Коом

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты

Бүгүн, 3-августта кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө алгачкы ирет мелдешке чыкты.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыккан.

Ал эми чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен беттешип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button