Коом
Суу чарба тармагын өнүктүрүнүн мамлекеттик программасына Баткен областы боюнча 8 чоң суу чарба объектилери киргизилген. Бүгүнкү күндө мамлекеттик программанын негизинде 3 долбоор ишке ашырылды жана 1 долбоор ишке ашырылууда.
Алар, — Кадамжай районундагы Кара-Кыштак–Боз каналында 403,9 млн сомдук жумуштар аткарылып, канал пайдаланууга берилди.
— Молдо-Нияз каналынын курулушуна 280,0 млн сом жумшалып, толугу менен бүткөрүлүп элге сугат суу берилүүдө.
— Баткен районуна караштуу Р-4 каналын кенейтүү жана Р-4 ички чарбалык каналынын курулушуна 424,0 млн сом жумшалып, курулуш бүткөрүлгөн.
— Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу чыгаруу үчүн Максат айылына дюкер куруу курулушун 1-этабынын негизинде Кулунду каналынын башкы суу алуу түйүнүндө 95,3 млн сомдук жумуштар жана 2 этабынын алкагында 217,2 млн сомдук жумуштар аткарылды. Курулуш уланууда.
Мындан сырткары капиталдык салымдар беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттен бир катар обьекттер жаңыдан курулууда;
— Кадамжай районунун Халмион айыл округун суугат суу менен камсыз кылуучу көз карандысыз Р-1 каналынын курулушуна 155,6 млн сом ажыратылып, учурда курулушу аяктап, суу пайдалануучуларга сугат суу берилүүдө.
— Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай участкасындагы жаңы насостук станциясынын курулушунун жалпы наркы 55,0 млн сом, учурда обьекттин курулушу толук аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат.
— Баткен районундагы Кара- Токой айылындагы Ширеч насостук станциясы үчүн 3740691 сомго, 3 комплект агергат сатып алынып эксплуатацияга берилди.
— Баткен районунун Капчыгай айылында 2 млн 700 миң сомго бааланган насостук бекеттин негизги курулуштары бүткөрүлдү.
— Баткен районунун Чарбак айылындагы
Кесек-Таш участкасындагы насостук бекетин курууга 2 400 000 сомго жумуштар бүткөрүлдү. Сугат суу чыгарылды.
Мындан сырткары суу чарба обьекттерине насостук агрегаттарды орнотуу, каналдарды тазалоо, керектүү тетиктер менен камсыздоо, СПАларды колдоо жана өнүктүрүү жаатында иштер аткарылууда.
Ошондой эле 2023-жыл үчүн ирригациялык обьекттердин капиталдык оңдоп түзөө жумуштары үчүн да 60 млн сом бөлүнгөн.
Бул иш аракет Баткен облусунда сугат суу жеткирүүнү жакшыртууга багытталган.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы
Кеңеш
Адис 45 жаштан өткөндөргө өзгөчө пайдалуу жашылчаны атады
Кабакча (кабачок) өзүнө көптөгөн пайдалуу азыктарды камтыйт. Диетолог Маргарита Королева Sputnik радиосуна курган маегинде аталган жашылчадагы пайдалуу заттардын баарын алуу үчүн аны туура колдонуу жолдорун айтып берди.
«Кабакча — бардык курактагы адамдар жесе боло турган, аллергия кылбай турган азык. Анда калий, натрий, кальций, магний жана башка минералдык азыктар көп. Мындан тышкары, антиоксиданттар, В жана С витаминдери, кан тамырларга күч берүүчү биофлавоноиддер да жетиштүү. Кабакчаны бадыраң сыяктуу чийки да жесе болот, мындайда организмге пайдасы көбүрөөк болот», — деди Королева.
Диетолог жаш кабакчаны тандоону сунуштады. Себеби өтө бышып кете элек бул жашылча тамак сиңирүү системасын жакшыртып, иммунитетти күчтөнтөт. Ошондой эле организмди ашыкча шлак, токсиндерден тазалайт.
«Кабакча өзгөчө 45 жаштан өткөндөр үчүн пайдалуу. Бул куракта организмде картаюу процесси башталат, адамдын көрүүсү начарлайт. Кабачокто лютеин жана зеаксантин болгондуктан картаюуну жайлатат. Мындан тышкары, аталган жашылчада калий көп болгондуктан организмдеги ашыкча суюктуктардын чыгышын шарттайт, андыктан көп шишиген адамдарга да сунушталат», — деген диетолог.
Добавить комментарий
Кылмыш-кырсык
Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-август күнү саат 19:54дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында — 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Кара-Чолок айылында — 4 балл, Жалал-Абад шаарында — 3,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Добавить комментарий
Кылмыш-кырсык
Зыян 4,5 млн сом. Бажычылар мыйзам бузуу фактысын аныктады
Бажычылар мыйзам бузуу фактысын аныктады.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 2022-жыл аралыгында Түркиядан «П.С.С.И.Т» ЖЧКсынын дарегине «PD 500» үлгүсүндөгү 6 бургулоочу машиналар келген жана алар «Убактылуу ташып келүү» жол-жобосу боюнча бажы шарттарында таризделгени аныкталган.
Бирок кийинчерээк аталган жол-жободо каралган мөөнөттөр бузулуп, натыйжада Кыргызстандын бюджетине туумдарды кошпогондо 4 млн 503 миң 340 сом зыян келтирилген.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.
Добавить комментарий
Саясат
Зеленский: Украинада 4,5 миллион адам электр жарыгысыз калды
Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-ноябрда электр жарыгын өчүрүүлөрдөн 4,5 миллиондой киши жабыркаганын билдирди.
Анын айтымында, жарыкка байланыштуу көйгөйлөр Киевде, ошондой эле Днепропетровск, Житомир, Запорожье, Киевскийде, Кировоград, Сумы, Харьков, Хмельницкий, Черкассы жана Чернигов облустарында байкалууда.
«Бүгүн кечинде гана 4,5 миллионго жакын керектөөчү өзгөчө кырдаалдар жана турукташтыруу графигине ылайык керектөөдөн убактылуу өчүрүлдү», — деди Зеленский Telegram баракчасында күнүмдүк видео кайрылуусунда. Ал жергиликтүү бийликти электр жарыгын негизсиз колдонбоого, ошондой эле электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн себептерин жарандарга түшүндүрүүгө чакырды.
Укренерго билдиргендей, жума күнү, 4-ноябрда саат 00:00дөн 24:00гө чейин Днепропетровск, Кировоград облустарында жана Запорожьенин украиндер көзөмөлдөгөн бөлүгүндө, ошондой эле Сумы, Харьков жана Полтавада электр энергиясын колдонуу чектелет. «Саат 07:00дөн 22:00гө чейин Киев, Киев, Чернигов, Черкассы жана Житомир облустарында сааттык өчүрүү графиги иштейт», — деп билдирди компания.
10-октябрдан бери Орусия Украинанын аймагына массалык сокку уруусун күчөттү. 31-октябрда Украинанын премьер-министри Денис Шмихал аткылоодон улам 18 инфраструктура объектиси жабыркаганын, алардын көбү энергетикалык объектилер болгонун билдирди. Ошол эле күнү украиналык энергетикалык ДТЕК компаниясы оңдоо иштерине жабдыктардын жоктугун айтып даттанган.
Добавить комментарий
Экономика
Салык кызматы: Кыргызстанда 45 миңден ашуун ККМ колдонулууда
Кыргызстанда 2022-жылдын үч айында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 18 миңден ашык субъект контролдук-кассалык машинаны колдонууга өттү. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын башынан бери салык кызматы тарабынан чарбалык субъекттердин контролдук-кассалык машиналарды колдонуусу боюнча белгиленген иштер жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң 35 контролдук-кассалык машина колдонулат, анын 22 миң 173 – аппараттык ККМ жана 22 миң 862 – программалык ККМ.
«Мамлекеттик салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү субъекттерди катталуу жана контролдук-кассалык машиналар менен иштөө үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына кайрылууга чакырат», — деди ал.
Салык кызматы азыркы учурда эки типтеги – аппараттык жана программалык ККМ колдонуларын белгилейт.
Аппараттык ККМ – бул онлайн режиминде маалымат берүү модулуна ээ болгон фискалдык эс тутуму бар кадимки кассалык аппарат.
Программалык ККМ – смартфонго, планшетке же компьютерге акысыз орнотулган тиркеме түрүнө ээ жана аппараттык ККМ үчүн эң жеткиликтүү альтернатива болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек принтерин сатып алуу ишкерге жетиштүү.
Программалык ККМ Play Маркет («Онлайн ККМ» тиркемеси) аркылуу смартфонго акысыз орнотулат. Аппараттык ККМди техникалык тейлөө борборлорунан сатып алууга болот, бүгүнкү күндө алардын саны14 түзөт.
Мындан тышкары,» Керемет банк», «РСК банк» жана «Айыл Банк» заманбап ККМди POS орнотулган терминалы менен акысыз беришет.
Добавить комментарий
Коом
Жерүй алтын кенинен өлкө казынасына 4,5 миллиард сомдон ашуун каражат түштү
Жерүй алтын кенин иштетүүчү – “Альянс Алтын” компаниясы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге – 4 миллиард 519 миллион 959 миң 133 сом каражат которду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.
Анын ичинен алтынды сатуудан түшкөн акча 1 миллиард 983 миллион 519 миң 281 сом болду.
Талас обласунун жергиликтүү маанидеги инфраструктурасын кармап турууга жана өнүктүрүүгө 254 миллион 692 миң 44 сом которду.
“Альянс Алтын” компаниясынын бюджетке чегереген акчасы Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бөлүнүүдө. Анын ичинен 127 миллион 346 миң 21 сом Талас облусундагы Өнүгүү фондуна, 76 миллион 407 миң 613 сом Талас районундагы Өнүгүү фондуна жана 50 миллион 938 миң 408 сом Бекмолдо айыл башкармалыгынын Өнүгүү фондуна которулду.
Мыйзамга ылайык, жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармап турууга компания тарабынан тапкан акчанын 2 пайыз көлөмү бөлүнөт.
Маалыматка ылайык, Жерүй кенинин төгүлгөн баардык төлөмдөр КРнын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууда. Каражаттарды бөлүштүрүү жана чыгашаларды көзөмөлдөө Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде ишке ашырылып жатат.
Белгилей кетсек, Жергиликтүү бийлик багытталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну ишке ашырууда. Мындан ары республикалык жана жергиликтүү бюджет жана фонддор Жерүй кенинин иштетүүдөн жыл сайын 4 миллиард сом салык жана башка которууларды алып турушмакчы.
Добавить комментарий
Коом
Бишкекте лифтте камалып калган 45 жаран куткарылды
Бишкекте лифтте камалып калган 45 жаран куткарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
“Бишкекшаардыклифт” ишканасына лифтте калып калган жарандардан 45 арыз келип түшкөн.
“Камалып калган жарандар ыкчам түрдө куткарылды. Медициналык жардам керектелген жок. “Бишкекшаардыклифт” ишканасынын карамагында бардык лифт болбогондуктан канча адам камалып калганы тууралуу так маалымат жок”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн, 25-январда түшкө маал Борбор Азия өлкөлөрү Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы авариядан улам өчүп калган.
Добавить комментарий
Коом
Кыргызстанга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду
Кыргызстанга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду. Бул тууралуу Биринчи Радиого Кыргыз тегирменчилер бирикмесинин төрагасы Рустам Жунушов билдирди.
Эскерте кетсек, 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 35%га аз жыйналган, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз. Мындай маалыматты Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирген болчу.
Анын берген маалыматына таянсак, быйыл 473 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Анын ичинде 250 гектары буудай.
«Биз акыркы жылдарда өзүбүзгө жетиштүү деңгээлде азыктык буудай өндүрбөйбүз. Бул республикадагы материалдык резервдин фондусундагы азыктын көлөмү мурда 80 миң тоннанын тегереги болсо, бүгүнкү күндө республикада тендер өткөзүлүп, Россиядан сапаты жогору азыктык буудай алынып келип жатат. Болжолдуу 3 айга камсыз боло турган буудай болот», – деген министр.
Ал эми Улутстаткомдун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230.7 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.3%га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52%га аз дан бастырылган.
Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы – 41.4%га, арпа – 57.9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 31.2%га, картошка – 6.3%га жана бакча өсүмдүктөрү – 3.5%га кыскарган.
Ошондой эле учурда республика боюнча 17 комбинат иштеп жатат. Кыргыз тегирменчилер бирикмесинин төрагасынын айтымында, Казакстанда буудайдын баасы жогору болгондуктан, алар Россияга барып келишим түзүшкөн.
«Россиянын 4-5 аймагына барып келишимдерди түздүк. Учурда 45 миң тонна буудай кирди. Келишим боюнча дагы калган көлөмдөрдү күтүп атабыз», – деди ал.
Добавить комментарий
Коом
Лейлек районундагы эки айылдын 4,5 миң жашоочусу таза суу менен камсыз болот
Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат жана Жаштык айылдарынын ичүүчү суу көйгөйү чечилет.
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) маалыматына караганда, 2021-жылдын 27-сентябрында Лейлек районундагы Максат айылында облустагы Жаштык жана Максат айылдарында ичүүчү таза суу системасын куруу боюнча подряддык компаниялар менен айыл өкмөттөр ортосунда келишимге кол коюу иш-чарасы болуп өттү.
Курулуш жумуштары жакын арада башталып, 1 жылдын ичинде бүткөрүлөт. Натыйжада эки айылда 32 чакырым суу түтүктөрү орнотулуп, 4 миң 500 адам суу менен камсыз болот.
Бул эки айылды таза суу менен камсыз кылуу «Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашат. Долбоор жалпысынан Баткен облусунун 44 айылын камтыйт. Долбоордо таза суу кирген ар бир үйгө суу өлчөгүчтөрүн орнотуу каралган, башкача айтканда көчөлөргө суу колонкалары коюлбайт. Бул чара сууну үнөмдүү пайдаланууга шарт түзөт.
Мындан сырткары, долбоордун алкагында ичүүчү сууну тейлөө мекемеси түзүлүп анын ийгиликтүү иштеп кетишине шарт түзүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.
«Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» долбоору АРИС аркылуу Баткен, Талас жана Жалал-Абад облустарындагы 86 айылда ишке ашырылууда.
Булак: kabar.kg
Добавить комментарий
Коом
Биткоиндин баасы 45 миң долларга төмөндөдү
Биткоин, дем алыш күндөрү позитивдүү кыймылда болгону менен, өсүшүн кармай албай, Coinmarketcap крипто биржасында баасы 45 миң долларга чейин төмөндөдү.
Бир суткада криптовалюта дээрлик 7% жоготту. Эске салсак, бир жума мурун биткоиндин баасы 35 миң долларга түшүп, кийин 52 миң доллар деңгээлине кайтып келген.
Добавить комментарий
Коом
Бишкекте бир жумада 4,5 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактысы катталды
2021-жылдын 30-апрелинен 6-майга чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 579 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— мас абалында автоунаа башкаруу — 32;
— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 9;
— айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 45;
— “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар авто унаалар — 34;
— башка жол эрежелерин бузуулар — 4 459.
Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, ар кандай эреже бузган 363 автоунаа айып короо жайына токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.
Добавить комментарий
Кылмыш-кырсык
«Жалдагы» балдар ооруканасында 38 жаштагы жаран антибиотик алып каза болду
Милиция Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы адамдын өлүмүнүн чоо-жайын айтты.
Маалым болгондой, 2021-жылы 1-апрелде саат 00: 14төр чамасында «102» кызматына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан бир адам каза болду деген чакыруу түшкөн.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маалыматында, саат 22:30 чамасында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 1982-жылы туулган жаран Ш.Б. дары-дармектерин алып келип, ийне сайдырган. Ал тамчылатуу жолу менен укол алган соң өзүн жаман сезген. Медайымдын алгачкы жардамына карабастан, эркек киши эс-учун жоготуп, каза болду.
Аталган факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын EРППне катталды. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды.
Эске салсак, «Жалдагы» балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө бир адам антибиотик алгандан кийин көз жумганы айтылган. Окуя түн ичинде болгон. 45 жаштагы эркек киши оорукананын ЛОР бөлүмүнө цефтриаксон алуу үчүн тааныш медайымга кайрылган. Ага реаниматологдор чакырылган. Адам (айрым маалыматтарга караганда, ал буга чейин каза болгон) жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылып, укук коргоо кызматкерлери сөөктү моргго жеткиришкен.
Добавить комментарий
Коом
Эртең, Бишкектеги 45 көчөдө электр жарыгы өчөт
Эртең, 17-ноябрда Бишкектеги 45 көчөдө электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда адистер көмөк чордон менен үйлөрдүн ичиндеги жабдууларды текшеришет.
Жарык өчө турган көчөлөрдүн тизмеси:
Саат 09:00-14:00 —Элебесов, Фере, Эне-Сай, Арал, Скрябин, Днепропетровский көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Памир, Новостроевский жана Бий туюк көчөлөрүндө;
09:30-13:00 — Ак-Өргө (От-Араба, Камбаркан, Саадак, Жетиген көчөлөрү), Арча-Бешик (Эшпай, Сары-Камыш, Торгой, Абаданов) конуштары;
09:30-18:00 —»Ак-Босого» конушунда (Чүй 48, Чүй 52, Чүй 53, Чүй 54, Чүй 55 даректеринде, Манас, Саадаев көчөлөрүндө), Алтын-Ордо конушунда;
10:00-15:00 — Баялинов, Федоров, Малиновая көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
10:00-17:00 — Армавирский жана Уркуя Салиева көчөлөрү;
11:00-17:00 — Көлмө (Дастан, Тынчтык, Сейил, Козу-Баглан, Жийделүү, Алтын-Бешик көчөлөрү) конушу;
11:00-17:00 —Карадарыя жана Жантөшев көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
13:00-17:00 — Кривоносова, Айни көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Арча-Бешик (Матисаков, Ош-3000, Масыралиев, Ысык-Көл көчөлөрү) конушунда жарык убактылуу өчүрүлөт.
Добавить комментарий
Коом
Адинайдын сиңдиси Жанэл: Эжеме 45 миң айлык сунуштаса баш тартып, кызыл зонада иштейм деп туруп алды
COVID19 илдети менен ооруган кызыл зонада иштеп жатып көз жумган 21 жаштагы маркум Адинайдын сиңдиси Жанэл эжеси тууралуу буларды айтып берди.
«Мектепти бүтсөм эжемдин жолун жолдойм деп максат койгом. Кудай ошол күнгө тилегими жеткирсин. Эжекем жүрөгүн жулуп элине арнап кетти. Ага 45.000сомго жумуш сунушталса дагы болбой, кызыл зонада иштейм деп туруп алды»,деди Жанэл.
Ал эми Адинайдын үй-бүлөсүнөн кабар алган Каниет Жыргалбеков коомчулукка кайрылуу жолдоп, Куран окуй жүрүүгө чакырды.
«Адинай такыр чарчабай иштегенин, жанындагы достору чарчап калса алардын пациенттерине дагы жардам кылганын атасы айтып берди. Бүгүн Ысык Атада Адинайдын үйүндө болдук, кайгыны тең бөлүшө билели. Биз Кыргызбыз, бирбиз! Тааныбайм дебей элим деген кыздын арбагына Куран багыштай жүрөлү! Адинай сенин эмгегин тарых бетинде калат! Тынч жат карындашым»,-деди Каниет Жыргалбеков.
Эске сала кетсек, Адинай Мурзабекова 16-июлда, борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон. Ал И.Ахунбаев атындагы КММА студенти болчу.
Добавить комментарий
Коом
Чубак ажы Жалилов 45 жашында дүйнөдөн кайтты
Бүгүн, 11-июлда белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 45 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Экс муфтий жана уламалар кеңешинин мурдагы мүчөсү, диний ишмер Чубак ажы Жалилов бүгүн түнү оор абалда улуттук госпиталга алынып келингени кабарланган. Бирок көп өтпөй эле пневмониядан улам каза болгондугу кабарланды.
Диний ишмер Чубак ажы Жалилов — 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн.
Ал — 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиясыдагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган.
Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Муфтий болуп иштеп турган убагында коррупцияга каршы бир топ реформаларды жасаган.
Дин аалымы ушул жылдын 16-июнунда эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу боюнча арыз жазган эле. Ал коомчулуктагы кырдаал тууралуу өз пикирин ачык айтып келген.
Добавить комментарий
Кылмыш-кырсык
Бириккен Араб Эмираттарында 45 кабаттуу асман тиреген имарат күйүп кетти
Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарындагы асман тиреген имараттардын биринде шейшемби күнү кечинде катуу өрт чыккан.
Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазып чыкты. Өрт Аль-Нахда кварталындагы 45 кабаттуу турак жайда орун алып, өрт дээрлик бүт имаратты каптады. Үйдүн бардык тургундары, ошондой эле коңшу бир нече имараттар эвакуацияланган. Өрттү өчүрүүгө бир нече өрт өчүрүү бригадалары тартылган. Күйүп жаткан имараттын ичинде болуп жаткан окуялар жөнүндө ишенимдүү маалымат алуу үчүн дрондор катышкан.
Кийинчерээк өрт өчүрүү кызматтары өрттү көзөмөлгө алганы белгилүү болду. Бийлик өкүлдөрү жети адам жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдиришти.
Добавить комментарий
Коом
Кыргызстан январда 4,5 млн даана тоок жумурткасын импорттогон
Республиканын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстан 4 млн 484.8 миң даана тоок жумурткасын импорттогон.
Жумуртка негизинен Казакстандан келет. Биринчи айда Казакстан Республикасы 3 млн 325.6 даана жумутка экспорттогон, же өлкөгө ташып киргизилген жумуткалардын 74.15%ын камсыз кылган.
Кошумчалай кетсек, Россия ошол эле январь айында Кыргызстанга 1 млн 159.2 миң даана жумуртка ташып киргизген.
Добавить комментарий
Коом
«Ноокен жаштары» 45 үй-бүлөгө жардам берди
«Ноокен жаштары» коомдук бирикмеси 10-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берди. Иш-чараны коомдук бирикменин төрагасы Кадырбек Абдыжапаров демилгелеп, кайдыгер эмес жарандардын көмөгү менен өттү.
Жаштар жалпы жонунан Ноокен районундагы 45 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратты. Өз кезегинде жардам алган жарандарыбыз жаштарга ак батасын берип, мындан аркы иштерине, окууларына ийгилик каалашты.
Коомдук бирикме муну менен гана чектелип калбастан, жакынкы күндөрү бул саамалыкты уланта турган болду.