Коом

Өзгөн РИИБдин кызматкерлери элдер менен жолугушуп, маселелерин чечүүгө жардам беришүүдө

2021-жылдын 8-июль күнү Өзгөн РИИБдин көчмө кабылдамасы атайын түзүлгөн графиктин негизинде Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл аймагынын Кандава айылынын жашоочулары менен элдердин милицияга болгон ишеничин арттыруу, көйгөй-маселелерин жеринде кабыл алып чечүү максатында жолугушуу өткөрдү. Элдер менен жолугушуу учурунда жалпысынан көйгөйлүү маселелери катары төмөндөгүлөр айтылды:

1) Таза суу маселеси;

2)Көчөлөрү караңгы болгондуктан электр мамычаларына жарыктандырууларды коюу;

3)Электр мамычалары СССР маалында коюлгандыктан эскирип кооптуу болуп жаткандыгы;

4)Борбордук көчөлөрдөгү жолдордо автоунаалар катуу ылдамдыкта жүрүп, жашоочуларга кооптуу болуп  жаткандыктан жолдорго белгилерди коюу.

5) СССР  маалында мамлекет тарабынан берилген  ок атуучу куралдарын мыйзамдаштырып берүү.

Жогоруда айтылган маселелерди чечүү боюнча тийиштүү мекеме-уюмдарга тапшырылды.

 

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button