Кылмыш-кырсыкСаясат

Жеңиш Молдокматов 6-июлга чейин камакка алынды

Бишкекте “Туран” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 6-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 8-майда анын башкоргоо чарасы каралып, сот аны 2021-жылдын 6-июлуна чейин Юстиция министрлигинин 1-убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечимин чыгарды.

Эске салсак, Жеңиш Молдокматов 6-май күнү күбө катары суракка чакырылган. Ошол жерден ага “Мекемени жана курал жарактарды басып алуу” беренеси менен айып тагылып, 2 суткага камалган болчу.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button