«Нурлуу кайрымдуу кыздар» жамааты Лейлек районундагы «Максат» орто мектебине 2021-2022 – жаңы окуу жылына окуучуларга китеп белек кылышты. Бул тууралуу аталган жамааттан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Лейлектеги 28-апрелде Тажиктердин куралдуу кол салуусунан  жабыркаган  “Максат” орто мектебине окуучулардын колдонуусу үчүн жаңы басылмадан чыккан китептерди алып беришти.

Возможно, это изображение (книга)

“7—класстарга география китеби 25 даана, орус тили китеби 25 даана, алгебра китеби  25 даана. 4-класстар үчүн математика китеби 30 даана, орус тили китеби. 5-класстар үчүн тарых китеби жана 6-класстарга география, кыргыз адабияты, биология китептерин жана мындан тышкары көптөгөн башталгыч класстарга арналган китептерди, колдонмолорду, жомок китептерди белек кылдык. Бул чек арада өсүп келе жаткан жаңы муун үчүн  керектүү билим алуусуна  шарт түзүү, келечекте  акылдуу, билимдүү, патриот уул-кыздарыбыз өсүүсү үчүн жасалган иш-аракет”, — жамааттын уюштуруучулары.

Возможно, это изображение (книга и текст «nep и. б. бекбоев H. и. ибраева математика 4 28กለ5 5+18»)

Возможно, это изображение (текст «H. Π. задорожная, प. M. мусаева, Γ.Κ. танрова русский язык 4 BOOK»)

Нет описания фото.

Нет описания фото.

Возможно, это изображение (книга и текст «A. муратов, б. абдухамидова, к. акматов кыргыз адабияты S 4 6 ER»)

Возможно, это изображение (текст «M. C. субанова M. M. ботбаева жамангулова биология 6 надежда жукова жукова надеждажуукова надежда жукова надежда надождажукова жукова»)

Эск салсак, 28-29-30-апрелде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект жабыркаган, алардын арасында “Максат” орто мектеби, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.