Коом

Камчыбек Ташиев: «Түркиядан «Bayraktar» пилотсуз учактарын алабыз»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз өлкөсү Түркиядан «Bayraktar» пилотсуз учактарын алаарын билдирди. Бул УКМКнын башчысы чек ара кызматына күжүрмөн техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.

«Биз башка техникаларга дагы мамлекеттик бюджеттен акча төлөдүк. Азыркы учурда Түркияда «Bayraktar» пилотсуз учактары жасалып жатат. Бул Дүйнөдө 5 эле малекетте бар экен. Жакында учактар келет. Биз учактарды башкаруучуларды ошол жерде окутуп, даярдап жатабыз», — деди Ташиев.

Мындан тышкары, ал  Кыргыз өлкөсү байкоо жүргүзүүгө арналган орусиялык «Орлан-10» дрондорун сатып алып жатканын айтты.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button