Коом

«Жапаровго чейинкилер Токтогулду бошотушкан. Атамбаев ортомчулар аркылуу Казакстандан эң кымбат электр энергиясын сатып алган»

Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков Токтогул ГЭСтеги суунун көлөмү тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Ашыкча эч нерсе жок, жөн гана фактылар: 2021-жыл Токтогул суу сактагычын толтуруу үчүн азыркы президент С.Н. Жапаров Өзбекстан жана Казакстан менен Кыргызстанга бекер 1,6 миллиард кВт саат электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашты. Жапаровго чейинкилер, Токтогулду бошотушкан. 2014-жылы А. Атамбаев Казакстандан эң кымбат электр энергиясын 1 кВт саатына 9,5 АКШ центтен сатып алды. 1 миллиард кВт / саат көлөмүндө, жана калк үчүн тарифти 300% көтөрд!!! Анын үстүнө, ал өзү – Атамбаев ортомчулары аркылуу ошол эле Казакстанга 1 кВт саатына 2,8 АКШ центтен белгиленген көлөмдөн ашыкча экспорттоп, сууну “кургаткан”. 2010-жылдын октябрь айында өлкөнүн башкы суу чарба курулуштары толук кубаттуулукта толукталган. Бир сөз менен айтканда, Атамбаев элди да, өлкөнү да акылсыздык менен тоноп кетти!” — деп жазды эксперт Карыбеков.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button