Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы 1200 мектеп (жалпы мектептердин 56 пайызы) жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдыктарды жана техникалык каражаттарды берет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, санарип окуу материалдары Кыргызстандын бардык мектептерине жеткиликтүү болот.
Ар бир мектепке берилүүчү компьютердик жабдыктардын жана техникалык каражаттардын топтомуна төмөндөгүлөр кирет:
20дан компьютер,
6дан проектор,
2ден тармактык коммутатор (хаб),
1ден көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS (үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу жабдыгы).

Мектептердин технологиялык керектөөлөрүн канааттандыруу балдардын заманбап жана сапаттуу билим алуусуна шарт түзөт. Ушуга байланыштуу билим берүү процессин технологиянын жардамы менен колдоо максатында долбоордун алкагында 5-11-класстар үчүн математика жана табигый предметтерге (физика, химия, биология) басым жасоо менен санариптик контент иштелип чыгат.

Учурда тендер жарыяланып, тиешелүү сатып алуу процедуралары жүрүп жатат. 1200 мектепти жана 8 педагогикалык колледжди техникалык жабдуулар менен камсыздоо 2022-жылдын октябрына пландаштырылган.