Месяц: Октябрь 2023

Айыл чарба министри дыйкандарды шафран өстүрүүгө чакырды

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дыйкандарды шафран өстүрүүгө чакырды. Маалыматка ылайык, айыл чарба министрлиги шафранды өлкө боюнча жайылтуу боюнча программа даярдап жатат. Документ кабыл алынса дыйкандар тренингден өтүшөт. Адис Абдыбек…

Товарды экспорттоо жана импорттоого уруксат берүү жөнөкөйлөтүлдү

Кыргызстан товарларды экспорттоо жана импорттоо боюнча документтерди кароонун мөөнөтүн кыскартты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Документтерди кароонун мөөнөтү жети жумушчу күндүн ордуна үч жумушчу күнгө чейин кыскарды. “Бул уруксат берүү…

Канат Сагынбаев президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Сагынбаев Канат Латипжанович КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин…

Даврон Алмазбеков президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алмазбеков Даврон Асхатович президенттин администрациясынын КР президентинин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Кадыралиев президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кадыралиев Азамат Сактанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Айбек Жунушалиев Бишкектин мэри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэри Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Аскат Алагозов президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Алагозов Аскат Жумакадирович президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Белгилей кетсек, буга чейин Эрбол Султанбаев президенттин басма сөз…

Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Султанбаев Эрбол Абдыкадырович Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси жана ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык…

Президент Жапаровго кыргызстандыктардын 80%ы ишенет – сурамжылоо

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Коомдук изилдөө борбору тарабынан 2023-жылдын 24-28-октябрь аралыгында «Кыргызстандыктардын ички саясаттын актуалдуу маселелерине жана азыркы эл аралык кырдаалга мамилеси» темасында республикалык социалдык сурамжылоо жүргүзүлгөн. Жогорку окуу…