Коом

Камчыбек Ташиев чек арадагы талаш аймактарды чечкени барат

Камчыбек Ташиев бүгүн Германиядан учуп келээри менен дароо Баткенге кетет.

Чек ара маселеси орчундуу болуп турганда ден соолугуна да карабаптыр. Негизи эле чек ара маселесине келгенде Камчыбек Ташиевдин ак эткенден так эткен жакшы сапаты бар. Качан, кайсы жерде чек арада маселеси чыкпасын, учкан куштай жетип барып, абал менен таанышып, жардамга муктаждарга жардамын берип, элге дух берип жүрөт.

Ошондон улам Чек ара кызматын УКМКга өткөрүп алды. Буюрса, жакынкы арада Өзбекстан, Тажикстан менен болгон чек ара маселесин чечет деген ишеним чоң. Болгону бир аз убакыт беришибиз керек. Анткени отуз жылдан бери чечилбей, талаш-тартыш болуп келаткан маселенин бир күндө чечиле коюшу эч мүмкүн эмес.

Буга чейин колунда бийлик жок болгондуктан бул маселени чече албай келген. Эми болсо эки тизгин, бир чылбыр колуна тийди. Жыл айлантпай маселени чечет. Анткени анда дух да, кайрат да, күч да бар.

Булак: Абал кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button