Энсеп мен мектебимди сагынамын…

(Элеттик мугалим, чебер колдуу инсан Алима Жороева жөнүндө)

Сагыныч

«Сарсанаанын сары жоолугун жамынамын,

Мектебимди мен эңсеп сагынамын.

Окуучулар оюма кылт дей түшсө,

Оргуштап булак болуп агыламын.

Жүрөгүм алеп-желеп алга сүрөп,

Эңсеп мен мектебимди сагынамын…

Айыл ортосундагы чакан мектебим, андагы өз ишине астейдил берилип иштеген кесиптештерим, көптү үйрөнүп, көптү билүүгө дилгирленген дили таза, жоодур көз окуучуларым… Баары, баары түк да эсимден кетпейт. Ойгоо болсом–оюмда, уктасам–түшүмдө.

Кечээ эле мектептин шаңдуу дүйнөсүндө балдарга жүрөгүмдү арнап иштеп жүрбөдүм беле…

8-класстын окуучуларына К.Баялиновдун «Ажар» повестин өтүп жаткам. Өткөн замандагы ажары жаңы жанып, бариги жаңыдан ачылып келаткан, жылуу, аздек мамилени тегерегиндегилерден зарлап күткөн бечара кыздын тагдырын баяндап, Ажардын монологун айтып жатып көзүмдүн жашы төгүлгөнү, окуучуларымдын да муңайым тартып, балалык жүрөктөрү менен теңсиздиктин курмандыгы болгон кызды аяшып, ойго батып отурганы; талаа жырткычтарына, адилетсиздикке, ыймансыздыкка  жем болгон Ажарлар үчүн күрөшүү керек деген сезим менен сабакты жыйынтыктаганыбыз эске келет.

Жан дүйнөм тынч алалбай толкуп-ташып, жүрөгүм алда кайда алып учуп, аруужан окуучуларыма жетелейт.

Аттиң дүйнө. Бири кем дегени ушул го…

Ай, кудай ай, ыйык, куттуу мектебиме кайрадан барып, мурункумдай иштеп, балдарыма билим сүтүн берсем экен, билим нурун чачсам экен! Энелик мээримимди чексиз төгүп, окуучуларымды билим деңизине чөгөрсөм экен, ээ?!.»

Мектебин сагынган мугалим. Ал ким?

Бала кезден эле мугалимдик кесипти жактырып, ошону тандап, ага жетүү үчүн бүт күч-аракетин жумшап, талбай окуп билим алып, акыры бул кесипке ээ болуп, өзүнүн эмгекчилдиги, чыгармачылыгы, таланты менен да эл оозуна алынып, урмат-сыйга татыктуу болгон Алима Жороева Баткен облусуна аттын кашкасындай белгилүү инсандардан.

Алима Жороева 1957-жылы 1-мартта алыскы Лейлек районунун Маргун айылында төрөлгөн. Өз айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң,  азыркы Бишкек, ал кездеги Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетинде билимин уланткан. Жогорку окуу жайын бүтүрүп, алгачкы эмгек жолун Баткен районундагы М.В.Фрунзе атындагы орто мектептен баштаган. Андан кийин өзү окуган Маргун (азыркы М.Баетов атындагы) орто мектебинде 17 жыл (б.а. 1978-1995-жылдары) үзүрлүү эмгектенген.

Алима эже жаңыдан иштей баштагандан эле мектепте да, ар кандай коомдук иштерде да эмгекчилдиги, билимдүүлүгү, таланттуулугу менен көптөгөн ийгиликтерди жараткан. Ал мугалимдик иши менен бирге пионер вожатый, мектеп алдындагы интернаттын башчысы, тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген. Ошол кездеги мыкты пионер вожатый катары 1981-жылы Бүткүл союздук пионер уюмдарынын жетекчилеринин  Артектеги слетуна делегат болуп барып келген. Бул, албетте, ошол мезгилдин өзү үчүн кандай аброй экендиги айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

Мугалим катары Алима Жороева чыгармачыл, изденгич педагогдордон болгондугун кесиптештери М.Каримов, Ж.Каримов, К.Абдипаттаева өндүү агай-эжейлердин, жалпы окуучуларынын ар биринен угууга болот. Тактап айтканда, Алима эже бир типтүү сабак өтүүдөн качып, эң алгачкылардан болуп сабак-сахна, сабак-талкуу, сабак-поэзия, ролдоштуруп окуу ж.б. көркөм окутуунун түрлөрүн колдонуп, көркөм чыгарма менен чыныгы турмушту, көркөм образдар менен чыныгы адамдарды салыштырып, жандуу, жугумдуу, образдуу өткөн сабактарын ар бир окуучусу, бирге иштешкен кесиптештери сыймыктануу менен эстеп, ыраазычылыктарын билдиришет. Анын окуткан окуучулары олимпиадаларда, райондук, областтык, республикалык түрдүү кароо-сынактарга катышып, чоң ийгиликтерге жетишкен. Атап айтсак, 1995-жылы Ош областтык «Манасым» – менин мурасым», Бишкек шаарында өткөн «Манас» эпосу – балдардын жүрөгүндө» деген республикалык фестивалдарда мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Ардак грамоталар менен сыйланган.

 Алима Жороеваны окуткан окуучулары да, кесиптештери да, эли-журту да ал жөнүндө жалаң жакшы пикирлерди сыймыктануу менен айтышат. Эже менен баарлашып, эмгектери менен таанышып отуруп, анын өзгөчө таланттуу, изденгич, чыгармачыл, демилгечил, патриот мугалим, колунан көөрү төгүлгөн уз-чебер, айтар сөзүн кынаптап, сөз берметтери, ыр саптары менен куюлуштура төп сүйлөп, көргөндүн көзүн, уккандын кулагын кандырган чечен, эң башкысы, аялзатынын асылзаадасы экенин баамдап, ичиң жылыйт. 

Мугалимдик кесибине жан дили менен берилип, коомдук иштерге активдүү катышып, ал гана эмес, кыргыз элинин улуттук колорити болгон кол өнөрчүлүк-узчулукка да абдан берилип, убактысын да, ден соолугун да, көз майын да аябастан иштеп жүрүп, 1995-жылдын август айында катуу көз ооруга чалдыгып, операциядан кийин эки көзү тең азиз болуп калат да, Алима эже үйдө отуруп калат. Эс алууну билбей, кумурскадай тынбай иштеп көнгөн мугалим үчүн тагдырдын бул сыноосу абдан эле оор тийди. Өз кесибине дасыгып, бышып-жетилип иштеп жаткан 38 жаш курагында окуучуларынан алыс калып, жарык дүйнөнүн кереметин көрө албай, тирүүлүктү, сулуулукту көкүрөк менен гана туюп үйдө отуруп калуу кандай аянычтуу…

Бир аз мезгил бул кокустукка мүңкүрөтсө да, табийгатынан эмгекчил, эрктүү, өжөр жаралган эже баарына сабыр кылып, тирүүлүктүн бүтпөс күрөшүндө  өзүн жоготпой, кайрадан демилгелүү киришет…

Алима Жороева үзүрлүү педагогдук ишмердүүлүгү үчүн Лейлек райондук мамлекеттик админстрациясынын жана райондук кеңешинин, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен, Кыргыз Республикасынын Элге билим берүүсүнүн мыктысы жана «Манас»–1000» төш белгилери менен сыйланган.

Баары мага түш сыяктуу туюлат…

«…Мугалимдик ардактуу кесипке ээ болуп, дипломумду колго кармап, тээ алыскы тоо этегиндеги туулуп-өскөн айылыма, келер жолумду мүнөт санап күткөн апама, сыймыктануу менен дердеңдей сүйүнүп келгеним түк да эсимден кетпейт. Анан да илим-билимдин куттуу уясы – ыйык мектебиме келип, бир кезде мени окутуп-тарбиялаган эже-агайларымдын катарына кошулуп, мугалимдик кесиптин ээси болуп, окуучуларымдын шаңдуу дүйнөсүнө алгач ирет аралашып, демилгелүү иштеп жүргөн ар бир күнүмдүн өзү бакыттын бакыты турбайбы…

Мугалим болуу үчүн өз предметин мыкты билүү аздык кылат. Мугалим – таза, абийирдүү, адамгерчиликтүү, маданияттуу, деги койчу, бардык адамдык асыл сапаттары менен окуучуларына үлгү болор инсан болууга тийиш. Анткени, балдар мектеп босогосун аттап, биз аркылуу дүйнөлүк адамзат топтогон илим-билим менен маданиятты, тарых менен салтты тааныйт. Ал эми адабият сабагында болсо, көркөм чыгарманын мазмунун окуп-үйрөтүү менен, балдардын алган билиминин суммасынын жогору болушуна эмес, анын чыныгы адамдык ички дүйнөсүнүн ыймандык өзгөрүүсүн, жетилүүсүн, рухий маданияттуулугун калыптандырууга жетише алсак гана максаттуу иштеген болор элек. Демек, менин предметтик жана турмуштук тажрыйбам мол болууга тийиш.

Бул ойлор мени мугалимдик кесипке жаңыдан киришип иштей баштагандан тартып, түн уйкумду төрт бөлүп түйшөлттү, мен өмүрүмдү, күч-кубатымды  бүтүндөй келечек ээлери болгон балдарыма арноом керек деген тыянакка келдим.

Чыныгы мугалим – окуучуларды шыктандыра билет, – деген кайсы бир улуу  педагогдун сөзү жадымда турчу. Мен чыныгы мугалим болууну самачумун, ошого умтулуп, бардык мүмкүнчүлүгүмдү жумшачумун. Ооба, мага сабакка план-конспектисиз, көрсөтмө куралсыз кирүү деген таптакыр жат нерсе болчу.

Эсимде, баары  эсимде…

Бир ирет 10-класска Ч.Айтматовдун «Жамийла» повесттин өтүп жатып, кийинки сабакта Даниярдын ырын уктурсам, балдар сүйүүнү даңазалаган ырды өз кулактары менен угуп, тамшанышса экен деген максат менен кесиптешим Саттаров Омурзак агайга ырдын тексттин алып барып, сабактан кийин бош убакытта ырды кечке ырдап, даярданып, эртеси агайдын сабакка катышып, көркөм образдарды талдоо учурунда балдарга ырдап берип, сабагыбыз ого бетер көркүнө чыгып, баарыбыз абдан толкунданып, таасирленип таркаганбыз. Сабакты бир типтүү формада өтө бербестен, сахналаштырып, ролдоштуруп өтүүгө аракет кылчумун. Ж.Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» поэмасын ролдорго бөлүштүрүп, сахналаштырылган сабак өткөнүбүз да эсимде. Окуучулардын өз-өзүнө бөлүнгөн тексттерди жаттап, абдан берилүү менен ролдорду аткарышып, окуянын чыныгы каармандары сымал образга кирип, аягында каармандардын иштерин, сапаттарын анализдөө менен патриоттук сезимдерге бөлөнүп, көздөрү жайнап, эрдемсип чыккан учуру күнү бүгүнкүдөй көз алдымда.

Ар бир өткөн сабагымдан балдар билим, таалим-тарбия, дем-күч, эргүү алышса, аларды келечектеги эл-жеринин керегине жараган кыргыздын анык патриоту болгонго тарбияласам, анда менин эмгегимдин текке кетпегени ошол деп эсептечүмүн.

Мындай көзирмемдер эң эле көп болду деп айтсам жаңылышпасмын. Анын баарына мезгил, эл, кесиптештерим, окуучуларым эле тараза болушат го…

…Үмүт адамды жетелейт тура. Дале болсо, бул жарыктыктан үмүтүм чоң. Демек,  мен тагдырдын сыноосун жеңем…»

Эженин ыр дүйнөсү

Окуучуларды чыгармачылыкка машыктыруу, шыктандыруу үчүн мугалим өзү чыгармачыл инсан болууга тийиш. Анын сыңарындай, Алима эжеде да ушундай талант бар экендигин айта кетсек ашыкча болбос. Өзү табийгатынан ыр жандуу, сөзмөр, чечендик өнөргө эгедер Алима эже ушул турушу менен, бүгүн да айылдын, райондун ар бир кечесинин көркү. Эли-журту эжени ызаттап той-тамаша, майрамдарга чакырышып, анын ыр жамгыры болуп төгүлгөн сөздөрүн, каалоо-тилектерин, баталарын тамшана угушат.

Баса, дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, эженин эс тутумунун бекемдиги. Ар бир жараткан ырын кагазга түшүрө албаса да, көңүлүндө түйүп калып, жатка айтып жүргөнүнө таң каласың.

Анда эмесе, таланттуу инсандын айрым ырлары менен окурмандарды тааныштыра кетели.

Жердигинен ниети таза, адамдарга дили ак эже бүгүнкү оор заманда оюн ыр менен термеп, адамдарды өзүндөй ак ниеттүү, адал пейилдүү болууга, байлык-бийликке  берилбей, адам көңүлүн оорутпай,  жашоодо берилген бир өмүрдү бекер өткөрбө.., – деп кайрылат замандаштарына.

Адамдарга кайрылуу

Адамдар, силерден суранарым,

Ак сүйлөп, калыстыкты айткылачы.

Көралбас, ичи тар, ушакчыдан

Ар дайым алыс жүрүп качкылачы.

Адамдар, силерден суранарым,

Төрөпейил, мансапкор болбогула,

Байлык, бийлик–колдун кири, ойлогула.

Гүлдөн назик адамдын көңүлүнү,

Капа кылып, оорутуп койбогула.

Адамдар, силерден суранарым,

Жашоого бир берилген бул өмүрдү,

Куру бекер өткөрүп койбогула.

Өтөт бир күн өмүрүң бул жашоодон,

Өрнөктүү из калтырууну ойлогула.

«Окуучуларымды көзүм менен көрө албасам да, алардын ар биринин жашоосун, эмгегин, ийгилигин кулагым менен угуп, жүрөгүм менен туюп, төбөм көккө жете сүйүнөм, сыймыктанам. Демек, менин 17 жылдык эмгегим текке кетпептир да…» деп, бир аз ойлуу боло калат да,  окуучуларына арналган мына бул ырын шурудай тизип айтып жиберет:

Окуучулар, силер – менин көзүмсүңөр,

Эл алдында сүйлөнөр сөзүмсүңөр.

Келечекте силерден сезип турам:

Бириң чечен, бириң чебер, эмгекчил

Кудум эле менин дал өзүмсүңөр.

Чебер элдин уз кызы

Ата-бабаларыбыздан мурас катары калган кол өнөрчүлүк, анын ичинде кыз-келиндердин уздук өнөрү тууралуу  айтып да, жазып да түгөтө албайсың.

Алыс-жакын жерге «Лейлек килеми» деп атагы чыккан ажайып килемдер да элдин арасынан чыккан уз кыз-келиндеринин  колунан жаралган.

Мугалимдик кесип менен бирге табийгатынан ар нерсеге шыктуу жаралган Алима Жороева чеберчилик өнөрү менен да Лейлек жергесинин тарыхында көөнөрбөс эмгектерге ээ. Анын колунан токулган килемдер, саймалар, жабдыктар башка эмгектерден бир топ өзгөчөлөнүп турат, көргөндүн көз жоосун алат.

Эже адабиятчы мугалим болгон үчүнбү, табийгатынан жан дүйнөсү бай жаралганынанбы, айтор, ар бир жасаган эмгегин белгилүү бир тематика, мазмундуу фантазия менен жарата билгендиги аркылуу өз чөйрөсүндөгү башка чебер-уздардан өзгөчөлөнүп турарын айтсак да аздык кылат.

Чебердик, уздук жөнүндө Алима эже менен сүйлөшкөндө, ал төмөнкүлөрдү айтып берди: «Мен кол өнөрчүлүккө бала кезден эле кызыкчумун. Бул өнөр мага менин энемден калган, табияттан берилген. Энем Жумагүл уз, чебер аял болгон. Терини ийге келтирип, булгаары тери дедирген. Алтымыш жиптик ай көчөт, токсон жиптик тор көчөттүн, курак куроонун, саймачылыктын сырларын, баарын тең мен энемден үйрөндүм.

Кол өнөрчүлүк боюнча райондун маданият борбору менен биргеликте 30 жылдан ашык бирге иштедим. Ар бир райондук, облустук кароо-сынактарга тематикалык даярдык менен келип жүрдүм. Ар бир жасалган буюм-тайым өз-өзүнчө сюжетке ээ. Бир канча сыноолордон улам, 1995-жылы Талас шаарында өткөн «Манас – 1000» мааракесине катышууга укук алдым. Бул мен үчүн чоң сыймык да, жоопкерчилик да болду. Ошол чоң мааракеге катышып, Кыргызстандын бир тамчысы болгон Лейлектин сайма, килем, оймо, курак  ж.б. буюмдарын жалпы кыргыз элине гана эмес, чет өлкөлөрдөн келген конокторго да тааныттык».

Дал ушул жылдын август айында Алима эженин көзү катуу ооруп, операциядан кийин көзү азиз болуп калат. Эженин өз оозунан тагдыры, ден соолугу, эмгектери жөнүндө угуп отуруп, анын чыныгы патриот, эрктүү, мээнеткеч инсан экендигине көзүм жетти. Чынында, ботодой жайнаган эки көздөн бир заматта ажырап, ишке жарабай отуруп калгандан кыйын нерсе жоктур. Бирок, эже тагдырына моюн сунуп, үйдө отуруп калган жок.  Өз айылындагы чебер колдуу аялдардан турган топ уюштуруп, эми аларга өзүнүн кеп-кеңештерин айтып, Лейлек кол өнөрчүлүгүн жандандырууга киришти. Өзү да куру бекер отурбай, килемдер үчүн эриш ажыратып, жиптерди түрүп бергенге кол кабыш кылды.

Эженин колөнөрчүлүк эмгегине швецариялык “Babushka adoption” фонду абдан кызыгып, бул иштин алдыга жылышы үчүн кредитке акча берген жана алардын колунан жасалган буюм-тайымдарын жогору баалап, «Лейлек килемдери» деген ат менен түстүү журнал чыгарган.

2-группадагы майып болгонуна карабастан, табийгат берген талантын өчүрбөй, жашоо үчүн күрөшүп жасаган ар бир эмгеги менен Алима эже чоң жеңиштерди жаратты.  2005-жылы март айында өткөрүлгөн «Бүткүл дүйнөлүк көзү азиз аялдардын конгрессине» катышты. Ошол эле жылы «Кыргызстандын көзү азиз аялдарынын комитетине» мүчө болуп кабыл алынып, мында да өзүнүн түрдүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган.

Анан да, Алима Жороева эжебиз пенсионер экендигине карабастан, өзү иштеген мектептин алдыңкы эки классына 4 жыл бою демөөрчүлүк кылып, чейрек сайын 100 сомдон 200 сом акчалай стипендия берип жүргөндүгүнүн өзү анык патриоттук эмей эмне!

Соңку сөз

«Жашоо – күрөш». Ооба, бул күрөштө ким эрктүү, эмгекчил, кайраттуу, жөндөмдүү болсо, жеңишке ээ болот. Ал эми биз жогоруда сөз кылган Алима Жороева эже дал ушул сапаттарга эгедер инсан экендигине жогорудагы кыскача баяндама аркылуу аздыр-көптүр күбө боло алабыз деп ойлойм.

Асылзаада эне, алдыңкы педагог, чыгармачыл инсан, чебер аялзаты Алима Жороевага бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо тилеп, өрнөктүү адам катары сый-урматта кадырлап жүрөлү деген тилекти айтып, эженин жан дүйнөсүнөн чыккан төмөнкү ыр менен сөзүмдү жыйынтыктайм.

                             Өкүнбөйм              

   Таарынбайм тагдырдын салганына,

   Өкүнбөйм көзүм азиз болгонуна,

   Көкүрөк, акыл менен туюп баарын,

   Сезимим күндөн-күнгө толгонууда.

   Өкүнөм бул жашоодо кээ адамдын

   Жан дүйнөсү жарды, сокур болгонуна!

Батмахан АБДУХАМИДОВА,

  И.Арабаев атындагы КМУ,

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент,

балдар жазуучусу, Тоголок Молдо атындагы

республикалык балдар адабияты сыйлыгынын лауреаты