Саясат

Кыргызстанга Татарстандын президенти Рустам Минниханов келди

Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) президенти Рустам Минниханов кечээ, 19-ноябрда Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Бул сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Рустам Миннихановдун кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button