Дил казына
«Бүбүсараны алгач көргөндө өзүмдү жоготуп койгом»
Жүрөктө калган жылдар.
1959-жыл. Кыштын күнү. Аспирантурада окуп жүргөн кезим. Мен Киевге командировкага көп барар элем. Себеп дегенде, Украина ошол кезде кант кызылчасынын 70 пайызын бергендиктен, Бүткүлсоюздук кант кызылчасы боюнча илим изилдөө институту Киевде болчу. Командировочный жакшы төлөнчү. Берекелүү заман. Киевге Москва аркылуу учкандыктан ал жерге токтоп, анан ары кетчүбүз. Москвага барганда музыкага жакын жаным сөзсүз театрларга кире кетчүмүн. Эмнеси бар экен деп кулактандырууларды окусам, Чоң Театрда айтылуу бийчи Галина Сергеевна Уланованын 50 жашка чыкканына байланыштуу коштошуу концерти болот деп турат. Учуп эле жеттим. Барганым менен билет жок.
Бир саат турдум билет сураштырып. Анан оюн башталайын деп калганда бирөө чуркап келатат менде бир билет бар деп. Акчасын бере салып, ордун деле карабай кирип кеттим. Бирок, менин ордум театрдын эң үстүнкү орундарында болгондуктан, отурганда жакшы көрүнбөйт экен.
Элдин баары эле туруп көрүп атышат. Мен дагы тикемен тик туруп көрүп жаттым. Эми ал кезде Уланованын даңкы учуп турган кези эле. Жульеттанын ролун катырды. Кол чабууларды айтпагыла. Суктанып карап турабыз. Анан оюн ортосунда антракт болуп калды. Чыгып эле буфетине бардым. Ал кезде театрлардын буфетинде башка жерде табылбаган “Двойное Московское золотое” деген пиво сатылчу.
Ошол пиводон, бутерброддон алып кайда отурсам деп орун издеп жатып Калый аганы (Молдобасанов) көрүп калдым. Жанында Бүбүсара Бейшеналиева турат. Дагы бир дүңкүйгөн бирөө. Ал композитор Таштан Эрматов экен. Бүбүсараны мурда сыртынан көрүп жүрчүмүн. Атагы чыгып калган убак. Жанынан көрөм деген ой жок эле.
Калый аке мени көрө коюп “о-оо иним, кел-кел” деп сүйүнүп кетти. Аңгыча Бүбүсара жалт карай калганда мен үчүн күн жарк эте түшкөндөй эле болду. Шашканымдан колумдагы пиво ыргып кетип түшүп баратканда Калый кармап калды. Бул кебетем Бүбүсаранын дагы күлкүсүн келтирдиби, жарк этип күлүп жиберди. Күлкүсү тим турганынан да керемет экен. Таза эле оозум ачып эстен танып калсам керек, Бүбүсара: “ой жигит, эмне болду?” деп жаркылдап турат. Аңгыча, Кудай жалгап Калый аралашып: “Бүбүсара, бул Жамин Акималиев деген менин иним, өзү окумуштуу”, — деп тааныштырып калды (Калый Бүбүсарадан үч жаш кичүү болсо дагы аны сен дейт экен). “Бүбүсара” деп мага колун сунду. Колу кол эмес эле кебез.
Бүбүсара ачык сүйлөгөн, ушунча жөнөкөй жан экен. “Калый, ушул колбасаңдан тажадым, өзүбүздүн улуттук тамактардан алып берсең боло” деп жатты. Калый аке: “Ой, макул, макул” деп жатат. Ошол маалда кичине эсимди жыйсам керек: “Калый аке, эртең убакытым бар эле, анын үстүнө мен үйдөн келбедимби, туура көрсөңүздөр сиздерди мен сыйлайын” дей салдым. Макул болушту. Эртеси саат 12де Чоң Театрдын маңдайындагы кыргыз элчилигинин алдынан жолукмай болдук.
Галина Уланова дүйнөлүк деңгээлдеги бийчи болчу. Бирок, биздин Бүбүсара Бейшеналиеваны жанынан көргөндөн кийин дүйнөлүк бийчи быякта эле калды. Бүбүсара жөнөкөй эле кийинген, бирок, табигый сулуулугу, жаракөрлүгү, өзүнө батпай төгүлүп турган кыймылы да керемет, бир кайталангыс жан экен. Атаңдын көрү, баягы Мусакем ырдаган Жаракөр, Даанышман, Ак зыйнат ушулар турбайбы деп, ичимден толгонуп, мейманканада жакшы деле уктаган жок окшойм.
Эртеси жолуктук. Эми кайда барабыз десек Бүбүсара айтып калды: “Бу, Европанын тамагын жөн эле коелу, “өзбек рестораны” бар эмеспи, ошого баралы, манты, шорпо же лагманы болсо керек” деп калды. “Такси кармайын” десем, “жөө эле барабыз” деп Бүбүсара ортого түшүп алып, көркүбүздү ачып кадамыбызды баштап баратат. Өтүп бараткандардын айрымдары Бүбүсараны бир кылчайып карап калып жатканын байкап аттым. Ансайын “биздин Бүбүсара” деп көкүрөгүмдү көтөрүп калам. Бүбүсара андайга көнүп калганбы, байкамаксан.
“Өзбек ресторанына” бат эле жетип бардык. Кезек көп экен. Баары эле эркектер. Бүбүсара: “Силердин мындайга эбиңер жок, мен азыр” деп эшик тоскон кишиге барып бирдеме айтты окшойт, ал кезекти көрсөтүп жатат. Бүбүсара ансыз да баятадан көздөрү акчудай болуп өзүн карап турган эркектерди карап, жаркылдаган калыбында: “Столько мужиков стоите. Неужели не пропустите такую красивую девушку как я?” деди эле, тигилер араң эле турушкан окшойт, хор менен “пожалуйста” деп калышты. Бүбүсара эшикти кенен ачып бизге ишарат кылды эле, шыпылдап өтүп баратсак беркилерге жакпайт калды окшойт: “О, с ней еще другие” деп нааразы болгондо Бүбүсара: “Это мои мужчины, как я без них буду обедать” дегенде жаактары жап болду.
Менюсун карасак мастава, шорпо, манты, палоо, шишкебек, айтор, баары эле бар экен. Бүбүсара ушуларды сагынган тура.
Башкаларыбызды билбейм, Бүбүсара биринчисине мастава, экинчисине манты алдырып, табит менен жеп отурду. Калый аке тамашалап калды: “Йе, Бүбүсара, өзүң бийчи болсоң, ушунча тамак жесең, семирип кетсең кантип бийлейсиң?” деп. Анда Бүбүсара: “Калый, тамактан жалкоолор гана семирет. Мен күнүгө 10 саат бийлесем, мага күчтүү тамак керек да” дегенде, баарыбыз күлүп калдык.
Бүбүсараны ошондон кийин жакшы билип, көзү өткөнчө сыйлап жана аны менен сыймыктанып жүрдүм. Аттиң, асылган оору 47 жашында алып кетти. Айтып жүрүшкөндөй эле, ал кыргызга жанган бир Чолпон жылдыз эле. Жан дүйнөсү, билими, акылы, сулуулугу, жаракөрлүгү, адамдык касиети табигый айкалышкан мындай аруузаты кийин-соңу болобу-болбойбу билбеймин. Ал баарыдан мурда нукура кыргыз кызы эле. Сөзүнөн, баскан-турганынан, ийкем келбетинен кыргыз аялзатына тиешелүү баардык касиеттер байкалып турчу. Бир көрүп баарлашкан адам Бүбүсараны унутушу мүмкүн эмес болчу деп ойлоймун. Негизгиси, кыргыздын эсиндеги легендарлуу сулуулар ушул Бүбүсарадай эле болсо керек. Жеке турмушу боюнча айткым келбейт. Бир гана, көзү өткөндө Чыңгыз Айтматовдун катуу ыйлаганын өзүм көргөм. Ал тууралуу Чыңгыз жөнүндө кенен сөз кылганда, балким, айтып берермин.
Жамин Акималиев
Эскерүү Аттокур Жапановдун Facebook социалдык тармактагы баракчасынан алынды.