн чечим чыгарбайт;
— Жолдошуна (абышкасына) өтө камкор;
— Бардык балдарынын бири бири менен ынтымактуу болушуна кам көрөт. Бир баласынын өзү жокто башка балдарына алардын арасында жок баласы тууралуу нааразы сөздөрдү айтпайт. Баарына тегиз мамиле кылат;
— Үй ичиндеги маанайдын өзу тараптан бузулбашына кам көрөт. Эч качан чыр чатактын уруштун себепчиси болбойт!
— Келинине эч качан эки жуздүү, жалган мамиле кылбайт…
Автору Алтын Иниятовна