Мектеп окуучулары үчүн «Ойлоп табам» аталышындагы окуу китеби жарык көрдү
Мектеп окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик маселелери боюнча «Ойлоп табам» аталышында окуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуу куралы мектеп окуучуларынын өздүк иши, интеллектуалдык менчикке жана ойлоп табуучулук жигердүүлүккө тиешелүү сабактарга даярданууга, мындан сырткары, ата-энелер менен бирге окуучулардын ойлоп табуучулук ишмердиктин, интеллектуалдык эмгектин натыйжаларын коргоонун ченемдерин жана тартиптерин изилдөөгө арналган.
Китептин авторлор: А. А. Антипов, Е. Л. Богданова, А. В. Ерузалимская, Д.А. Коротышева, Ю.Н. Коротышева, О.Е. Котенева, Т.Г. Максимова, А.С. Николаев, Г.В. Пудкова, Ю.С. Сербиненко.
Кыргызчага которгон Доранбек уулу Акжол.
Окуу куралынын электрондук варианты: http://patent.kg/wp-content/uploads/2021/09/ОЙЛОП-ТАБАМ.pdf.