Спорт

Айсулуу Тыныбекова кичинекей балбан кызды жолугушууга чакырды

Бир канча күн мурун социалдык тармактарда кичинекей Жасмина аттуу кыздын жаш бала менен күрөшкөнү тууралуу видео тараган. Көрүүчүлөр бул кыздын күрөшүү чеберчилигине баа беришип, келечекте чоң спортчу чыгат деген пикирлерин жазышууда.

«Токио 2020» Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, спортчу Айсулуу Тыныбекова бул кыздын чеберчилигине баа берип,  соцтарматагы баракчасына төмөнкүдөй пикирин калтырды.

“Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм! Качан жана каерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган! Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы?

Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам!

Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде даректери болсо кабар берип коюңуздарчы”,- деген Тыныбекова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button