Жетекчибиз Кубат Чекировдун “топ жарган” деген бир жакшы сөзү бар, мен жалпы аялзатынын майрамынын алдында ошол топ жарган кызыбыз Чолпон Кийизбаева жөнүндө жазгым келди. Анын жүйөлүү үч себебин төмөндө айтып берейин.

Быйыл Чолпондун колуна дипломун алып, “Кут Билимдин” босогосун аттаганына туура 20 жыл болуптур. Ал өзү айткандай, “көзүн ачып көргөн” жамааты ушул – “Кут Билим” гезити. Редакцияда 1999-2004-жылдары ошол кезде журналисттерди даярдаган көзгө басар жалгыз устакана – Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктагандан бери иштеп келатат. Ушул мезгил аралыгында кандай жумуш болсо да так, жоопкерчиликтүү мамилеси, бардык нерсеге сергек караган жөн билгилиги менен улуу-кичүү арасында урмат-сыйга татыды. Айрыкча анын жаш болсо да көп нерсеге көзү жетик экендигине баа берем. Бул анын үй-бүлөсүнөн, ата-энесинен алган таалими, тарбиясы болсо, ишиндеги ийгиликтерин ал өзү “Мени журналист кылып “ийлеп чыгарган” – биздин баш редакторубуз Кубат Асангазиевич болду, эгерде мен башка жетекчиге туш болсом, журналист болорум күмөн эле”, — деп калат.

Негизи жаныңда жүргөн кесиптешиң, тууганың, досуң болобу, деги эле жакын адамдарың тууралуу жазуу кыйын, анткени мактаганым коошпой калбады бекен же жеткире айта алдым бекен деп кадимкидей убайым жейсиң. А бирок мен Чолпон кесиптешим жөнүндө тартынбай ачык айтып, мактай турган сапаттары, сыймыктана турган ийгиликтери арбын. Чолпондун бизди сүйүнткөн биринчи ийгилиги – “Кут Билим” медиа борборунун журналисттеринин арасынан илимдин алгачкы кандидаты болгондугу. Анын жетекчиси белгилүү публицист Абдылдажан Акматалиев экендиги да көп нерседен кабар берет. Дагы бир ийгилиги – 95 жылдык тарыхы бар “Эл агартуу” журналына баш редактор болгону, бул менимче, эң жаш редактор катары журналдын тарыхында кала турган факты.

Чолпон Кудайбергеновна кыргыз бермети Жети-Өгүздө төрөлүп, өскөн кыз. Чоң атасы жылкычы болгонун, аларга каралашып жайлоодо ат жалында ойноп чоңойгонун, үйдөгү кыздарга тиешелүү жумуштарга караганда, сырттагы чарба жумуштарын анча-мынча эркектерден артык аткарарын кеп арасында айтып калат.

– Үй-бүлөдө бир эркек, төрт кыз чоңоюп өстүк. Байкем улуу болгондуктан, ал шаарга кеткенден кийин айылдагы түйшүктүн баары биздин мойнубузга жүктөлгөн. Жайында чөп чаап, чөмөлө жыйнап, кышында мал карап, айтор, кандай жумуш болсо да атама кол кабыш кылар элек. Атам Кудайберген өзү кесиби боюнча мугалим болгондуктан, кыздарынын кийинки турмушуна көбүрөөк кабатырланса керек. Кыргызстан эле эмес, бардык КМШ өлкөлөрү кыйраган кайра куруу доорунда өздөрү кыйналганына карабай, баарыбызды жогорку окуу жайлардан окутту. Азыр ал үчүн аябай ыраазы болом. Мен мектепте окуп жүргөн кезимден эле активист болчумун, коомдук иштерди жан дилим менен аткарып, көп жерден жоопкерчиликти өз мойнума алганды жакшы көрчүмүн. Эми ойлосом ошонун баары тарбия, тажрыйба болот экен, азыр деле бир нече ишти катары менен аткарып, жыйынтыгына маашырланганда эс ала түшөм, — дейт күлүп.

Кыргызда улуулар кичүүгө акыл айтып, жол көрсөткөндү, анан да кичүүлөрдү жумшаганды жакшы көрөт эмеспизби, бул жагынан алганда биздин Чолпон “камчы салдырбайт”, көп нерселерди айттырбай билет. Кай бирде мага айткан ой-сунуштары жөндүү чыгып, ынанып калам. Бул анын мен жактырган сапаттарынын бири.

Илим менен теорияны бирдей билет

Ч. Кийизбаева И.Арабаев атындагы КМУда филология багыты боюнча магистратурада окуп, эссе жанры боюнча магистрлик ишин коргогон. Дээрлик 20 жылдай “Кут Билим” гезитинде жогорку окуу жайлар бөлүмүн жетектеп келди. Былтыр аны зор ишеним менен “Эл агартуу” журналынын башкы редакторлугуна көрсөткөндө, туура тандоо болгонуна баарыбыз кубанып, кубаттадык. Мындан эки жыл мурун “Аалы Токомбаевдин публицистикасы” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогондо дагы бир кубандык.

Ал теория менен практиканы мыкты айкалыштыра билген тажрыйбалуу журналист жана окутуучу. “Эки тизгин, бир чылбырды” колго алып адегенде И.Арабаев атындагы КМУнун басма сөз катчысы, кийин ошол эле жогорку окуу жайынын чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде окутуучу, ага окутуучусу болду. Аны менен бирге иштеген кесиптеши ф.и.к., доцент Шарапат Искендерова мына буларга токтолду.

– Студенттерге билим берүү, айрыкча, дайыма кыймылда, жаңылануу менен өсүүнү талап кылган журналистика тармагында иштөө – бизден ар тараптуулукту, эң негизгиси, учур менен шайкеш келген заманбаптуулукту талап кылат. 15 жылдан ашык педагогикалык ишмердүүлүктө үзөңгүлөш келаткан кесиптешим катары Чолпонду ошондой талаптарга шайкеш келген, заманбап, эмгекчил окутуучу деп билемин. Өз кесибинин чыныгы күйөрманы катары студенттерди журналисттик кесипке шыктандырып, ар кандай жолугушуу, семинарларга алып барып жаны маалыматтар менен бөлүшүп турат. Ал жагынан биздин кафедрадагы жаштарга үлгү деп айтса болот.

Анын иштеп чыккан бир нече окуу-методикалык куралдары, жазган илимий макалалары бар. “Кыргыз журналистикасынын тарыхы”, “Журналисттик иликтөө” ж.б. бул колдонмолору сабак берүүдө кеңири пайдаланылат.

Чолпон өтө намыскөй айым. Ал кандай ишти колго албасын, баарын майын чыгарып аткарат, кыйынчылыктан коркпойт, мындай адамдарды “чалгынга бирге барса болот” деп коюшат эмеспи, мен ушундай кесипкөй, намыскөй, ишенимдүү адам менен үзөңгүлөш иштеп келатканыма сыймыктанам, — дейт Шарапат Абыловна.

Чолпон Кудайбергеновнанын окутуучулук чеберчилиги тууралуу анын мурдагы студенти, азыркы кесиптеши Айгерим Токтобаева да пикирлери менен бөлүштү.

– Чолпон эже 1-4-курстарда биздин кураторубуз болду. Биз аны окутуучубуз эмес, бир тууган эжебиздей көрчүбүз. Ал биздин көз карашыбыздан эле жан дүйнөбүздө эмне болуп жаткандыгын билип коёр эле. Өзүнүн жашоосунда болуп өткөн окуяларын мисал кылып, кеп-кеңештерин айтчу. Биздин ортобузда сыр болчу эмес. Кандай гана көйгөй, кыйынчылык болбосун, баарын ишенип айта алчубуз, акырында аларды бир заматта кантип чечип койгонун өзүбүз да аңдабай калчубуз. Менимче, ар бир жетекчи жана окутуучу ушундай ишенимдүү мамиле курууга жетишүүнү кыялданса керек деп ойлойм.

Эжебиз менен эс алууга көп чыктык. Бош күнүбүз болсо эле чогулуп, жаратылыш койнуна кетип калчубуз. Эжебиз биз эмне жасасак кошо жасап, биз жегенди жеп, айтор, өзүн биздин “толкунда” алып жүргөндү билчү. Ошол үчүнбү, биз эжебиздин сабагын күтчүбүз. Айрыкча сабактарда теорияга эмес, практикага басым жасаганы бизди аябай кызыктырар эле.

Эжебиз бизге журналистиканын эле эмес, жашоонун да сырларын үйрөттү. Биз андан жөнөкөйлүк, позитив, адамгерчилик, кесипкөйлүк сапаттарды үйрөндүк, — дейт Айгерим.

Билим берүүнүн отличниги, бир катар ардак грамоталардын ээси, көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү, уулу Актилектин мээримдүү энеси, өмүрлүк жолдошу Нурадилдин жароокер жары, кесиптешибиз ф.и.к. Чолпон Кийизбаеванын алдыда дагы багындыра турган бийиктиктери, аша турган далай ашуу, белестери, ала турган сыйлыктары арбын экенине бекем ишенебиз жана ошону чын ниетибизден каалайбыз.

Макаланын автору Айнагүл КАШЫБАЕВА
Булак: “Кут Билим”