Коом

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бүгүн жаңы өкмөт башчыны жана өкмөттүн курамын карайт

Бүгүн Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулат. Бул тууралуу көпчүлүк коалициянын мүчөсү, депутат Абдывахап Нурбаев «Маралга» ырастады.

Анын айтымында, жыйын саат 11:00гө белгиленген.

Премьер-министрлик кызматка Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов көрсөтүлүп жатканы кабарланган.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев азыркы Башмыйзам боюнча премьер-министр парламент аркылуу дайындалышы керектигин айткан.

Өкмөт башчылыкка учурда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков да көрсөтүлүшү мүмкүн.

Булак: Марал радиосу

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button