Коом

ИИМ: Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө

Казакстан Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90.000 тенге сунушташкан.
Туугандарынын маалыматы боюнча кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны өткөрүү үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00 до учуп кеткен.
Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен анын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алардын Казахстан Республикасында эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, биздин өлкөгө чыгып жана кетип жаткан жарандардын баары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлдөнүп жаткандыгын билдиребиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button