Коом

2022-жылы кыргызстандыктардын реалдуу акчалай кирешелери 3,2 пайызга өстү

2022-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелери 3,2 пайызга өстү, деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылы 637,1 млрд. сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 17,6 пайызга көбөйдү.

Муну менен катар 2022-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү республика боюнча 559,2 млрд. сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 пайызга өстү.

2022-жылы калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери айына 7 396,7 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 5,5 пайызга көбөйдү.

2022-жылы милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери жалпысынан республика боюнча айына 7 948,4 сомду түздү жана 2021-жылга салыштырмалуу 19,6 пайызга өстү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгын канааттандырарлык деп тапты

Бүгүн, 21-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету каралды.

Депутаттардын суроолоруна Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жооп берди.

Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев 2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 1 млрд 662 млн сомго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын айтып, бул багытта укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев «Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар барбы?» — деген суроону узатып, бул уюмга 8 ачык акционердик коомду жана 8 мамлекеттик ишкананы модернизациялоо үчүн 1 млрд сом бөлүнгөнүн айтты. «Кыргызиндустрия» аталган 16 ишкананын ишин жандандыруунун ордуна «Кыргызмык», «Кыргызтопчу» жана башка ишканаларды түзө баштады», — деген Ж.Токторбаев отчетто «Кыргызиндустриянын» текшерүүсү тууралуу маалымат жок экенин кошумчалады.

Буга Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов “Кыргызиндустрия” ААКда 2023-жылы аудит жүргүзүлүп, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча мыйзам бузуулар аныкталганын маалымдады.

Андан тышкары, депутат Гүлшаркан Култаева аудит системасынын натыйжалуулугуна көңүл буруп, максатсыз пайдаланган каражаттарды мамлекетке кайтаруу маселесине токтолсо, эл өкүлү Кундузбек Сулайманов уурдалган каражаттарды мамлекетке кайтарып берүү мөөнөтүн кыскартуу зарылдыгын белгиледи.

Муну менен катар депутат Айбек Осмонов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарына кызыкты. Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаковдун айтымында, 2021-жылы аталган мекемеге 2 млрд 700 млн сом бөлүнүп, анан ичинде 46 млн сомдук мыйзам бузуулар табылган. “Азыркы учурда бул каражаттардын 92% мамлекетке кайтарылган”, — деди аудитор.

Ошондой эле депутат Марат Мураталиев Эсептөө палатасынын иши тууралуу сөз кылып, Министрлер кабинетин Эсептөө палатасынын корутундуларынын жана эскертмелеринин аткарылышына көңүл бурууга чакырды.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов Эсептөө палатасынын аудиторлорунан каражатты максатсыз пайдалануу жана уурдоо деген түшүнүктөрдү ажыратуу керектин айтып, жооптуу жетекчилердин кээ бир аракеттери мыйзам бузуу катары квалификациялоого дайыма эле негиз боло бербестигин жүйө келтирди.

Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиев коррупциялык тобокелдиктерди жана мыйзам бузууларды жоюу жана алдын алуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү, алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү маселелерин ортого салды.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар отчетту канааттандырарлык деп табышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылы Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны дээрлик эки эсеге көбөйгөн

2022-жылы Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн. Бул тууралуу журналисттерге УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынан 649 миң 919 жаран келсе, 621 миң 232 жаран чыгып кеткен, 2021-жылы Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны 1,9 эсеге аз болгон.

Ошол эле учурда, ТАСС агенттигине Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, учурда дипломатиялык өкүлчүлүктүн консулдук бөлүмүндө 15,2 миңге жакын адам туруктуу каттоодо турат.

«Убактылуу 6,500гө жакын», — деп белгиледи дипломатиялык миссия. Бул көрсөткүчтөр акыркы бир нече жылда көп деле өзгөргөн жок.

Мыйзамга ылайык, республикадагы орусиялыктар ыктыярдуу түрдө консулдук каттоого тура алышат, ошондуктан алардын көбү консулдук бөлүмдөргө баруунун зарылдыгын көрүшпөйт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Дайырбек Орунбеков: “2022-жылы жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин көбөйтүлдү”

Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу, чек арада жайгашкан аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат.

Аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмөк:

2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом
2022-жылы 4 млрд 879 млн 681 миң сом

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү төлөмдөр:

Бала кезинен майыптыгы барларга мурда 4000 сом төлөнсө, 2022-жылдан кийин 8000 миң сомго жогорулаган. Майыптын категориясына жараша төлөмдөр 100%дан 200%га чейин кошулду.

Ата-энесинен ажыраган балдарга берилүүчү төлөмдөр:

2022-жылдан тарта, жарым жетим балдардыкы 1000 сомдон 3000 сомго, томолой жетим балдардыкы 2000 сомдон, 6000 сомго көтөрүлдү.

Жалпы бюджети:
2021-жылы 4 млрд 136 миң 685 миң сом
2022-жылы 7 млрд 910 млн 498 миң сом

Персоналдык ассистент (дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын камкорчусу)

Мурда 4000 сом болсо, 2022-жылдан тарта 6300 сомго жогорулады.

Жалпы бюджети:
2021-жылы 491 млн 589 миң сом
2022-жылы 805 млн 933 миң сом

Интернат жатак үйлөрүндө жашаган майыптыгы бар жана улгайган жарандардын бир күндүк тамак ашына каралуучу төлөмдөргө эки эсе кошулду:

Бул үчүн, 2021-жылы мамлекет бюджетинен
79 млн 558 сом каралса,
2022-жылы 166 млн 938 миң сом бөлүнгөн.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен, 2022-жылы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында 2800 үй-бүлөгө 100 000 сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилген.

Быйыл, 2023-жылга 10 миң үй-бүлөгө 100 000 сомдон берилет. Бул каражат, чакан ишкерчилик менен алектенүүгө, эмгек кылууга шыктандырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты театр актрисасы аталды

КР эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты театр актрисасы аталды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Кыргыз улуттук театр өнөрүнүн мыкты актрисасы Анара Сыдыгалиеванын эл аралык сыйлыгы кут болсун”, — деген Раев.

Белгилей кетсек, эл аралык театр күнүнө карата ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Түркиянын эң кадыр-барктуу “Театр” уюму 2022-жылдын Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр сыйлыгына татыктуулардын ысымын жарыялаган.

Сыйлык үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Түркиянын Стамбул шаарында тапшырылат.

Анара Сыдыгалиева Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Белгилүү театр жана кино актеру Азиз Мурадиллаевдин апасы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылы Кумтөрдүн алтын сатуудан түшкөн кирешеси 1 млрд долларга жеткен

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Компаниянын маалыматы боюнча, 2022-жылы 555 миң 691 унций сатылып, бул 17 миң 284 кг алтынды түзгөн. Ошентип, 2022-жылга алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 986,5 млн долларды түзгөн.

2009-жылы «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана КР өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра түзүлгөн келишимде (РПСА) каралгандай, «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат.

Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатууга өзгөчө укук Атынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра түзүлгөн келишимдин жоболоруна ылайык «Кыргызалтын» ААКка гана таандык.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылы калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 миллиард сом бөлүнгөн

Акыркы дүйнөлүк окуялар жана эл аралык рыноктордогу туруксуздук Министрлер Кабинетин тышкы таасирлерди жумшартуу жана жеңүү үчүн антикризистик планды иштеп чыгууга мажбур кылды, деп белгиледи КРнын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев коллегиясынын жыйынындагы өзүнүн баяндамасында.

Кризиске каршы иш-чаралардын планына 51 иш-чара киргизилип, планды ишке ашырууга бюджеттен 126 миллиард сом бөлүнгөн. Иш жүзүндө калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 миллиард сом бөлүндү, анын ичинде:

-азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн айыл чарба муктаждыктарына, ирригацияга жана эң керектүү товарларга бааларды турукташтыруу боюнча иш-чараларга 8,5 миллиард сом бөлүндү;

социалдык тармакка 35,8 млрд сом сарпталды;

финансылык туруктуулукка 36,0 млрд сом бөлүндү;

ишкерлерди колдоого 37,5 млрд сом бөлүндү;

энергетикалык коопсуздукка 15,3 млрд сарпталды.

Министр кризиске каршы план ички ресурстардын негизинде иштелип чыкканын жана тышкы демөөрчүлөрдүн жардамынан көз карандысыз болгонун баса белгиледи.

2022-жылы ички рынокту социалдык маанилүү товарлар менен толтуруу артыкчылыктуу багыт болду. Бул үчүн квоталарды бекитүү, нөлдүк ставкада маанилүү товарларды алуу иш чаралары кабыл алынды. Ошондой эле азык-түлүк товарларына рыноктук бааны кармап туруу жана турукташтыруу максатында, социалдык маанилүү товарлар үчүн КНСтин нөлдүк ставкалары белгиленди.

Натыйжада жыл аягына чейин жеңилдик 950 миллион сомдун тегерегинде болду.

Биринчи жолу кумшекер жана ун рыногунда бааларды кармап туруу үчүн өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, соода объектилери менен келишимдерди түзүү үчүн келишимдер түзүлдү колдонулду. Калкка күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү жана аларга болгон бааны кармоо максатында бюджеттик колдоо көрсөтүлүп, дээрлик 3 млрд сом кредит берилди.

Көмүрдүн баасы 8-10 миңге чыгып кеткенин эске алуу менен ыкчамдуу түрдө бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында: ундун баасы 45 сомдон 42 сомго арзандады; өсүмдүк майынын баасы 180 сомдон 145 сомго чейин төмөндөдү; кум шекерге болгон баа 100 сомдон 85 сомго чейин төмөндөтүлдү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Данияр Амангелдиев: 2022-жылы ички дүң продукциянын көлөмү дээрлик 919 миллиард сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 7 пайызга өстү

Мындай маалыматты Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрликтин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары боюнча коллегияда билдирди.

ИДПнын өсүшү ыкчам кабыл алынган кризиске каршы чараларды ишке ашыруунун жана жагымдуу иш чөйрөсүн түзүүнүн, ошондой эле ички резервдерди стимулдаштыруу боюнча чараларды көрүүнүн эсебинен мүмкүн болду.

Мындай жогорку темпте өсүүнүн маанилүү шарты болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштыруу жана администрациялоо боюнча кабыл алынган олуттуу иш чаралар. Салыктык түшүүлөр 229 млрд сомду түзүп, анын ичинде дээрлик 154 млрд сому салык саясатынын чаралары менен, ал эми 74 млрд сому бажы төлөмдөрүнөн камсыз кылынды. Өткөн жылга салыштырмалуу салык жана бажы төлөмдөрүнүн өсүшүн 48,3 жана 58,5 пайызга жогорулады.
  • Монетардык эмес жана монетардык саясаттын чараларынын негизинде инфляция белгиленген чектерде сакталган. Жылдын жыйынтыгында инфляция 14,7% түздү. Кризиске каршы чаралар кабыл алынбаганда инфляциянын деңгээли 18% же андан да жогору болмок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Юстиция министрлиги 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Юстиция министрлигинде коллегиянын отуруму өтүп, анда 2022-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары каралды жана 2023-жылга карата пландар талкууланды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, юстиция министри жана министрдин орун басарлары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коллегияда тейленген багыттар боюнча аткарылган иштердин отчеттору берилип, көйгөйлүү маселелер, Юстиция министрлигинин жана коллегиянын 2023-жылга карата иш планы бекитилди.

Коллегиянын соңунда министр Аяз Баетов 2023-жылга карата иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, биринчи кезектеги милдеттерди койду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылы кыргызстандыктар эң көп кредитти соода жана айыл чарба тармагына алышкан

2022-жылдын 31-декабрына карата банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 204 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинде:

  • өнөр жайына берилген кредиттер — 13.7 млрд сомду түзгөн (1.1%га азаюу менен)
  • айыл чарбасына берилген кредиттер — 37.1 млрд сомду түзгөн (11.7%га өсүү менен)
  • соода чөйрөсүнө кредиттер — 56.2 млрд сомду түзгөн (9.6%га өсүү менен)
  • курулушка берилген кредиттер — 12.9 млрд сомду түзгөн (4.5%га азаюу менен)
  • ипотекага берилген кредиттер — 24.4 млрд сомду түзгөн (22.2%га өсүү менен)
  • керектөө үчүн берилген кредиттер — 33.1 млрд сомду түзгөн (48.9%га өсүү менен)
  • жана башкалар боюнча берилген кредиттер — 26.8 млрд сомду түзгөн (3.9%га азаюу менен).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылы миңден ашуун адам каржы пирамидасынын курмандыгы болгон

2022-жылы каржы пирамида фактылары менен жалпысынан 1 миң 52 кылмыш иши тергелип, 765 иш соттук кароого жиберилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Калгандары боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 27 жана 246-беренелеринин негизинде өндүрүштөн кыскартылган же токтотулган кылмыш иштери бар.

Ал эми жабырлануучулардын саны 1 миңден ашык адамды түзөт. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 273 млн сомдон ашык жана 1 млн 579 миң доллардан (болжол менен 137 млн 373 миң сом) ашык сумманы түзөт. Жалпы сумма болжол менен 410 млн 373 миң сомду түзгөн.

Каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгү фактылары боюнча кылмыш иши козголгон: “Мега Инвест”, “Элиза үй буюмдары”, “Асыл айымдар”, “Финико”, “Файв виндс ассет мейважмемт”, “Ордо-Мурас”, “Аруке”, “Жүрөкө-Жүрөк”, “Балыкчы Ынтымагы”, “Мега Инвест”, “Аппи Трэвелс”, «Алмаз Авто», “Эл Биримдик”, “Нворк”, “Куестро Ворд”, “ОК платформа” жана башкалар.

Каржы пирамидалары өз ишмердүүлүгүн Бишкек, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын аймагында жүргүзүшкөн.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга акчаны күмөндүү уюмдарга салуу кооптуу экенин эскертет.

“Каржы пирамидалар каржы уюмдары эмес жана депозиттерди кабыл алууга лицензиясы жок. Жарандар каржы пирамидаларына акча салуудан мурда аларды жоготуу коркунучу бар экенин толук түшүнүшү керек. Анын катышуучуларынын ортосундагы мамиле өз ара ишенимге негизделген, демек, акчаңыздын коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албайт”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Салык кызматы 2022-жылдын планын ашыгы менен аткарды

2022-жылы 207,9 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Бул  белгиленген пландан 3,7 млрд сомго ашык.

Ал эми 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63,8 млрд сомго көп.

Салык кызматы салык боюнча пландык тапшырмаларды бир катар факторлордун негизинде ашыгы менен аткарды.  Анын ичинде салыктык башкарууну өркүндөтүү, ишкерлерге онлайн кызмат көрсөтүү.

«СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, ККМ-онлайн, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз жана башка долбоорлор да өзүнүн жыйынтыктарын берди.

Бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле, өз натыйжасын жаңы Салык кодексинин нормалары берди.

Ал ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, ата мекендик продукцияны чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу үчүн натыйжалуу инструменттерди түзүүгө, ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда 2022-жылы кимдердин айлыгы көтөрүлдү? Тизме

Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин социалдык жактан колдоо жана статусун жогорулатуу, ошондой эле алардын эмгеги үчүн кошумча стимул берүү максатында 2022-жылы эмгек акы 50%дан 100%га чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык:

— 2022-жылдын 1-апрелинен баштап медицина кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 50%га жогорулады;

— 2022-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы (мектепке чейинки, жалпы орто, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында) 80%га, административдик персоналдыкы – 50%га, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдыкы – 50%га жогорулады;

— 2022-жылдын 1-апрелинен тартып маданият, искусство, маалымат жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га көтөрүлдү;

— 2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык камсыздандыруу системасынын 2850 кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 50 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулатылды;

— 2022-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү;

— 2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларына кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылган.

Ошондой эле, укук коргоо органдарын чыңдоо, эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуунун алкагында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы да жогорулатылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КоомЭкономика

2022-жылга карата аралыктагы жыйынтыктар. Максат – Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кылуу

2022-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болуп, анда 2022-жылдагы негизги экономикалык жетишкендиктер талкууланды.

Бирок мен адегенде ата мекендик салык төлөөчүлөргө бул окуянын алдында эмне болгонун кыскача эскертип коюуну максатка ылайыктуу деп эсептейм.

Эл аралык эксперттердин жана дүйнөлүк каржы институттарынын 2022-жылдын башындагы Кыргыз Республикасы үчүн капа болгон божомолдору жыл аягына чейин кандай жыйынтыктарга жетебиз деген божомолдору ишке ашкан жок. Эң пессимисттик божомол Moody’s агенттиги тарабынан айтылып, Кыргыз Республикасынын экономикасы 1% го төмөндөйт деп күткөн. Бир аз жубатарлык, алар айткандай, экономикабыздын ɵсүшү начар болот деген эсеп-кысаптар болду. Бирок чындык түп-тамырынан бери башкача болуп чыкты: Кыргыз Республикасынын экономикасы олуттуу өсүш менен мүнөздөлдү. Ата мекендик экономика Украинадагы согуштун терс таасирине туруштук бере алды.

Бул Украинадагы кырдаалга байланыштуу финансылык рыноктордогу башаламандык, көптөгөн өлкөлөрдө көзөмөлсүз мамлекеттик чыгашалар сыяктуу чакырыктардын жана тобокелдиктердин терс таасирин тегиздөө үчүн, стимулдаштыруу саясатынын жогорку деңгээлдеги фонунда жоюлгандыгы менен байланыштуу. Инфляция, өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнүн басаңдашы РФ – Кыргыз Республикасынын жетекчилиги 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы планын жана Иш планын иштеп чыккан.

Салыктык башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын чечкиндүү аракеттери 2022-жылы акча каражаттарын чогултууну кыйла жакшыртты: 2022-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик бюджетке кирешелер 122019,6 млн сомду түздү, бул 2021-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 49,5%га өсүүгө туура келет. Кирүүчү ресурстардын негизги үлүшүн (76,3%) салыктык кирешелер ээлеген. Фискалдык саясат экономиканы колдоого жардам берди.

ИДП негизги металлдарды, полиграфия продукциясын, мунай жана тамак-аш продуктыларын, текстиль, булгаары, тоо-кен өндүрүшүн өндүрүүнүн эсебинен өскөн. ИДП сооданын, айыл чарбанын жана курулуш секторунун өнүккөнүнүн аркасында да өсүп жатат.

Алсак, январь-сентябрь айларында тышкы сооданын көлөмү өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 35,9%га өскөн. 2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасынын көлөмү 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30%га өстү. 2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (70,1%) жана Казакстанга (27,6%) туура келген.

2022-жылдын январь-октябрь айларында айыл чарба дүң продукциясынын өсүү темпи 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 106,7% дытүздү. «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында коммерциялык банктар тарабынан 7 миң 930 айылдык товар өндүрүүчүгө 4 миллиард сомдон ашык жеңилдетилген насыялар берилди.

Министрлер кабинетинин жогоруда аталган жыйынында КР Президенти Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып, январь-ноябрь айларында ИДП 781,4 млрд сомду түзүп, 7%га өскөнүн билдирди. Ошол эле учурда консолидацияланган бюджет 400 миллиард сомдон ашык көрсөткүч менен жабылат.

Андан ары мамлекет башчы мамлекеттик казынаны олуттуу толтуруунун аркасында 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик бюджеттин эсебинен гана 200 социалдык объектинин курулуш-оңдоо иштери аяктаганын айтты. 2022-жылы мамлекеттик инвестициялык каражаттарды өздөштүрүү бекитилген бюджеттин 90,3%ын жана такталган бюджеттин 95,7%ын түздү. Бул акыркы 8 жылдагы мамлекеттик инвестициянын эң жогорку эффективдүү көрсөткүчү.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын январь-октябрь айларында көптөгөн тармактарда айлык акылар жогорулаганын эске салды. Тактап айтканда, искусство жана эс алуу чөйрөсүндө — 65,7%, саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө — 52,2%, билим берүү тармагында — 43,5%, милдеттүү социалдык камсыздоо тармагында — 28,1% …

КР Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров салык чогултуу аркылуу социалдык милдеттенмелерди аткарууга болорун белгиледи: “Акыркы 10 жылда салыктын түшүүсү жылына эң көп дегенде 70 миллиард сомго жетти. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 155 миллиард сом киреше алып жатабыз… Мамлекеттик бажы кызматы менен Социалдык фонд жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Саясий эрк болуп, ар кандай “крышаларды” жоюп, фискалдык саясатты жакшырттык, киреше ала баштадык. Салыктын жаңы түрлөрүн киргизген жокпуз жана салык процедураларын фискалдаштыруунун негизинде компетенттүү салык-бюджет саясатын жүргүзүү менен гана ийгиликке жетиштик”.

Жыйында ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталганы айтылды. Жылдын орчундуу окуяларынын бири Кумтөрдүн Кыргыз Республикасынын көзөмөлүнө өтүшү. Евразия өнүктүрүү банкы алтын өндүрүүнүн көбөйүшү өлкөнүн экономикасынын өсүшүнүн негизги фактору болот деп эсептейт. Көз карандысыз эл аралык эксперттердин (анын ичинде ЕӨБ эксперттеринин) пикири боюнча, “2022-жылдын жазынын орто ченинде башталган сомдун курсунун бекемделиши 2023-жылдын башында тышкы инфляциялык факторлордун таасирин жарым-жартылай жокко чыгарат. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасы 3,5% өсүшү мүмкүн”.

Министрлер кабинетинин жыйынында 2022-жылдагы министрликтердин жана ведомстволордун ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында 10 мамлекеттик орган “эң жакшы” деген баа алганы белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров мыкты деп табылган мекемелердин тизмесин берди: Мамлекеттик салык кызматы; Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Ички иштер министрлиги; Коргоо министри; Тышкы иштер министрлиги; Юстиция министрлиги; Улуттук статистикалык комитет; Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик; Социалдык фонд. 19 мамлекеттик орган «жакшы» деген баа алган.

Жыйында 2022-жыл Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү жылы деп айтылды.

Ар бир мамлекеттин стабилдүүлүгү соттордун иши менен байланыштуу. Андыктан, ошол кезде М.Кийизбаев (КАБАР) маалымдагандай, август айынын башында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жогорку Сотко болгон жумушчу сапарынын алкагында сот системасын санариптештирүү процесси менен таанышып, сот системасында көп иштер аткарылды. Сотторго автоматтык маалыматтык системаны (АИС) киргизүү сот тутумунун иш кагаздарын жүргүзүү принцибин өзгөртөт, анын ачыктыгын жогорулатат. Сот аткаруучулар кызматынын ишин жакшыртуу максатында Сот департаментине 35 техника алынды. Евробиримдиктин «Кыргыз Республикасындагы мыйзам үстөмдүгү» программасы тарабынан көрсөтүлгөн эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасындагы сот реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүштү. Эми АИСге биринчи инстанциядагы 64 сот, экинчи инстанциядагы 8 сот, ошондой эле Жогорку соттун баары кошулган. Сот процесстерин автоматташтыруу сот системасынын ишин тездетти. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун айтымында, сот реформасы боюнча реалдуу иштер эми гана башталды. «…Соттордун айлыгы эгемендиктин тарыхында биринчи жолу 50%га көтөрүлдү. Биз санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн киргиздик. Соттордун иши автоматташтырылган, судьялар менен байланышуу мүмкүнчүлүгү кыскарган. Биз ротация жүргүзүп, соттордун кынтыксыз иштешин камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түздүк», — деди ал.

Демек, биздин коомдо, албетте, жакынкы келечекке белгилуу оптимизм менен кароого негиз бар.

Ялкун Даутов,

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү,

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Министрлер кабинетинин башчысы 2022-жылдын негизги жетишкендигин белгиледи

Өтүп бара жаткан жылдын эң маанилүү жетишкендиги катары Кумтөр кенинин Кыргызстандын элине кайтарылышы саналат. Мындан ары «Кумтөр» Кыргыз Республикасынын элине таандык деп сыймыктануу менен айта алабыз, анткени бул экономикалык гана жетишкендик эмес, өлкөнүн жаңы тарыхын эки доорго бөлгөн окуя. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2022-жылдагы мамлекеттик органдардын ишинин негизги жыйынтыктары каралып жаткан министрлер кабинетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

«11 жылда (2010-2021-жылдары) өлкөгө төлөнгөн дивиденддердин жалпы суммасы 5,3 млрд сомду түздү. 2022-жылы 10 айда эле «Кумтөр» кенинен 26,5 млрд сом чогултулган”, — деп белгиледи Акылбек Жапаров жана 2018-жылы тоо-кен тармагынан – 11 млрд сом, 2019-жылы – 13 млрд сом, үстүбүздөгү жылы 48 млрд сом каражат түшкөндүгүн, бул 3 эсеге көп экендигин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Садыр Жапаров быйыл Бишкек шаарында 15 мектеп жана 1 бала бакча курган курулуш компаниялардын өкүлдөрүн сыйлады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында 2022-жылдын 5 ай ичинде 15 жалпы билим берүү мекемесин жана 1 бала бакча курган курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сыйлады.
Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, өлкөнүн азыркы жана келечектеги дүйнөдөгү ордун аныктай турган билим берүү системасын өнүктүрүүнүн чечүүчү ролун белгиледи.
Президент Садыр Жапаров борбор калаадагы айтылган билим берүү мекемелерин кыска мөөнөттө курган курулуш компаниялардын өкүлдөрүн сыйлады.
Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу жана жалпы билим берүү мекемелерин курууга жана ишке киргизүүгө активдүү катышкандыгы үчүн:
— «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» ардак наамы «Строительная компания «Авангард Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эрнис Минкеевге тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:
— „Строительная компания «Авангард Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун өндүрүш боюнча орун басары Сергей Белов;
— «Эталон Вин Спец Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бактияр Джаманбаев;
— «Аргын Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Кубанычбек Жарыкбашев;
— «Улар-Транс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Уланбек Калмаматов;
— «Лидер Хаус» Курулуш компаниясы“ жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Адилет Кененбаев;
— «Компания Рамзан» жоопкерчилиги чектелген коомунун инженер-куруучусу Сапарбек Омургазиев;
— «Ясин Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мирбек Эргешов.
Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан:
— «Лидер Хаус» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары Нургазы Асанбаевге;
— «Строительная компания «Авангард Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун логистика боюнча орун басары Марат Матеновго алкыш жарыяланды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

2022-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү

2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

“Салмак жагынан алып караганда 3 млн 471,6 миң тоннаны түзөт”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын товарлардын жалпы экспортунун көлөмү 500,2 млн доллар каражатты, салмак жагынан алганда 1 млн 936 миң тоннаны түздү. Ал эми импорттун көлөмү 4 млрд 689,1 млн доллар, салмагы 1 млн 535,6 миң тонна көрсөткүчтө болду.

Мындан сырткары, 2022-жылы Кытайдан товарлардын импорту 2 млрд 807 млн доллар же 607,3 миң тоннаны түзүп, андан 35,7 млрд сом бажы төлөмдөр чогулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Садыр Жапаров “АгроТехЭкспо-2022” айылчарба көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкесине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «АгроТехЭкспо-2022» айыл чарба техникасынын көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» жарманкесине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы «АгроТехЭкспо-2022» көргөзмөсүнө коюлган айыл чарба техникалары, ошондой эле мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы жетишкендиктер менен таанышты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров «Алтын күз»  жарманкесинде өлкөнүн аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары менен таанышты.

Возможно, это изображение 8 человек, ребенок, люди стоят и на открытом воздухе

Андан соң, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин күнүнүн 95 жылдыгына жана агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Ал айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, агроөнөр жай тармагы өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын ак ниет эмгеги жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына байланыштуу төмөнкү ишкерлерге жана айыл чарба кызматкерлерине ыраазычылык билдирди:

Мирлан Мырзакановго — «Эфтар Агро Комплекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Гүлүмкан Болотовага — «Чабрец» дыйкан-фермердик чарбасынын башчысынын мал чарбасы боюнча орун басары;

Александр Колодняжныйга — «Кирби» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Эмильбек Кыдыкмановго — Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин стратегиялык пландоо жана талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

Мырзабек Орумбаевге — «Адал Азык» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылдын башында энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет 12,5 млрд сом бөлгөн

Быйылкы жылдын башында энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 12,5 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каржылоо 15,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

«Отун сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого — 9 млрд сом, Камбар-Ата-1 ГЭС курулуш иштерин баштоого даярдык көрүү этабына 1,6 млрд сом бөлүндү. Үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин Токтогул ГЭСинин 4-гидроагрегатын ишке киргизүү пландалууда. Натыйжада, Бишкек ЖЭБиндеги жүктөм бир топ кыскарат», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал белгилегендей, быйыл өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын көрсөткүчтөрү былтыркыга салыштырмалуу жакшы.

«Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,5 млрд куб метрге көп. 2022-жылы өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 16 млрд кВт саатты түзөт. Электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоо максатында Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан Республикасы менен тиешелүү келишимдер түзүлдү», — деди Акылбек Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте “Агротехэкспо-2022” агроөнөр жай көргөзмөсү жана айыл чарба жарманкеси өтөт

20-22-октябрь аралыгында Бишкек шаарындагы эски аянтта “Агротехэкспо-2022” агроөнөр жай көргөзмөсү менен биргеликте Organic Expo 2021 органикалык көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, бул көргөзмө-жарманке КР Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулууда.

“Көргөзмөдө заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, асыл тукум мал жандыктар, органикалык продукциялар көрсөтүлүп, мастер-класстар жана сынактар уюштурулат” , — деди ал.

Алишеров белгилегендей, аталган иш-чаранын алкагында Organic Expo 2021 жарманке-көргөзмөсүндө органикалык айыл чарба азык-түлүгүнүн бардык түрлөрү сатылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ошто бизнес-форум жана “Түштүк Экспо-2022” көргөзмө-жарманкеси өтөт

15-17-сентябрда Ош шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча 10-өкмөттөр аралык Беларус-Кыргыз комиссиясынын жыйыны, бизнес-форум жана “Түштүк Экспо-2022” көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэрияда аталган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өтүп, анын алкагында тиешелүү кызматтарга иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Беларусь делегациясынын башында Беларусь Республикасынын премьер-министринин орун басары А. Сивактын келиши күтүлүүдө. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Беларусь-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлат.

Ошондой эле шаардын ири өнөр жай ишканаларына барып, анын ичинде “Кыргыз унаа курулуш” заводу менен таанышуу болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Без рубрики

Баткен облусунда “МАК-2022” иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат

Баткен облусунун аймагында “МАК-2022” иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат. Ушул иш-чаранын алкагында Кадамжай РИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана милициянын участкалык уполномоченныйлары А.Масалиев айыл аймагынын өкүлдөрү менен топторду түзүп, иш-чараларды улантууда.


Чогуу иш алып барган топтор А.Масалиев айыл аймагындагы жашаган жергиликтүү тургундардын баңгилик кылмышына баруунун алдын алуу максатында жалпысынан 9,5 га жерди карап чыгып, болжол менен 5 тоннадай жапайы өскөн кара куурайлар өрттөлүп жок кылынды.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт — 2022» биргелешкен машыгуусу башталды

Бүгүн, 3-августунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Эдельвейс» аскер полигонунда КР Ички иштер министрлигинин жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн катышуусунда «Кобальт — 2022» атайын-тактикалык машыгуусунун ачылышы болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, машыгуунун ачылышында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, машыгуунун негизги максаты ЖККУга мүчө мамлекеттердеги кылмыштуулук менен күрөшүүдө күч түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын бекемдөө болуп саналарын белгиледи.

Белгилей кетсек, мындай машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында тажрыйба алмашуу максатында уюштурулуп келет. Аталган машыгууга Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Россиянын өкүлдөрү катышты.

Ачылышында уюмга мүчө мамлекеттердин гимни жаңыргандан кийин аскердик салтанаттуу жүрүш болуп өттү.

Эскерте кетсек, аталган машыгуу «Эдельвейс» полигонунда 2022-жылдын 5-августуна чейин болуп өтөт. Машыгуунун жүрүшүндө атайын багыттагы күчтөр, “бандиттик, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын жабуу жана сактоочу жайларды, лабораторияларды табуу боюнча окуу-практикалык жана ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат.

Машыгуунун мерчеми боюнча атайын операцияны пландаштыруу, ар кандай күчтөр менен каражаттарды башкаруу жана өз ара аракеттенүүнү уюштуруу маселелери боюнча ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн (ФССН КСОР) Ыкчам штабы менен командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү каралган.

Машыгуунун соңунда ар кандай куралдардан ок атуу боюнча мелдештер, ошондой эле машыгууга катышкан командалардын арасында футбол жана волейбол боюнча спорттук мелдештер уюштурулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетке 104,5 миллиард сом түштү

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетке 104,5 миллиард сом түштү. Бул тууралуу  маалымат жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Бакетаев бюджетке канча киреше түшкөнү жана каражат кайда жумшалганы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, ошондой эле Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин же консолидацияланган бюджетти камтыган мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстарынын пландык көрсөткүчтөрү 188 миллиард сомго, ал эми анын аткарылышы 190 миллиард сомго жетти.

Бажы кызматынан 31 миллиард 726 миллион сом, Салык кызматынан 72,8 миллиард сом түшкөн. Былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүч бир жарым эседен ашык – 53,4 пайызга өскөн.

«Мындай өсүү темпи каттала элек болчу. Буга чейин өсүш 9-12 пайызды түзгөн. Көрсөткүчтөр Салык кодексин башкаруу боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында жетишилди. Бул дагы чек эмес, бирок бүгүнкү күндө коомчулук жана бизнес тарабынан берилген көптөгөн суроолор бар» , — деди министр.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-июлда Финансы, Экономика жана коммерция министрлери жарым жылда аткарган иштери тууралуу отчет берүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Шоу-бизнес

Бек Исраилов «Славян базары – 2022» фестивалында үчүнчү орунду ээледи

Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов «Славян базары – 2022» фестивалында үчүнчү орунду ээледи.

Конкурс 18-июлга караган түнү Беларустун Витебск шаарында өттү. Ырчы Бек Исраилов 16-июль күнү конкурстун биринчи турунда Александр Серовдун «Я люблю тебя до слёз» аттуу ырын аткарды.

Сынакта Лариса Долина, Вреж Кирокосян, Руслан Алехно, Микаэла Роуз («Арабеск» тобунун мүчөсү), Леонид Пташка, Марио Стефано Пьетродарчи жана Яна Клавина калыстык кылды.

Белгилей кетсек, «Славян базары» фестивалы 1992-жылдан тарта жыл сайын Витебск шаарында өткөрүлүп келет. 30 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул сынакка буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкая, ырчылар Нэна, Эрлан Андашев катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.

Быйыл аталган сынакка 14 өлкөдөн келген ырчылар катышты.

Бек Исраилов 1992-жылы Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Бар-Булак айылында туулган.

Ал 2017-жылы К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Садыр Жапаров: 2022-жылы мектеп, медициналык мекеме жана башка социалдык объектилердин курулушуна каражаттар өткөн жылга караганда эки эсе көп бөлүндү

“Мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка жаңы социалдык объектилерди куруу, башталып калгандарын бүткөрүү үчүн быйыл 13 млрд сом бөлүп жатабыз. Бул 2021-жылга караганда дээрлик эки эсеге көп”,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы ошондой эле, өлкөбүздө эң маанилүү болгон энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн быйыл 12,5 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи.  Салыштыруу үчүн айтсак, 2021- өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна 3,4 млрд сом эле бөлүнүп берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

Акылбек Жапаров: 2022-жылдын эки айында ИДПнын реалдуу өсүү темпи 102%ды түздү

2022-жылдын алгачкы эки айында ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 102%ды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында президенттин администрациясынын жетекчиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин өткөн жылы көрүлгөн жана ишке ашырылган чаралар өлкөнүн экономикасын оң өсүшкө кайтарууга мүмкүндүк берди.

“Бүгүнкү күндө экономиканын эң жогорку темпи байкалуудаю ошентип, 2022-жылдын эки айында салыктык эсептер боюнча төлөмдөр 180%га аткарылды, пландалган 24 млрд 8 млн сомдун ордуна 25 млрд 9 млн сом түштү. Ошондой эле бажы чегерүүлөрү боюнча план 203,6%га аткарылып, пландалган 7 млрд 5 млн сомдун ордуна 9 млрд 7 млн сом түшкөн. Жалпысынан 2022-жылдын эки айында ИДПнын реалдуу өсүү темпи 102%ды түздү”, — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Спорт

Нооруз-2022: Салбуурун боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныктылды

Ысык-Көл облусунда “Нооруз-2022” элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында салбуурун боюнча мелдештин финалдык беттештери өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен кабарлашты.

Оюн 21-март күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өттү. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери:

Куш салуу:
1-орун – Жаныш Кадыркулов, байге – 11 500 сом;
2-орун – Белек Медетбеков, байге – 9 500 сом;
3-орун – Абдылда Тынчтык уулу, байге – 7 500 сом;

Кыз-келиндер арасында жаа атуу:
1-орун – Асел Садырова, байге – 13 500 сом;
2-орун – Назгүл Шапиева, байге – 11 500 сом;
3-орун – Гүлжан Бургхан кызы, байге – 9 500 сом;

Эркектер арасында жаа атуу:
1-орун – Ынтымак Мурадил уулу, байге – 13 500 сом;
2-орун – Бактыбек Шейшенбаев, байге – 11 500 сом;
3-орун – Нурсултан Эсенкан уулу, байге – 9 500 сом;

Тайган жарыш:
1-орун – Марат Алчынбаев, байге – 12 500 сом;
2-орун – Замир Акматов, байге – 10 500 сом;
3-орун – Арслан Облусбеков, байге – 8 500 сом.

Далба ойнотуу:
1-орун – Муратбек Абдылдаев, байге – 11 500 сом;
2-орун – Нурсейит Бейшебеков, байге – 9 500 сом;
3-орун – Нурсултан Көлбаев, байге – 7 500 сом.

Табак атуу:
1-орун – Тимур Болотбеков, байге – 11 500 сом;
2-орун – Кубан Токтоназаров, байге – 9 000 сом;
3-орун – Арстан Кабылов, байге – 7 500 сом.

Бүркүт чырга:
1-орун – Нурсултан Мукаев, байге – 11 500 сом;
2-орун – Салават Айбек уулу, байге – 9 500 сом;
3-орун – Темиркан Болотбеков, байге – 7 500 сом.

Атчан жаа атуу:
1-орун – Алмазбек Акунов, байге – 13 500 сом;
2-орун – Ынтымак Мурадил уулу, байге – 11 500 сом;
3-орун – Бактыбек Шейшенбаев, байге – 10 500 сом.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери Дене тарбия жана спорт Департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын атынан дипломдор, медалдар менен сыйланышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте “Кайра жандандыруу 2022” антикризистик форуму ачылды

Бишкекте “Кайра жандандыруу 2022” антикризистик форуму ачылды. Анын ишине КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, бизнес өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышууда.

Форумда Россиядагы санкциялардын Кыргызстандын каржы жана реалдуу секторуна тийгизген таасири, мүмкүн болуучу жаңы перспективалар жана рыноктор, ошондой эле республиканын агро өнөр жай тармагындагы кырдаал талкууланды.

«Бүгүнкү күндө бардык мүмкүнчүлүктөр мобилизацияланды жана кризистик кырдаалдан чыгууга багытталган. Министрлер кабинетинин акыркы жыйынында айрым тармактар ​​үчүн сырьену импорттоого салык жүгүн жеңилдеткен бир катар ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Айрым товарларга КНС алынып салынды. Бул учурда болуп жаткан баанын өсүшүн минималдаштырууга тийиш”, — деди КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Ал ошондой эле социалдык маанидеги азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашууларга жетишилгендиктен, калк арасында азык-түлүккө карата дүрбөлөңгө түшүүгө өбөлгөлөр жок экенин белгиледи.

«Өкмөттүн антикризистик планы биринчи кезекте каржы рыногун турукташтырууга, айыл чарбасын колдоого, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган», — деди министр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Спорт

«Пекин-2022»: Максим Гордеев финишке жетпей калды

Бүгүн, 16-февралда Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV кышкы Олимпиада оюндарында кыргыз спортчусу Максим Гордеев жарышка түштү.

Слалом боюнча Олимпиадага катышкан Максим Гордеев 81-катар сан менен жарышка түшүп, тилекке каршы башталганда эле жыгылып түшүп, андан ары жүрүшүн уланта алган жок.

Слалом боюнча азырынча австриялык спортчу алдыда. Анын көрсөткүчү 53,92 секунд. Кыргыз спортчусу катышкан слалом боюнча 88 спортчу Олмпиадага катышса анын 52си гана финишке жетти.

Гордеев Бишкек убактысы менен саат 8:15те  жарышка чыккан, экинчи аракети 11:45те болору айтылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январында 22 млрд сомду түздү

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь айына карата 22 миллиарддан ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 4,5 пайызга төмөн, буга себеп химиялык продукциялардын ( 20, 5 пайызга), резина жана пластмастык буюмдар, башка метал эмес минералдык продуктар (18,7), тамак-аш продуктуларына (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары (7,7 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алынуучу урандылар (6,6 пайызга).

Курулуш жана айыл чарба тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта — 1,6 пайызга, айыл чарбасында – 2,4 пайызга жогорулап, дүң жана чекене соода жүгүртүүдө 7,3 пайызды түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Кыргызстанда 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

Президент Садыр Жапаров «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жарлыкка климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кол коюлган.

Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.

Учурда Мамлекет башчысынын Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясында жана Глазгодо өткөн Климат боюнча лидерлеринин саммитиндеги билдирүүсүндө айтылган Кыргыз Республикасынын бир катар башка демилгелерин илгерилетүү боюнча маселелер иштелип чыгууда.

2019-жылы Кыргыз Республикасы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясын ишке ашыруунун алкагында Париж макулдашуусун ратификациялаган. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы милдеттенмелери климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү планы жана парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча глобалдык аракеттерге өлкөнүн салымы болуп саналган «Улуттук аныкталган салым» түрүндө берилген.

Жаңыланган «Улуттук аныкталган салымга» ылайык Кыргыз Республикасы парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча милдеттенме алган. Атап айтканда, өлкө 2030-жылга карата «Бизнес демейдегидей» сценарийи боюнча эмиссияны 15,97% жана эл аралык колдоо менен 43,62% кыскартуу милдетин алды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352- токтому менен бекитилген 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык климатка туруктуулук жана экономиканы өнүктүрүү боюнча чаралар болуп саналат. Бул Кыргыз Республикасынын экология жана климат чөйрөсүндөгү глобалдык максаттарга берилгендигинин ырастоосу, ошондой эле эл аралык климаттык күн тартибинин чектеринде активдүү ишти улантаарын билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2022-жылдын 1-мартына чейин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Жол картаны иштеп чыгуунун алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү каралат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Садыр Жапаров 2022-жылдын республикалык бюджетине кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282,1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.

Белгилей кетсек, номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63,2%га же 109,2 млрд сомго көбөйгөн.

2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295,8 млрд сомду жана 312,2 млрд сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291,2 миллиард сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109,9 миллиард сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында Республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303,5 миллиард сомду жана 303,8 миллиард сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сомду же ИДПга карата 0,8%ды түзөт.

Мында 2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7,7 млрд сом же ИДПга карата 1,0% деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8,3 миллиард сом деп болжолдонууда.

Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403,9 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп жатканын белгилей кетүү керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмеси өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмеси өттү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылдын финансы-экономикалык жыйынтыктары тууралуу баяндама жасады.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттин менчигиндеги жер тилкелерин берүүнүн тартибине тийиштүү, автотранспорт каражаттарынын салмак көлөмдүк көрсөткүчтөрүнүн талаптарын сактоо жана улуттук экспорттук көзөмөл тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар маселеси боюнча чечимдердин долбоорлору каралды.
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү COVID-19 дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин кайра экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимдин долбоорун жактырды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынын пандемиясы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө узакка создугушуна байланыштуу, ошондой эле республиканын дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга импорттук көз карандылыгын эске алуу менен, тыюу салуу мөөнөтүн дагы 6 айга узартуу зарыл.
Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган, мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылды. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Министрлер Кабинетинин чечими менен ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун алкагында 2858 токтом күчүн жоготту.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо кабыл алынды.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин жыйынында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жыл үчүн алтын кениндеги иштин жыйынтыгы боюнча отчетун берди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Финансы министри 2022-жылы тышкы карызды жабууга 26 миллиард сомдой каражат коротуларын айтты

Финансы министри Алмаз Бакетаев 2022-жылы тышкы карызды жабууга 26 миллиард сомдой каражат коротуларын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Бюджет жана финансы комитетинин кезектеги отурумунда “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында аталган мыйзам долбоору боюнча финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасады.

Алсак республикалык бюджеттин кирешелери 2022-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен 203,5 миллиард сом, ички дүң продукцияга карата 28,5 пайыз өлчөмүндө каралган. 2023-2024-жылдары республикалык бюджеттин кирешелери 215,7 миллиард сомду жана 231,7 миллиард сомду түзөт. 2022-2024-жылдарга кирешенин өсүү баскычы 117,7 пайызды, 106 пайызды жана 107,4 пайызды түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 212,6 миллиард сом же ички дүң продукциясына карата 29,8 пайыз өлчөмүндө эсептелүүдө. Ал эми 2023-2024-жылдарда республикалык бюджеттин чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда 223,4 миллиард сомду түзөт. 2022-2024-жылдарга чыгашалардын өсүү темпи тиешелүүлүгүнө жараша 117,3 пайызды, 107,4 пайызды жана 100,2 пайыз болот.

Талкуу маалында депутат Осмон Турдумамбетов тышкы карызды жабууга жумшалуучу каражаттар тууралуу сурады.

Өз кезегинде финансы министри 2022-жылы тышкы карызды жабууга 26 миллиард сомдой каражат коротуларын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Спорт

Акжол Махмудов менен Роман Власов 2022-жылдын май айында беттешет

 Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши 2022-жылдын май айынын аягында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу спортчулар Instagram социалдык тармагында түз эфиринде макулдашышты.

«Кечинде беттешебиз, салкын болот. Андыктан үшүбөш үчүн майдын аягында беттеш өткөргөнүбүз оң», — дейт Акжол Махмудов.

Роман Власов грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан үчүн баары жаңыдан башталып жатканын белгиледи. «Күрөштөгү жылдар эң жакшы жылдар. Өлкөңдө биринчи орунда тургандан жакшы нерсе жок. Акжол, сага көп наамдарды топтошуна тилектешмин», — деп баса белгиледи Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

Белгилей кетсек, буга чейин 31 жаштагы Роман Власов маегинде Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, кыргызстандык Акжол Махмудов менен беттешүүнү каалап жатканын билдирген.

2021-жылдын 3-августунда 77 килограммга чейинки салмак ченинде грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында күмүш байгеге ээ болгон. Ал Тамас Леринецке (Венгрия) 1:2 эсебинде утулуп калды. Буга чейин оюндарда кыргызстандык спортчу Тунистин (11:0), Азербайжандын (9:1) жана Армениянын (6:2) спортчуларын жеңген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Без рубрикиКоом

2022-жылдагы эс алуу күндөрү. Календарь

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2022-жылга карата Кыргызстандагы эс алуу күндөрүн бекитти.

Майрамдык эс алуу күндөрү:

— 1-январь — Жаңы жыл;

— 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү;

— 8-март — Эл аралык айымдар күнү;

— 21-март — Нооруз майрамы;

— 7-апрель — Элдик апрель революциясынын күнү;

— 1-май — Эмгекчилер күнү;

— 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;

— 9-май — Жеңиш күнү;

— 31-август — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү;

— 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү;

Мусулмандардын Орозо айт, Курман айт майрамдары күндүн чыгышына жараша белгиленет. 7-январь болсо, православдардын майрамы белгиленгендиктен эс алуу күнү болот.

Майрам эс алуу күнүнө туш келгенде андан кийинки жумуш күнү эс алуу күнү болуп эсептелет.

Ал эми майрам алдындагы кыскартылган жумуш күндөрү: 6-январь, 22-февраль, 7-март, 6 -апрель, 4-май, 30-август.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Акылбек Жапаров: 2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт

2022-жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын, президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан мугалимдердин эмгек акысын эки эсеге жогорулатуу боюнча тапшырма коюлган.

“Ал үчүн салыкты фискалдаштыруу, аткезчиликти жоюу, көмүскө экономикадагы акчаны иреттеп алыш керек. Айлык салык көбөйгөндө гана өсөт. Алдыдагы биринчи кварталдын динамикасын карап, мүмкүнчүлүк болсо мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт”, — дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев: “2022-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз деп айта аласызбы?” деген тактоочу суроосуна Жапаров: “Көтөрөбүз” деп жооп узатты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КоомМаданият

2022-жыл Түрк дүйнөсүндө «Токтоболот Абдымомунов жылы» болуп жарыяланды

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун тартибине ылайык ар жыл сайын мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин отурумунда түрк дүйнөсүнө таанымал тарыхый инсандар тандалып алынып, анын чыгармачылыгын жаңы муунга таанытуу максатында ар тараптуу иш-чараларынын планы бекитилип, ишке ашырылышы боюнча аракеттер көрүлөт.

Анда ал инсандын тарыхый жолу кылымдан ашып, ар чейрек кылымга туш келүүсү шарт. Өзбекстандын Хива шаарындагы 2021-жылдын 16-сентябрында өткөн маданият министрлеринин XXXVIII отурумунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жогоруда белгиленген инсандардын катарында Кыргызстандан белгилүү жазуучу, драматург Токтоболот Абдумомуновду сунуштап, министрдин бул сунушу катышуучулар тарабынан колдоо тапты.

Мындай сунуш Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына байланыштуу деп белгилейт министр. Буга ылайык жыл бою аталган инсан тууралуу машстабдуу маданий иш-чаралар уюшулуп, илимий конференциялар менен коштолот. Эске салсак буга чейин казак акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгы, түрк элинин маданий ишмери,акын Юнус Эмренин дүйнөдөн өткөндүгүнүн 700 жылдыгы белгиленген.

Белгилүү драматург, жазуучу, коомдук ишмер, кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке айылында туулган.

Ал бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.

1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенген.

1939-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик медициналык институтуна өтүп, 3-курстан оорудан улам, таштоого мажбур болгон. Студент кезининен Т.Абдымомунов театрга көп барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арткан.

Чыгармачылыгы «Кумдуу чап»,»Курман» пьесалары менен башталган.

Т.Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.

Ал чыгармачылык менен катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-катчысы, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.

Көзү өткөндөн кийин 1991-жылы улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган.

Маданият жана искусство тармагынын өнүгүп өсүшүнө кошкон салымы жогору байланып, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган.

Ал 1989-жылы 67 жашында дүйнөдөн кайткан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Түп-Кеген унаа жолунун курулушу 2022-жылы башталат

2022-жылы Түп-Кеген унаа жолунун курулушу башталат. Бул жолдун курулушу Казакстан Республикасы менен аймактык транспорттук байланышты жакшыртат жана Ысык-Көл облусунда туризмдин туруктуу өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Бул тууралуу транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 Маалыматка ылайык, дүйнөлүк банктын каржылоосунун алкагында Түптү Каркыра өткөрүү пункту менен байланыштырган 52 км жол жана Сан-Таш тарыхый эстелигине (Тамерландын дөбө комплекси) жол боюндагы объектилерди, ага кирүүчү жолдорду куруу каралган.

“PROYAPI (Түркия) консалтинг компаниясы кароо боюнча документтерди бүтүрүү, Түп-Кеген жолунун деталдуу долбоорун иштеп чыгуу жана подрядчы тандоо үчүн тендердик документтерди даярдоо стадиясында турат.

Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча подрядчы 2022 -жылдын жазында курулуш иштерин баштайт. Долбоор Ысык-Көл облусунда авиациялык коопсуздукту камсыздоого жана туризмди өнүктүрүүгө жардам берет. Жалпысынан көрсөтүлгөн иш -чараларга дүйнөлүк банктан 55,0 млн. АКШ доллар  гранттык жана кредиттик негизде берилет”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Жаратмандар

2022-жылы Тынч океанында сууда калкып жүрүүчү мамлекет курулат

2022-жылы Тынч океанында жаңы мамлекеттин пайда болушу пландаштырылууда. Анда 300 үй, бир нече мейманкана жана кеңселер болот. Акчанын ордуна, алар өздөрүнүн Vayron криптовалютасы менен төлөөнү пландап жатышат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Бул адам тарабынан курулган биринчи калкып жүрүүчү мамлекет болуп калат.

Курулушту Питер Тиль (PayPalдин негиздөөчүсү) каржылайт. Долбоордун наркы 50 миллион АКШ долларын түзөт. Бул программа пилоттук болуп саналат жана Франциянын карамагындагы Полинезия өкмөтү менен өнөктөштүктө жүзөгө ашырылууда. Сууда жайгашкан аралда бардык жашоочулар геосаясий таасирлерден кутулат деп пландалууда. Бул саясый жана диний көйгөйлөр жок бейиштин чакан жеринин прототиби. Мындай аралдар келечекте Полинезиянын бардык жашоочуларына жардам берет .

Калкып жүрүүчү аралда суу ташкынын астында калуу коркунучу туулса, эвакуация жана көчүп кетүү үчүн мыкты альтернатива каралган.

Жаңы калкып жүрүүчү мамлекет, формасы боюнча ал балык кармоочу кайырмакка окшош. Бул түзүм Тынч океанынын флорасы жана фаунасы үчүн таптакыр коопсуз. Дизайнерлердин айтымында, курулушттун чатырлары жашылдандырылат.

Турак жай курууда табигый материалдар колдонулат: бамбук, кокос буласы, жыгач. Кайра иштетилген пластмассалар жана металлдар дагы катышат. Сууда сүзүүчү аралда балык өстүрүү чарбаларын, ооруканаларды, бизнес борборлорун, мектептерди жана энергетикалык борборлорду курууну пландаштырууда. Кимде-ким өзүнүн туулган мамлекетинин саясатына канааттанбаса, бул жерде жашай алат. Балким, мындай аймакта жашоону каалагандарга бир катар талаптар коюлат, бирок маалымат кылдаттык менен берилет жана жашыруун болот.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Грин карт-2022: Кабыл алуу башталды, анкета толтуруу жолдору

АКШга легалдуу иммиграциялоонун оңой жолдорунун бири «Green Card» лотореясы болуп эсептелет.

Буга чейин Дональд Трамптын администрациясы 7 өлкө, анын ичинде Кыргызстандын да жарандары үчүн АКШга иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген. АКШ мунун себебин Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам деген жүйө келтирип, кыргыз паспортторунун аброю жана аларды чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Буга байланыштуу 2020-жылы грин-карта уткандардын айрымдары кете албай калышты.

Бирок бул тыюу салуулар 6 ай сайын каралып турары айтылган. Демек, кийинки жылы уткандар үчүн кетүү мүмкүнчүлүгү жаралышы толук мүмкүн. Ошондуктан 2022-жылга карата ойнотулуп жаткан Американын грин-картасына катышып коюу зыян тийгизбейт.

7-октябрдан тарта «Green Card-2022» лотереясына онлайн катталуу башталды. Арыздарды кабыл алуу 10-ноябрга чейин уланат.

АКШ мамлекеттик департаменти жыл сайын жалпы 50 миң грин-карт ойнотот. Аны утуп алууну каалагандар 10 миллиондон ашат.

Лотореяга катышуу үчүн анкета толтурууңуз кажет. Мында англисче туура жазып жатканыңызга, дарек, үй-бүлөлүк абал, билим тууралуу маалыматтардын так экенине көңүл буруңуз.

Эмнелерди билүү керек:

Анкетаны расмий сайтта гана толтуруңуз: https://dvlottery.state.gov. Ушул сайттан гана, башка жактан толтурбаңыз! Башка сайттардан толтурган чакта, расмий сайттагы анкета жараксыз болуп калышы мүмкүн;

Лотореяга катышуу толугу менен бекер! Сиз утмайынча анкета толтуруу үчүн да, катталуу үчүн да эч нерсе төлөбөйсүз;

Башка ортомчулардан жардам алуу үчүн кайрылуунун такыр кереги жок: анкета жөнөкөй, англисчени начар билген адам деле толтура алат. Негизгиси аты-жөнүңүздүн, дарегиңиздин англисче кантип жазыларын тактап алыңыз (жалпы жарандык паспорттон колдонсоңуз болот);

Анкетаны толтуруп баштагандан тартып 1 саат берилет. Эгерде 1 сааттын ичинде толтуруп бүтпөсөңүз, кайра баштоого туура келет;

Сүрөттү туура тандоо да (көлөмү 600х600 пиксел, jpeg форматында) анкетаны кабыл алууда маанилүү болуп саналат.

Сүрөткө болгон талаптарга келсек:

JPG (JPEG) форматындагы сапаттуу сүрөт болушу шарт;

Сүрөт түстүү болушу керек, ак-кара түстөгүлөр жарабайт;

Файлдын көлөмү 240 гигабайт;

Сүрөттүн бийиктиги-туурасы боюнча өлчөмдөрү 600X600 пиксел;

Анкета толтурууда көпчүлүк кетирген каталар:

 Туура эмес сайттарда анкета толтуруу;

 Аты-жөнүн туура эмес көрсөтүү;

 «middle name» жазуусу бар бөлүктү толтурбай коюу;

 Сүрөттү даярдоодогу катачылык;

 Үй-бүлө мүчөлөрүн толук көрсөтпөө;

 Анкетаны эки-үч кайталап толтуруу;

 Үй-бүлөлүк абалын туура эмес көрсөтүү;

 Жашаган дарегин туура эмес жазуу;

 Билими тууралуу маалымат, бул жерди кылдаттык менен толтурууга аракет кылыңыз;

Баса, алгачкы күнү тапшырам дегендер көп болгондуктан расмий сайт катып, начар иштеши мүмкүн, ошондуктан бир күндөн кийин тапшырган оңоюраак болот. Бирок акыркы мөөнөткө чейин калтырбаңыз. Себеби, акыркы күндөрдө тапшыргандар алгачкы күндөгүдөн да көп болот

Дагы бир жолу кайталай кетчү жагдай, грин-карт үчүн анкета кабыл алган бир эле сайт болот. Ал https://dvlottery.state.gov cайты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Билл Гейтс: Коронавирус пандемиясы 2022-жылдын аягына чейин уланат

Америкалык филантроп жана миллиардер Билл Гейтс коронавирустун жайылышын алдын алуу жана ага каршы вакцинаны иштеп чыгуу боюнча көрүлүп жаткандыктан,  пандемиянын акыры жакындап калды деп эсептейт. Бул тууралуу ал Wired журналына берген маегинде билдирди.
“Инновациялык агымдын масштабдуу диагностиканын, жаңы терапия жана вакциналардын пайда болушу чынында эле таң калтырат. Ошондой эле мен бай өлкөлөрдө пандемияны 2021-жылдын аягына, ал эми дүйнөдө 2022-жылдын аягына чейин жок кылабыз деп ойлойм », — деди ал.


Ошондой эле Гейтс Россияда же Кытайда вакцинаны өндүрүүчүлөргө жасалган басым ушунчалык күчтүү болгондуктан, жарандар натыйжалуу жана коопсуздугу үчүн жетиштүү текшерүүдөн өтпөй, эмдөө башташы мүмкүн деп коркушканын айтты.

Анын айтымында, бул АКШда мүмкүн эмес. Эгер вакцина “төрт айдан кийин пайда болсо, анда жакшы” деп баса белгиледи ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Түркия 2022-жылы электромобиль чыгарууну пландаштырууда

Түркия президенти Тайип Эрдогандын билдирүүсү боюнча түркиялык өндүрүштөн чыккан алгачкы сериялык электромобиль 2022-жылы конвейерден түшүрүлөт.

«Заводдун курулушун 18 ай ичинде аяктоо пландалууда, ал эми алгачкы түрк өндүрүшүнө чыккан электромобиль 2022-жылы конвейерден түшүрүлөт», — деп билдирген Эрдоган Бурса провинциясында курулуп баштаган заводдун пайдубалына капсула салып жатып.

Ошондой эле, түрк лидеринин айтуусу боюнча Түркия бул долбоорду 60 жыл күткөн жана заводдун пайдубалына капсула салуу иш-чарасы жалпы улуттук мегадолбоорлордун ичиндеги «алтын звено» болуп саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Мэнни Пакьяо Филиппинде 2022-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат

Атактуу филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо Филиппинде 2022-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк бокс залынын мүчөсү, америкалык юрист Боб Арумдун айтканына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Мурда мушкер болгон адам биринчи жолу президент болот. Мен Пакьяо менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал мага «Боб мен 2022-жылы боло турган президенттик шайлоого катышууну чечтим. Эгер мен шайлоодо жеңишке жетсем, сен менин инаугурацияма катышууңду каалайм» деди«, — деген Арум.

Эске салсак, 41 жаштагы Пакьяо бокс тарыхындагы сегиз салмак категориясында дүйнө чемпиону болгон жалгыз мушкер. Ал өзүнүн карьерасында жалпы 71 беттеш өткөргөн. Анын ичинен 62 жолу жеңишке жетсе (39у нокаут менен), 7 жолу жеңилүү ызасын тарткан жана дагы эки беттеши тең чыгуу менен аяктаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button